Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Шайлоодон кийин бир ай кечигип жаңы шайланган Жогорку Кеңеш 10-ноябрда ишин баштады. Анын биринчи жыйынына 120 депутаттан 92си гана катышты.

Талкууга адистер Бекбосун Бөрүбашев, Марат Казакпаев жана Кубатбек Кожоналиев катышты.

“Азаттык”:
“Ата Журт” партиясынын эки лидери дегеле келбей коюптур. Ушул фактыга сиздер кандай карайсыздар? Бул эмнени билдирет?

Бекбосун Бөрүбашев: Өзүңүз айткандай, туура бир айдан кийин бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин баштады. Башталганда кээ бир партиялардын мүчөлөрү толук келбей койду деген маалымат бизде да бар. Бул көрүнүп турат, кечээ “Республика” партиясынын тизмесинен 38 кишинин чыгып кетиши, бүгүн “Ата Журт” партиясынын кээ бир өкүлдөрү, атүгүл лидерлери парламентке келбей калгандыгы бул партиялардын ичиндеги ынтымак жок экенин көрсөтүп турат.

Мен партияларды жаман деп айткым келбейт, бирок бизде партиялык система Кыргызстанда жаңы эле бутуна туруп аткандыгын, булардын ортосунда чечилбеген маселелер көп экендигин далилдеп турат.

Марат Казакпаев
“Азаттык”:
Марат мырза, сиз ушул эле маселе боюнча кандай ой кошо аласыз?

Марат Казакпаев: 92 киши эле катышты, калганы келген жок деп айтып кеттиңиз. Бул “Ата Журттун” лидерлери Ташиев жана Акмат Келдибеков. Ташиевден сураса, ал “мен билген жокмун” деп айтпадыбы. Кандайча билген жок? Интернеттен, ММКлардан "биринчи жыйын 10-ноябрда саат 2де башталат, президент өз кайрылуусу менен чыгат” деп кабар берилген.

Менин оюмча, эң биринчи версия, “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” нааразылык акцияга чыгып атпайбы, балким ошондон коркуп келбей калышты. Экинчиси, булар элдик депутаттар да, ошондуктан баары келиши керек болчу. Менин оюмча, өзүлөрүндө эле күнөө.

Коалиция жана дымак

“Азаттык”: Айрым көз караштарда, кээ бир кабарларда айтылып атыптыр, кээ бир партиялардын ичинде ич ара ырк келишпестиктер болуп атат, айрымдарын тизмеден чыгаралы десе, кээ бирлери чыкпай атат, кээ бирлерине басым-кысым жасалып атат деп. Деги партиянын өзүнүн жеке ичиндеги маселелерди жалпы коомдук саясий чоң маселеге айлантыштын кандай кажети бар? Ушунун өзү кандай баага татыктуу?

Бекбосун Бөрүбашев: Жаңы Конституция жана шайлоонун жүрүшү боюнча саясий процесстин эң активдүү катышуучуларынын бири саясий партиялар болуп калды.



“Азаттык”: Кубатбек мырзанын пикирин уксак. Бүгүнкү биринчи жыйында негизинен спикер, анын орун басарлары, комитеттер түзүлүп, алардын мүчөлөрү, башчылары аныкталышы керек эле. Бул жагынан парламентке өткөн беш партия тил табыша алдыбы, жокпу, бул да белгисиз бойдон калды. Биринчи жыйын дагы уланат деп айтылды. Башкача айтканда, биринчи жыйын дагы 2-3 күнгө уланчудай болуп турат. Анда жалпы ушул процедура дагы бир нече аптага созулуп кетиши мүмкүнбү?

Кубатбек Кожоналиев: Биринчи иретте мен баарыңарды куттуктайт элем. Эл күтүп аткан нерсе башталды десек болот. Бирок кээ бир мүчүлүштүктөр болуп атат. Биз күтүп аткан нерсебиз, мурда эле талдоочулар айтып аткан, бир партияда ар кайсы көз караштагы адамдар чогулуп калган болчу. Булар идеологиялык платформа, программанын негизинде чогулган эмес. Булар өзүлөрүнүн жеке сүйлөшүү, пикир алмашуу аркылуу чогулган адамдар.

Эгерде карап көрсөңөр, бир тизмеде карма-каршы келген, мурда бири-бирине оппонент болуп жүргөн адамдар да кошулуп калган. Ошондуктан бүгүнкү ич ара болуп аткан араздашуулар сыртка чыгып кетип атат. Шибегени канчалык мүшөккө ката берсең, баары бир бир жеринен чыгып кала турган нерсе. Ошого байланыштуу партиянын ичинде да, сыртында да биздин калкыбыздын арасында бир ойго келбей жатабыз. Мен ойлойм бул убактылуу нерсе. Бул өз калыбына келгенче бир аз убакыт өтөт болуш керек, анан кийин булар иштерин баштай башташат.

“Азаттык”: Марат мырза, биринчи жыйында президент Отунбаева сөз сүйлөдү, депутаттарды 22-ноябрга чейин жаңы өкмөт түзүүнү өтүндү. Бирок коалиция түзүү тууралуу эч кандай партияга мандат берген жок. Эки күн ичинде мүмкүн прездент атайт болуш керек кайсы партияны тандап алышы мүмкүн экенин?

Марат Казакпаев: Конституция боюнча биздин президент коалиция түзгөнгө бир партияга бериш керек болчу. Бирок көбүнчө президентте эмес, партияларда күнөө, мурун деле булар союзду түзгөн да, эң биринчи “Ата Журт” менен “Ар-намыс”, КСДП менен “Республика”, анан “Ата Мекен” кирген.

Эң биринчи күнөө Атамбаев менен Текебаевде. Булар коалициянын түзүп алып кетиш керек эле. Азыр жыйын башталганда президент ошону көрмөк. Конституция түзүлдү, 67 орун, булар иштеп кеткенге коалиция түзмөк, бирок алар түзө албай, амбицияга кирип кетти. Президент деле бир күндүн ичинде айта албайт. Эртең баары бир коалиция түзүлөт. Балким КСДП – “Республика” – “Ата Мекен” колицияны сөзсүз түзөт. Ошол туура болот.

Бекбосун Бөрүбашев
Бабанов бир чоң коалиция кылалы деп айтып кетпедиби, ал туура эмес, алар иштей албайт, идеологиясы башка. Көбү нааразы болуп атат. Ошондуктан дүйнөлүк практиканы карап, бизде эки коалиция болушу керек, бири – оппозиция, бири – бийлик менен иштешкен коалиция болуш керек.

“Азаттык”: Марат мырза, бирок Конституцияда “эгер тигил, же бул партия теңинен көп добуш алалбай калган күндө президент көбүрөк добуш алган партияга коалиция түзүү боюнча мандат тапшырат” деп так жазылып турат.

Марат Казакпаев: Конституция боюнча президент мындай тандайт да, биринчи келгенде “Ата Журтка” берет.

“Азаттык”: Менин алдымда Конституция турат. Ошондо ушундай деп жазылып турат, бир да партия теңинен көпчүлүк добуш алалбай калган күндө көбүрөк добуш алган партияга коалиция түзүүнү тапшырат деп. Президент тапшырган жок.

Марат Казакпаев: Үч партия “Республика”, “Ата Мекен”, КСДП бир жыйынтыкка келген жок. Ошон үчүн Конституция боюнча “Ата Журтка” бериш керек.

Бекбосун Бөрүбашев: Кандай гана болбосун президент болобу, башкасы болобу мыйзамдын негизинде иштеш керек болчу.



Мыйзам улук, бирок бардыгынабы?

“Азаттык”: Кубатбек мырза, жаңы парламент тууралуу коомдо ар кандай пикирлер айтылып атат, ар түрдүү баа берилип атат, саясий маданияты, жалпы сабаты тууралуу да өйдө-төмөн кептер бар. Жаңы шайланган депутаттардын арасында атүгүл криминалдар, наркобизнесмендер бар деп айтып атышат. Мисалы, Токтогул Какчакеев ушундай деп айтыптыр. Бирок эч кимиси ошолор ким экенин, сөөмөй менен сайып, кыргыз айткандай, алагушту атынан атап берген жок. Ушундай пикирлер жөн эле дүңүнөн айтылган баабы, же ушунда чындыктын анча-мынча үлүшү барбы? Дегеле жаңы депутаттык корпусту сиздер кандай баалайсыздар?

Кубатбек Кожоналиев: Мен Бекбосун мырзанын укуктук талаа дегенине кошулам, бирок кийинки айтылган сөзүнө кошула албайм.



“Азаттык”: Парламентке өткөн беш партия биригип, шайлоочулардын 37 пайыз добушун топтоду. Ошондо жаңы парламенттик системага өтүп жатканда полигархия - көпчүлүктүн бийлигин түзөбүз деп айтышты эле. Бирок иш жүзүндө азчылыктын, башкача айтканда олигархиянын эле бир өнөгөсү, үлгүсү болуп калгандай болуп атат. Беш партиянын лидери анан президент, маанилүү чечим кабыл алуунун алты эле борбору түзүлдү. Башкача айтканда, азыркы түзүлгөн кырдаалды демократиялык шайлоо деп атканын алты баштуу олигархат деп кээ бирлер айтып атат. Сиздер кандай деп ойлойсуздар?
Шайлоочулардын астында өздөрүнүн саясий укуктук жоопкерчилигин унутпаш керек


Кубатбек Кожоналиев: Бекбосун мырзаны эки кол менен кошулам, укуктук мамлекетте болгондон кийин мыйзамга баш ийишибиз керек. Биз ошондой мыйзамды кабыл алганбыз. Азчылык көпчүлүк менен башкара турган системаны кабыл алып алдык. Эгерде андай болбой турган болсо, анда биз Шайлоо кодексин өзгөртүшүбүз керек.

Биз мыйзамдуулук кылып, бирок акыйкаттыктын принципин бир аз төмөндөтүп койдук. Азчылык көпчүлүк менен башкарып атат. Азыркы келген парламент бир аз мыйзамдуулук менен акыйкаттыкты бирге шайкеш алып келгенге аракет кылыш керек. Формасын өйдө кылып коюп мазмунун төмөн коюп атабыз.

Бекбосун Бөрүбашев: Бул жерде биз так айтышыбыз керек, эмне үчүн биз ушундай абалда калдык?



Марат Казакпаев: Бекбосун мырза, жаман мыйзам менен деле жакшы натыйжага жетсе болот беле? Болот болчу. Жакшы мыйзам менен жакшы натыйжаларга жетпей калган күндөр болот.

Бекбосун Бөрүбашев: Болуптур, мен анда ачыгын айтайын. Кыргызстанда азыркы убакта шайлоодо добуш алуунун төрт жолу бар. Биринчиси, административдик ресурс, экинчиси финансылык ресурс, үчүнчүсү туугандык мамиле, төртүнчү, эң акыркы орунда идеология турат.
Кубатбек Кожоналиев

Бизде административдик ресур колдонулган жок деп айтылып атат. Ал туура. Бирок финансылык ресурс колдонулду да аябай. Биз ошону кантип жок дей алабыз? Бир жагынан карап, экинчи жагын кое берип койбодукпу. Мына ушунун бардыгын тең Убактылуу өкмөт мамлекеттик бийлик органы катары, шайлоонун милдетин мойнуна алган орган катары аягына чейин бышырып чыгарыш керек болчу. Муну булар бышырып чыгаралган жок. Бул жактан алар чабалдык кылып койду. Ошон үчүн биз ушундай жыйынтыкка келип калдык.

Элдин бир катмары нааразы болуп атпайбы, өзүбүз айткан эле “Мекен шейиттери”, башка саясий партиялар улуттук конгресс түзүп алышып алар да нааразы болуп атышат. Алардын да оюн угуш керек болчу да, эмне үчүн ушул абалга келип калдык. Ошон үчүн жөн гана куру сөздүн кереги жок, муну анализдешибиз керек. Эксперттердин милдети ошол, ак көк дебей, эмне үчүн ак болуп калды, эмне үчүн көк болуп калды биз ошону айтышыбыз керек.

Заман башка, эл башка

“Азаттык”: Марат мырза, парламенттик системага өткөндө полиархия түзүлдүбү, же олигархия түзүлдүбү?

Марат Казакпаев: Азыр так айта албайбыз полиархиябы, же олигархиябы, көбүнчө азыр мүмкүнчүлүктү өткөн партияларга берип атпайбы. Беш партия кандай иштеп кетсе, укуктук мамлекеттин принициби менен иштеп кетсе, бизде ошондо парламентаризмдин негизи болот. Дүйнөлүк тажрыйбада бар да, канча өнүккөн мамлекеттерди карасак. 50 жылдын өтүүсү деле кереги жок, бул жерде партиялар кандай иштеп кеткенине жараша болот.

Ушул партиялардын ичинде жакшы идеологиясы жоктор да болуп атат. Шайлоодо канча сатылыш болду. Бул жерде көбүнчө партияларда күнөө болгон, добуштарды сатып алып. Бирок ал мейли, азыр эми парламентке иштеп калды, булар чын жүрөктөн иштешсе, жок дегенде парламентке келип турушса, мына 92 эле киши келди, азыр мурункудай иштегенге болбойт. Эл азыр көп нааразылык акцияга чыгып атат, андай болсо бул парламентти иштетпейт. Менин оюмча, партиялар жакшы иштешсе Конституциянын негизинде ошондо парламент утушу мүмкүн.
Азчылык көпчүлүк менен башкара турган системаны кабыл алып алдык. Эгерде андай болбой турган болсо, анда биз Шайлоо кодексин өзгөртүшүбүз керек.


“Азаттык”: Эксперт, байкоочу катары жаңы парламентке кандай каалоолорду, кеңештерди айтат элеңиздер?

Бекбосун Бөрүбашев: Биринчиден, ар бир партиянын өкүлдөрүнө кайрылсак болот. Булар шайлоонун астында эмне убада берсе, ошону унутпаш керек. Бул биринчи талап. Экинчиси, шайлоочулардын астында өздөрүнүн саясий укуктук жоопкерчилигин унутпаш керек. Анан өзүнүн абийири алдында таза болсо, менимче, иштеп кетет деп ойлойм. Жогорку Кеңешке ийгилик.

Марат Казакпаев: Урматтуу жаңы келген депутаттар, азыр эл бийликке ишенбей калды, эки президент качты. Эми силерге чоң мүмкүнчүлүк берип атат. Силер жакшы иштесеңер эл ишенип калат. Көбүнчө кандай иштесеңер ошого эл баа берет.

Кубатбек Кожоналиев: Мен депутаттарга кайрылат элем, иштей албай турганыңар 38тин ичине кирип, дароо эле арызыңарды жазып чыга берсеңер жакшы болот эле. Ал эми иштейм дегендери өзүнүн амбициясын бир аз төмөндөтүп, элдин, мамлекеттин тагдырын ойлоп, ошол агым менен кетсе, мен ойлойм, парламентибиз дурус багытта кетет эле.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG