Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Парламент танапистен качан чыгаары дале белгисиз


Жаңы чакырылыштагы парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.
Жаңы чакырылыштагы парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.

Жогорку Кеңештин убактылуу төрагасы Ташболот Балтабаев фракциялар коалиция түзүү боюнча бир чечимге келе электигин билдирүүдө.

Кыргызстандын жаңы шайланган парламенти бул апта да иштебей турат. Анктени парламентке келген беш партия алигиче коалиция түзө элек. Бул саатка карата айрым партия лидерлеринин сырттан өз өлкөлөрүнө кайтып келгени белгисиз. Мыйзам боюнча коалиция канча мөөнөттө куралып, парламент жана өкмөт толук качан ишке кирүүгө тийиш деген суроого Жогорку Кеңштин убактылуу төрагасы Ташболот Балтабаев жооп берди.

Ташболот Балтабаев
Ташболот Балтабаев:
Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык президент бир фракцияга коалиция түзүү сунушун бергенден кийин 15 күндүн ичинде биз үч маселени чечишибиз керек. Биринчиси, фракциялардын коалициясын түзүү, экинчиси, ЖК курамын, жетекчилигин жана өкмөттү түзүү. Ушул үч маселеге 15 жумушчу күн берилип атат. Бул 2-3-декабрга чейинки мөөнөт болот экен. “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамда аптанын бейшемби жана жума күнөдөрү пленардык чогулуштарды өткөрсөк болот деп жазылган. Реалдуу алганда эртең же бүрсүгүнү бул маселелерди кароо болбойт го деп турам. Себеби коалицияга кирет деген божомолу бар фракциялардын жетекчилери толук бул жерде эмес, өзүңөр билгендей. Ошондуктан бул жума дагы кеңешүүлөр уланып, буйурса кийинки жуманын төртүнчү, бешинчи күндөрүнө чейин бышып калса, пленардык жыйынды өткөрүүгө даярбыз. Ошол жерде коалициянын келишими жарыяланып ЖКнын курамын түзүүгө түздөн-түз киришет элек. ЖКнын курамы жана комитеттер түзүлмөйүнчө өкмөттү түзүүгө Конституция жана “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзам жол бербейт.

“Азаттык”: Демек, ошого чейин Жогорку Кеңеш иштебейт экен да?

Ташболот Балтабаев: Жогорку Кеңеш иштерди жүргүзүп жатат. Көп уюштуруу маселелери бар экен, ошол маселелерди акырындап чечип атат. ЖК толук кандуу иштеш үчүн ички уюштуруу иштерин да чечиш керек экен да. Чарбадан баштап, кагаздарга чейин дегендей. Фракциялар сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатат жана келечек пландарын түзүп жатышат, өздөрүнүн жыйындарын өткөрүп...

“Азаттык”:
Ошентсе да коалиция түзүү иши кайсы деңгээлде турганы боюнча кандай маалыматтарыңыз бар?

Ташболот Балтабаев: Бул маселе коомчулук үчүн ачык кетип атат. Бардык жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жөнүндө маалыматтар так жана өз убагында массалык маалымат каражаттарына таратылып атат. Мына бүгүн экинчи жолу социал-демократтар менен республикачылар дагы бир жолу коалициянын жоболорун такташып атыптыр. Мен азыр эле карадым. Францияга Социнтерндин курултайына кеткен “Ата Мекен” партиясынын төрагасы баш болгон топ да эртең келет. Буйурса эртең, бүрсүгүндөн тартып бул партия дагы активдүү жолугушууларды өткөрүп, иш дагы бир баскычка жылат деген ойдомун.

“Азаттык”: Коалиция ушул үч партиянын ортосунда түзүлөт деген ишеним канчалык?

Ташболот Балтабаев: Эми “туула элек балага ат койгонго болбойт дейт го” кыргызда. Мынча пайыз ишеним бар деп айтканга болбойт деп ойлойм. Бул бир аз татаал маселе. Жоопкерчиликтин алдында портфель бөлүшкөндөн башка дагы көп жалпы милдеттенмелер алыныш керек да. Бир партия айтышы мүмкүн, биз бул келишимдин үстүнөн иштейбиз деп. Экинчиси бул реалдуу эмес, өзгөрткүлө деши мүмкүн. Ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү маселеси да бар. Ошол келишимди аткарууда кайсы партия кайсы маселелер боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Ошолор боюнча коалиция, эл алында отчет бериш керек. Ушунун баары бир топ талкууларды талап кылат го. Бул жоопту маселе да.

“Азаттык”:
Ташболот мырза, парламенттин биринчи жыйынында бардык депутаттар мандат алышкан эмес. Бүгүн “Ата-Журттун” лидерлери мандат алды деген кабар айтылып атат. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Акматбек Келдибеков. Алар качан ант беришет?

Ташболот Балтабаев: Мүмкүн келерки жуманын төртүнчү, бешинчи күндөрү пленардык жыйынды өткөрө турган болсок мурда ант бербеген депутаттардын ант берүүсү менен башталат. Анан күн тартибиндеги башка маселелелерге өтөбүз. Ушул саттарга төрт депутат ант бере элек экен. Алардын бири - “Ата Мекен” партиясынынан Болот Шер.

"Азаттык": Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG