Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаеванын кайрылуусу


Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн (11-июнь) эртең мененки саат 7де Улуттук Биринчи канал аркылуу Ош шаарында түндө болгон тополоң боюнча түз ободо кайрылуу жасады.

Урматтуу мекендештер! Бүгүн түнү Ош шаары жана Кара-Суу районунда адамдардын курмандыгына алып келген жаштар топторунун массалык кагылышуулары болду. Бул убакта акыркы бир нече жумадан бери түрдүү топтордун ортосунда мамиле кыйла курчуп келген.

Акыркы маалыматтарга ылайык, кечээги башаламандыктарга турмуш тиричилик негиздеги айрым бир нече кагылышуулар түрткү болгон. Тилекке каршы, тараптар күч колдонуудан баш тарта албай калышты.

Болжол менен бүгүн түн жарымда Ош шаарынын борборунда арматуралар жана жыгач куралдар менен куралданган агрессивдүү маанайдагы жаштар чогула баштады. Азыркы учурда Ош шаарында беш адам курман болуп, кырктан ашык түрдүү деңгээлдеги жаракат алгандыгы тууралуу маалымат бар. Дагы бул маалыматтар такталып жатат. Он унаа өрттөлүп, Ош шаарынын борборунда бир нече соода мекемелери талкаланган.

Убактылуу өкмөт өткөн түнү шашылыш түрдө өзүнүн жыйынын өткөрүп, түнкү саат экиден тартып Ош, Өзгөн шаарларында, Кара-Суу, Араван райондорунда үстүбүздөгү жылдын 20-июнуна чейин кечки саат сегизден тартып таңкы саат алтыга чейин коменданттык саат белгилөө менен өзгөчө кырдаал киргизди.

Аталган аймактын коменданты болуп декрет менен ички иштер министринин биринчи орун басары Бакыт Алымбеков дайындалды. Учурда ал аймакта атайын өкүл, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков иштеп жатат. Ошондой эле аны менен бирге күч органдарынын жетекчилери Ош облусунда эртең менен эрте Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов учуп кетишти.

Биз колдонгон чаралардын натыйжасында деструктивдүү топтордун аракеттерин токтотууга жетиштик. Бул максатта асманга эскертүүчү ок атуулар колдонулду, бронетехника Ош шаарына киргизилди. Облустук филармонияны өрттөө аракети жасалып жатканда беш адам кармалды. Негизи чагымчылар азыр негизинен кармалып жатат.

Мындан тышкары оперативдүү чаралар көрүлүп жатат, Убактылуу өкмөт бардык ресурстарды ишке киргизип, бейпил тургундардын коопсуздугун толук камсыз болоруна ишеним билдирет.

Тартип коргоо күчтөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жогорку даярдык абалына келтирилип турат. Убактылуу өкмөттүн атынан Кыргызстандын бардык жарандарына өзгөчө Ош облусунун жашоочуларына тынчтыкты сактоого чакырам.

Урматтуу мекендештер! Провокацияларга берилбегиле, сабырдуулукту сактап, токтоолукту көрсөтүп, ачууга алдырбастан адамдардын курмандыктарга алып келүүгө мүмкүн болгон, ойлонулбаган кадамдардан сак болууга чакырам.

Убактылуу өкмөт Ош жана Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунун коменданттарын, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймагындагы укук коргоо органдарын жагдайды дестабилизациялоонун ар кандай аркетин токтотууга, күч колдонууга чакырган жарандар арасында касташууну жараткан чакырыктарга барган адамдарга карата мыйзам тарабынан белгиленген чараларды колдонууга укук берди.

Урматуу мекендештер! Ар бирибизден укмуштуудай сабырдуулукту, акылмандыкты талап кылынууда. Кагылышуудан тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөр жана жарашуулар аркылуу чыгуу ыкмаларын табышыбыз керек. Биз кандай гана болбосун ыйык Ала-Тоо жергесинде тынчтыкты жана бейпилдикти сактап калууга милдеттүүбүз.
XS
SM
MD
LG