Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Укук коргоочулар УКМКга каршы


17-августта укук коргоочулар адам укуктарын коргоо жана Улуттук коопсуздук комитетин реформалоо талаптары менен пикет өткөрөт.

“Кылым шамы” уюму пикет акциясын УКМКнын имаратынынын алдында саат тогузда өткөрөт. Бул иш-чара жөнүндө Биринчи май райондук акимчиликке алдын ала кабарлаган.

“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда пикетте террорчулука каршы күрөштө адам укуктарын коргоо жана УКМК системасын реформалоо талаптары айтылат.

-Учурда УКМК адамдардын укугун коргобой эле, саясий куугунтукка алуу, саясий лидерлерге кылмыш иштерин козгоо боюнча уста болуп калды. УКМК жабык структура болгондуктан алардын ишмердигин эч ким талдоого алып, сын пикирлерди айткан менен жыйынтык чыкпай келет. Алар экстремизм, террорчулук деген шылтоо менен эч кандай күнөөсү жок адамдарды камап, кестирип жиберүүдө. Эгер жарандар сот акыйкаттыгына ээ боло албаса башка укуктарды коргоо өтө кыйын. Сөз эркиндиги өтө чектелди, көз карандысыз телеканалдар жоюлду, эркин гезиттер жабылды, журналисттер куугунтукталып, сабалып жатат. Жарандардын эркин жыйындарды өткөрүүгө болгон укугу мурда аткаруу бийлиги тарабынан чектелип келсе азыр мыйзам менен чектелип калды. Саясий башпаанек сурап кеткен журналисттер, укук коргоочулар, саясатчылар көбөйүп кетти.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова адам укуктарынын коргоо акыркы кезде начарлап, бардык тармакта мыйзамсыздык күч алды, өлкө жарандары конституциялык укугунан пайдаланып тынч пикетке чыгып өз пикирлерин билдире албай калды деп кабатыр.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун баамында, бийлик тарабынан адам укуктарын коргоо жагында бир топ олуттуу кемчиликтерге жол берилгени менен алгылыктуу иштер да жасалганын танууга болбойт.

-Бийлик тарабынан адам укуктарын коргоо жаатында бир катар кемиликтерге жол берилгени менен эки-үч жылдан бери пикет, митингдер салтанат курду. Сөз эркиндиги күч алды. Ноокат окуясы боюнча өз пикиринди билдирип жүрөм. Атайын комиссияга жардам да берип жатам. Бийлик тарабынан эч нерсе жасалган жок деп бир жактуу айтууга болбойт.

Укук коргоочулар Ноокат окуясы боюнча терең анализ жүргүзүү зарылдыгын, диний талаптары менен чыккан жарандарга карата абдан эле катаал жаза берилип калганын белгилешет.

Мындай пикирлерге дин иштери боюнча мамлекетик агентиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев макул эмес. Анын айтымында Ноокаттагы баш аламандыкка катышкан адамдарга колдонулган жаза туура болгон жана бул окуяга айрым саясатчылар, укук коргоочулар саясый боек сүртүп жатышат.

- Ким болсо да мыйзам алдында бирдей болушу керек. Ал адамдар мыйзамды бузуп, биринчиден тыюу салынган уюмга мүчө болушса, экинчиден мамлекеттик имаратты бүлдүрүп-талкалашса, туура эмес иштерди кылышса эмне кылыш керек эле андан башка. Менин оюмча аларга бир нече берене боюнча туура эле жаза болду. “Хизб-ут-тахрир” деген биздин мамлекетте тыюу салынган уюмдардын тизмесинде да. Жанагы укук коргоочулар да өз укуктарынан аша чаап кетип, бул окуяга сайсый боек сүйкөп атышат.

Былтыр 1-октябрь - Орозо айт күнү Ноокатта майрамдык иш-чараларды борбордук аянтта өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тыюу салганына нааразы болгондор райондук мамлекеттик администрациянын имаратын таш бараңга алышкан.

Ошол күнү болгон тополоңго тиешеси бар делген 32 адам кармалып, алардын айрымдары 9, алды 20 жылга соттолгон. Арасында 16 жаштагы жетиле элек жаш бала да бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG