Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Түштүктөгү талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүүдө улуттук азчылыктын пикири эске алынышы керектигин БУУ баш болгон эл аралык уюмдар билдиришүүдө. Кыргыз тарап болсо көп кабат үйлөр курулса бир улут басымдуу кылган көчөлөр азайарын айтып жатат.

Бүгүнкү күндө Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, суук түшкөнгө чейин талкаланган турак жайларды куруу башкы маселе болууда. Ушул багытта иштеген атайын дирекция аталган аймактарга кыргыз-өзбек улуттары аралаш жашоочу көп кабаттуу үйлөрдү куруп, бир улут басымдуулук кылган айылдарды азайтуу зарылдыгын белгилеп жатат. Ошол эле кезде өзбек тектүү айрым тургундар көп кабаттуу эмес, мурдагыдай эле маале болуп жашоону туура көрүшөрүн айтышууда.

Ош шаарына заманбап көп кабаттуу үйлөрдү куруу идеясы көптөн бери эле айтылып келаткан. Бул 1998-жылы эле бекитилген Оштун генералдык планында да көрсөтүлгөн менен ар кандай себептерден улам бул ишке ашпай келген.

Адистердин айтымында, шаардагы турак-жай фондусунун 70 пайызын жер тамдар түзүп, алар экологиялык жана курулуш нормаларына да жооп бербейт экен.

Мелис Мырзакматов

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов шаарга көп кабаттуу үйлөрдү курууну колдой турганын жана ага аракеттер көрүлөрүн белгиледи. М.Мырзакматов ошол эле учурда Орто Азиядагы байыркы шаарлардын бири болгон Оштун жаңы келбетин түзүүдө анын архитектурасы да эске алынарын кошумчалады.

- Ош мэриясынын көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча позициясы катуу. Аны колдойбуз. Экинчиден, өткөндөгү окуялар көрсөттү, аралаш кварталдарда эч кандай кагылыш, жаңжал болгон жок. Демек мындан кийин да биз ушуга аракет кылышыбыз керек. Ош шаарынын башкы планында да бар болчу, азыр да биз ошону киргизип жатабыз.

Ал эми Кыргызстан илимий изилдөө институтунун Турак-жай, коомдук жайларды түзүү бөлүмүнүн жетекчиси жана түштүктү калыбына келтирүү боюнча башкы планды түзүүчүлөрдүн бири, архитектор Рысбек Кокоев Ошко үч кабаттан баштап 18 кабатка чейин турак-жайларды курууга техникалык мүмкүнчүлүк бар экенин айтат.

- Ошто техникалык жаракалар бар деп айтылып жатпайбызбы. Ал жерлерге үй салса болбойт деген жоболор жок. Эгер технологиянын бардыгын сактаса болот. Негизинен долбоор боюнча үч типтеги үйлөр салыныш керек. Биринчиси, үч кабатка чейин, короолору менен үйлөр, экинчиси, беш кабаттуу, анан шаардын кире бериши жактарга 9-12-18 кабатка чейин турак-жайларды курууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте бул жерде тарыхый жагы да эске алынат.

Деген менен Бириккен Улуттар уюму түштүктөгү коогалаң орун алган аймактардагы азчылыкты түзгөн улуттардын пикири эске алынышы керек деген кабатырлануусун билдирип жатат. Алар ушундай мазмундагы катты өлкө президенти Роза Отунбаевага да жөнөтүшкөн. Анда өзбек тектүүлөрдүн маданий жашоо образына тоскоолдук жаралышы мүмкүндүгү, алардын мурдагыдай эле маалелерде жашоону каалары белгиленген.

Талкаланган имарат

Мына ушундай билдирүү боюнча БУУнун качкындар боюнча комиссариатынын өкүлү Барак Балуч жергиликтүү массалык маалымат каражаттардын бирине мындай деген:

- Биз айрыкча Ошто жергиликтүү калк менен сүйлөшкөндө алар өкмөттүн планы тууралуу айтууда. Алардын айрымдары көп кабаттуу турак-жайдын ордуна мурдагыдай эле жалпак тамдарда жашагысы келет. Ошондуктан алардын ою жана адаты эске алынуусун суранып жатышат. Ар кандай чукул кырдаалда, элдер үй-жайын жоготкон учурда жергиликтүү тургундар менен кеңешип ишке ашырышы керек. Биз тандоо мүмкүнчүлүгүн бериш керектигин айтар элек.

Архитектор Р.Кокоевдин айтымында, Ош шаар деп аталган менен айрым жерлери шаардын талабына жооп берчү эмес. Мына ошол себептен да кандуу коогалаңда Ошто бир топ үйлөр өрттөлүүгө дуушар болгон.

- Үйлөрдүн эң жаңысы эле өткөн кылымдын 50-жылдары болуп жатпайбы. Өрт коопсуздугу деген бар, ал сакталган эмес. Көчөлөр болсо тар. Аны да эске алыш керек. Ошто борборун гана шаар деп атаганга мүмкүнчүлүк болгон. Шаардын өзүнүн талабы бар да, андай талаптарга Ош шаарынын айрым жерлери жооп бербейт да.

Ал эми Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссариатынын өкүлү Нуриана Каратбаева аталган уюмдун “турак-жайларды куруу жана адамдарды жайгаштырууда адам укуктары, азчылыкты түзгөн калктын укугу бузулбаса” деген турумун билдирди.

Талкаланган көчө

Айрым серепчилер дал ошол жапыс, жалпак үйлөрдүн эсебинен Оштун тарыхый, маданий турмушу чагылдырылып келген деген пикирлерин айтып келишет. Ал эми жаш архитектор Кайназар Алтымышов болсо жаңы, заманбап үйлөрдү куруу менен аларга Оштун байыркылыгын, өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтчү элементтерди кошуу мүмкүн экенин ырастайт. Ошондой эле ал көп кабаттуу турак жай курууда Оштун жаратылыш өзгөчөлүгүн да эске алуу зарыл деп эсептейт:

- Кыргыздын маданий, тарыхый архитектуралык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бирге жаңы элементтерди киргизсе болот. Ошондой эле курулуш материалдарга көп көңүл буруш керек. Ошол эле учурда экономикалык жактан да оор кырдаал учурда мындай чоң долбоорлор арзан болушуна шарт түзүш керек. Азыркы шартта архитектуралык курулуш технологиялар мындай мүмкүнчүлүктү бере алат. Алсак бетондун жаңы түрлөрү чыккан. Алар бекем, анан жеңил келет. Ошондой эле темир конструкцияларынын да жаңы түрлөрүн колдонуу зарыл. Мындан сырткары нанотехнологияны колдонуш керек. Мисалы, күн панелдерин чатырларга койсо экологиялык таза электр энергияны иштеп чыгат жана экономикалык жактан да арзан түшөт. Ушул сыяктуу технологияларды пайдаланууга жакшы шарттар түзүлүп жатат.

Анткен менен маданий чөйрөнүн өкүлдөрү маданиятты көтөрмөйүн деги эле экономикада, саясатта өсүш болбой турганын белгилешүүдө. Бул тууралуу 28-июлда өткөн маалымат жыйынында Маданият министри Садык Шер-Нияз айтып чыкты.

Ал эми Ош шаарынын тургундарынын бул боюнча ойлору да ар кандай болууда. Айрымдары көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аралаш жашоо жакшы десе, айрымдары мурункудай жапыс үйлөрдө эле жашоону туура көрөт.

Нургүл Бердибаева: Шаар го кооз болуш керек. Кыргызстандын кооз болгону жакшы да. Көп кабаттуу үйлөр курулса болот. Бирок азыр ушунча нерсени көргөндөн кийин кооптонуулар жок эмес. Бирок жакшы да, жаман да өзбектер бар. Алардын жакшысын деле көрдүк.

Бохадыр Сендебаев: Бул жакшы да. Элди да аралаштырып анча-мынча. Ошондо өзбек, кыргыз, орус жана башкалар чогуу ынтымак болот деп ойлойм. Шаар болгондон кийин көп кабаттуу үйлөр курулуш керек. Эми турак-жайды сапаттуу куруш керек.

Шерзод: Биздин өзүбүздүн жерлерге көп кабатуу үйлөрдү куруунун кереги жок. Биз кышка чейин өз үйүбүздү гана калыбына келтирип алсак деп турабыз.

Ош шаарынын мэри бүгүнкү күнү биринчи кезекте коопсуздук маселелери турарын белгилөөдө. Ал мунун жолун көп кабаттуу үйлөрдү куруп, ар кайсы улуттун өкүлдөрүн аралаштырып жашоодон көрөт.

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад аймактарын калыбына келтирүү боюнча дирекция талкаланган үйлөрдүн 80% калыбына келтирүүгө жараксыз деп билдирди. Жаңжалда 2500дөй турак-жай жана 300гө чамалуу соода түйүндөрү, ондогон мамлекеттик жана тейлөө мекемелери жабыр тартканы кабарланууда. Чыгымдарды эсептөө үчүн атайын түзүлгөн комиссия буларды калыбына келтирүү үчүн жалпысынан 2,5 миллиард сомдон ашуун каражат керектигин эсептеп чыгышкан

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG