Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Ош окуясы ишкер айымдарды азапка салды


Саламат Исакова күйгөн үйүнүн алдында, 23-октябрь, 2010-ж.

Саламат Исакова күйгөн үйүнүн алдында, 23-октябрь, 2010-ж.

Ошто соода-сатык менен күн коргөн айымдардын айрымдары бизнеси бүлүнүп, бүгүн жалаң гумжардамды карап калды. Башкалары кайра соодасын тикелөө менен алек.



Саламат Исакованын жашоосу бир топ тың болчу. Улуттук кийим-кечек, курак төшөк, жууркан жасап, Казакстанга чейин сатчу. Эки баланын энеси үйүндө чакан цех иштетип, тапкан акчасына үй салып жаткан, уулун университетте окутуп, эки небересине каралашчу. Соңку коогалаң анын турмушун бир заматта үстүн-астын кылды:

- Айына 5 миң сом кирешеден баштагам. Бара-бара 50 миң, 70-80 миң сомдон болгон кирешебиз кийин 150 миңге чейин чыккан. Тикмечилерди иштетип, айлык төлөп турчум. Ал бизнесимен айрылдым. Үч жыл мурда үй куруп баштагам, ал да бүтпөй калды.

Бир тарабында коңшусунун үйүндө, анын каршысында өзүнүн үйүнүн курулушунда жумушчулар ылай чылап, бышкан кирпич ташып жүрүшөт.

Кыйраган бизнес

54 жаштагы Исакова Тажикстанда төрөлгөн, алты жашында ата-энеси менен Кыргызстанга көчүп келген. Бухгалтер болуп иштеп жүрүп, сегиз жыл мурда үйүндө цех ачкан:

-
Саламат Исакованын тонолгондон калган тигүүчү машиналары күйүп кеткен.
Аз дегенде 3-4, көп дегенде 10-15 тикмечи иштечү. Кыздын себине оокат-кечек тикчүбүз. Көбүрөк болгондо Бишкекке, «Дордой» базарына алып барчумун. Казакстандан да кардарларым көп эле, менин товарларымды сапаттуу деп баалашчу. Алардын визиткалары бүт күйүп кетти. Кийим тиккен жети машинам бар эле, төртөөнүн калдыктары чыкты, калгандарын тумбалары менен кошо көтөрүп кетишкен.

Короонун төрүндө өрттөлгөн үйдүн дубалдары карарат. Бакчада жалбырактары саргайган жүзүмдүн ийри-буйру бутактары аркаят. Оту өчкөн очокто жетимсиреген бош казан. Бозала чаң болгон короонун ортосунда Бириккен Улуттардын качкындар агенттигинин мөөрү басылган ак палатка.

Аман калганга шүгүр

Ийнине жеткен тармал чачын жарашыктуу жасаткан, кара плащчан Исакова коогалаңдын алгачкы күнүн эскерди. 10-июндун түнү аны короо толтура коноктору менен кошо өзбек коңшулары кантип сактап калганын кийин гана билет:

- 10-июнда Бишкектен, Нарындан кудаларыбыз көзү өтүп кеткен чоң иниме куран окутканы келишкен. Кечинде кошуналарды чогултуп, баарын куран окутууга киргизгенбиз. Тогуз-ондордо туугандар менен кеч болду деп жата турган болдук. Ошол мезгилде жогорку көчөдөн сүрмө топ келип, бизге кол салмак болгон экен. Ошондо биздин гүлчөлүк өзбек коңшуларыбыз аларды кармап калыптыр. Муну биз эки айдан кийин гана билдик.

Ош шаарынын чет жакасындагы коогалаңда айрыкча кыйракан болгон Шарк айылынын бул көчөсүндө кыргыз, өзбек аралаш жашайт. Коогалаңдын экинчи күнүндө анын 19 жаштагы уулу коңшу өзбектердин эки үйүн сактап калганга жардамдашат. Бирок тез эле туш келди кол салуулар башталат:

- 10-июнда биздин кудалардын машинасынын терезелерин талкалашат. Комок иштетчүбүз, анан жүктү ташып келаткан машинаны талкалашат. Бул күнү биздин көчөдө жашаган өзбектер бүт качып кеткен, биз билбей калып калганбыз.

Күн сууктап, жайкы чатырда жашоо мүмкүн болбой калгандыктан, Исакова бир бөлмө батирди ижарага алып, уулу, бир небереси ошол жакка кетти. Курулушка баш-көз болуп жүргөн маектешибиз баянын мындайча улантты:

- 11-июнда тамдын чатыры аткыланды. Эки ок тийди. Ошондо биз «болбой калды экен» деп, жакын жердеги көп кабаттуу үйгө качтык. Ал жерде бир күн курчоодо калдык. Эртеси бала-чака, катын-калач менен Отуз-Адыр айылына жеткиришти. Эркектерди алып кете турган болгондо согуштук мылтыктан ок атылган. Менин балама чачма ок тийген, буту кайрылган. 14-июнда "Хизб-ут-Тахир" уюмуна мүчө болгон коңшу бир киши биздин үйдү тоноп, өрттөгөн.

Ишкер айым өрттөлгөн үйү үчүн өкмөттөн 200 миң сом жеңилдетилген карыз алган, бирок айрым коңшуларындай ага эл аралык уюмдардан курулуш материалдары түрүндө кошумча жардам болгон жок. Ишкердүүлүк жаатында да жарыбаган жардам берилген.

Ошто баалар өскөн, соода солгун

Саламат Исакова азырынча өз ишин кайра баштоону ойлогон жок. "Буга психологиялык жактан да даяр эмесмин",-дейт ал.

Ошто кафелердин көбү эрте жабылат же иштебей турат. Октябрь, 2010-ж.
Бүгүн Ошто өрттөлгөн ири соода комплекстери калыбына келе элек. Иштеп жаткан соода түйүндөрүндө баалар кымбат. Оштун Навои көчөсүндөгү "Пекин" мейманканасынын алдындагы базарчада киши котолойт, ал эми мейманкананын капталындагы чоң соода дүкөнүндө аларман жокко эсе. Дүкөндөгү бир кардардын айтымында, баалар жайдан бери 30 пайыздан 50 пайызга чейин өскөн.

- Күнүмдүк колдонуучу техника, кир жууган машина кымбаттады. Мен мурда 17 миңге алган LG кир жуугучу азыр 23 миң сом болуп калды. Магазиндер таланып-тонолду. Азыр товар келе баштады, бирок келгенде да конкуренция жок болгондуктан, кымбат баа коюшат, анын үстүнө банкрот болгондор өз чыгымдарын жабуу үчүн үстүнө кошуп сатышат.

Кыргызстанда баалар жыл башында ал кезде Бакиевдин өкмөтү электр, газдын баасын кескин көтөргөндөн баштап өсүп кеткен. Бакиев кулады, бирок баалар түшкөн жок. Ал эми түштүктө июнь коогалаңынан кийин колунан келгендер көчүп кетти, ошондуктан шаарда бүгүн турмуштан кыйналгандар көбүрөк экендигин элестетүү кыйын эмес.

Гумжардамдан башка жардам жок

Талкаланган же өрттөлгөн базарларды биротоло жаап салуу чечими миңдеген майда соодагерлерди нансыз калтырды. Башкаларын өз кесиптештери эле сүрүп чыгарышкан. Андай аргасыз иши жок калгандардын бири - Халида. Ал 33 жашта, күйөөсүнөн эрте калып, азыр эки баласы менен энеси колунда. Жарым жылга чукул убактан бери жумушсуз, жалаң гумжардамды карап калган. Узун этек көйнөк кийген, чарала жоолугун ээгинин алдына байлап алган келин азыркы кездеги абалын айтып отурса, көзүнө жаш кылгыра калды:

- Үйдө отура албайм, тез нерв болом. Бир жерде иштесем болот эле. Меним ишимде азыр башка адамдар иштеп жатат. Базарда соода кылчумун. Ордумду тартып алышты. Кайра барган жокмун. Башка кыздар барса, киргизбей коюшуптур. Кыргызча таза сүйлөгөнүмдүн себеби курбу кыздар кыргыздар болчу. Биз өзүбүз Алайдан болобуз.

Үмүттүү Ханифа

Бүгүн Ош тургундары колдон келсе көзгө көрүнбөгөн этникалык чек арадан чыкпоого аракеттенет. Шарк айылынын экинчи тарабында курулуш иштери менен катар соода да акырындап жандана баштаган. Эки чоң көчөнүн кесилишинде жайгашкан бир үйдө мурда чоң дүкөн болгон. Азыр дубалдары гана калган дүкөндүн алдында калың жоолук салынып, алжапкыч тагынган орто жаштардагы аял соода кылып отурду. Ал өзүн Ханифа деп тааныштырды.
Ханифа күйгөн дүкөнүнүн алдында соода баштады, октябрь, 2010-ж.

Ханифа беш баланын энеси, азыр тапкан акчасына үй куруп жаткан усталарга тамак-аш жасап берет:

- Эч болбосо усталарды багайын деп соода кылып отурам. Соода аздап жүрүп жатат.

Айылда азык-түлүк тартыш болгондуктан, соодасы жакшы жүрүп жатса керек, маектешибиздин көңүлү көтөрүңкү. "Керегим маалеге да тийип атат" деп күлдү.

Машинасы жок болгондуктан, Ханифа кичүү уулу экөө такси менен кап-кап азык-түлүктү чоң базардан ташып келет. Күйөөсү Орусияда иштейт. Дүкөнү менен кошо эки жыл мурда жаңы бүткөн үйү толугу менен өрттөнүп кеткен. Короону тегерете салынган үйлөрдүн бир тобу бышкан кирпич менен кайра курулуп жаткан экен. Жумушчулар эки бөлмөлүү үйдүн үстүн жаап бүтүп калышыптыр. Терезе, эшиги салынса, кышты ушул жерден өткөрүп, калганы кийинки жылы бүтөөр деп канимет кылып турган чагы.

- Мына бул жерде эки бүлө жашайбыз. Бизде жети киши, кайын агамдар сегиз киши, алардын бир кызы майып, бир короодо бардыгы 13 кишибиз. Чоң үйдү жазда бүтүрөбүз деп жатышат. Жазга жетсек деп турабыз.
XS
SM
MD
LG