Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Укук коргоочулар түштүктө штаб түздү


Түштүктөгү кырдаал, укук коргоочулардын аракеттери тууралуу “Азаттыкка” “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова маек курду.

- Учурда абал кандай болуп жатат? Жарашуу аракеттери көрүлө тургандыгы айтылган эле. Ушул туурасында айтып берсеңиз?

Төлөйкан Исмаилова: Азыр жарашуу аракети бар. Бирок аз болуп атат, бирок мунун башталганы бизди аябай сүйүндүрүп атат. Кечээ күндөн тарта ар кайсы кичи конуштарда, махаляларда, көчөлөрдө ошондой демилге болуп атат. Бирок бизди тынчсыздандырган нерсе – качкындар үчүн убактылуу лагерь уюштуруш керек. Анткени азыр миңдеген адамдар Жалал-Абад, Ош жактан качып атышат. Коопсуздук маселеси аябай оор турат.

Экинчи жагынан жабык махалялар бар. Ысык күнү толгон-токой өлгөн кишилерди да чыгаралбай атабыз. Азиза Абдрасулова баш болгон 11 укук коргоочу болуп, азыр И.Исаковго кирип, Роза Отунбаева менен кабарлашып, укук коргоочулардан, журналисттерден турган штаб түзүп атабыз.

Өзбек өнөктөштөрүбүз менен бирге махаляларга кирип, гуманитардык жардам көрсөтүп, өлгөн адамдарды чыгарып, прокуратура менен иштеп, маалыматты так берип атабыз. Анткени кыргыз болобу, орус болобу, өзбек болобу коменданттык саатты, мыйзамды аябай жакшы кармашы керек. Тез чараларды көрбөсөк коопсуздук маселеси аябай кыйын болуп атат.

Үчүнчүдөн, окуялар башталганда жер төлөөлөрдүн алдында жабылган адамдар көп, аларды чыгарыш керек. Ошондой практикалык иштерди жасап атабыз. Мына азыр махалялардын ичине жана жабык пунктарды ачканга кетип атабыз.

- Жараштыруу боюнча маалыматты айттыңыз, азыр кимдер жараштыруу иштери боюнча иштеп жатышат?

Төлөйкан Исмаилова: Сүйлөшүүлөр аябай жакшы болуп атат, башталды. Махалялар ачылгандан бери кечке дейре тынчтык орнотуучу топтор болду. Биз азыр баарын айта албайбыз, анткени көп демилгелер пайда болду. Үчүнчү жактан Жылдыз Жолдошева баштаган 300 айым азыр ошол маселелер боюнча чукул тез иштерди жасап, азыр да иштеп атышат.

- Шаарда ок атышуулар токтоп калдыбы?

Төлөйкан Исмаилова: Токтоп калды. Ош бүгүн жакшыраак, түн да жакшы болду. Бирок Жалал-Абадда абал жаман болуп атат. Сузак, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Ноокен, Кочкор-Ата жана Маданият, Ташрабат, Өскө, Достук чек араларында абал өтө оор болуп атат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG