Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Түштүктөгү окуяга эл түйшөлүүдө


“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар түштүктөгү кандуу тополоңго тынчсыздануусун билдиришип, калкты сабырдуулукка, ынтымакка чакырышып, тынч элдин ортосуна от жаккандарды тез арада таап, мыйзам чегинде жазалоо керектигин билдиришти.

Ош шаарынын тургундары.18-июнь, 2010-жыл.
Аскер ардагери Бейшебай Муратов:
Урматтуу мекендештер! Кара ниет күчтөр Кыргызстан элине улуттар аралык араздашууну туудуруп, эч жазыксыз бири-бирин кырууга дуушар кылып жатышына караламан калктын кабыргасы кайышып отурган кези. Алар демократиябызды тебелеп, үй-бүлөлүк уруулук башкарууну, коррупцияны, элдин байлыгын тоноону кайра калыбына келтирүүнү көздөшүүдө.

Биз кыргыздарды, өзбектерди, орустарды, дунгандарды, казактарды, татарларды жана башка көп улуттарды ушак айыңга, тукуруктарга алдырбоого, чагымдарга азгырылбоого чакырабыз. Ар бир атуул өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга салымыңыздарды кошкула!

Кыргызстандыктар эски режимди орнотууга жол жок! Кыраакы, көрөгөч болуңуздар!

Кочкор-Ата шаарынан Тажибай:
Түштүктө азыркы кырдаал курчуп, оор акыбалда. Бул кырдаалды токтотуунун жолун сунуштап кетейин. Биринчиден, сөздөрү өтүмдүү, кадыр баркы бар аксакалдарды, диний адамдарды жакшы жөрөлгө менен элдин алдына алып чыгыш керек. Алар калкка окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, сабырдуулукка чакыруу зарыл. Бул ишти токтотууга болбойт. “Эки тараптан бейкүнөө кан төгүлүп жатат. Мунун кимге пайдасы бар”,-деп элди ойлонууга мажбурласа, каршылашкан тараптар токтоп калышы мүмкүн.

Ош шаарынын Идирис Исаков:
Биз Оштон мындай нерселерге көңүл буруп жатабыз. Убактылуу өкмөт, комендант болгону 8 жерге блок пост коюп, ары-бери өктөн унааларды жакшы текшербей жатат. Ары-бери өткөндөр курал-жарак, жардыргыч зат салып жүрөбү - жакшылап текшериш керек.

Экинчиден, стратегиялык мамлекеттик маанилүү обьект дегендер бар да. Аларды коргоо мыйзамда каралган. Мисалы, Нефтебазаны басып алыптыр деген маалымат бар. Аэропортко баруучу жолду тосмолошуп, ээн-эркин өтүүгө болбой жатат. Мына ушундай маанилүү обьектилерди чечкиндүүлүк менен бошотуп, катуу кайтарууга алуу зарыл.

Үчүнчүдөн, түштүк аймакта “тополоң болот имиш, курал топтоп жатышыптыр” деген айың кептер мурда эле айтылып келген. Ошондой сөздөргө Коопсуздук кызматы эмне үчүн убагында көңүл бурган эмес? Эмне үчүн алдын-ала иштерди жүргүзгөн эмес? Армиябыздын кебетесин көрдүңөр. Убактылуу өкмөт чечкиндүү чараларды көрүп, күч структураларына профессионалдарды тартып, техникалык базасын тез арада чыңдоосу керек.

Ош шаарынын тургуну кичине баласы менен. 18-июнь, 2010-жыл.
Бишкек шаарынын тургуну Бердибек Жумабаев: Ушул тапта Борбордук Азияда дүйнөлүк дейбизби, эл аралык дейбизби мына ушундай кыйраткыч күчтөрүнүн планы боюнча түштүктөгү окуя болуп жатат деп ойлойм. Оштогу окуя кандайча, кимдер тарабынан болуп жатканын жалпы журт жакшы боолголой албай жатат.

Убактылуу өкмөт ушундай оор кыйынчылыктарга карабастан аракет кылып жаткан маалда Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго, Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевге кайрылат элем: “Сиздер айкөлдүк менен бул кыйынчылыктар кайдан, кандайча келип чыкканын баамдап көрүп, биздин мамлекетке сырттан эч бир аскерий күчтү алып кирбөөгө жана тынчтык орнотууга жардам бериңиздер”,-деп өтүнөм. Себеби биздин тайкы саясатчылар Кыргызстанга сырттан аскерий күч алып келүү демилгесин көтөрүп жатышат. Мен айтаар элем, эгерде сырттан аскерий күч киргизилсе Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготот.

Нарын шаарынын тургуну Бакыт Рысбеков: Кыргызда башына кыйын күн түшкөндө бириге калган улуу касиет бар. Ал үчүн ушул мезгилде сабырдуулук кылып, бардык маселени акыл-эс менен чечүүгө чоң күч керек. Мен эл-журтту ошол күчкө чакырат элем. Бүгүн таарынычты унута туруш керек. Бетме-бет отуруп сүйлөшүү жолу менен бардык көйгөйлөрдү чечиш керек. Мен боордош түштүктөгү кыргыз-өзбек туугандарга кайрылат элем: эгерде кандайдыр бир жардам керек болсо кайрылгыла. Колдон келген жардамды аябайбыз. Кааласаңар Нарынга кайрылгыла - үй-жай даяр, баш калкалатып алабыз.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG