Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:22

Ч. Турсунбеков: КСДП көпчүлүк партиялар менен тил табыша алат


СДП төрагасы А. Атамбаев, президент Р. Отунбаевва жана "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Ө. Текебаев.
СДП төрагасы А. Атамбаев, президент Р. Отунбаевва жана "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Ө. Текебаев.

Президент Роза Отунбаева Кыргызстан социал-демократиялык фракциясына коалиция түзүүнү тапшырды.

Бул фракция айрым партиялар менен сүйлөшүүлөр баштаганы да айтылууда. Эгерде КСДП “Ата Мекен” менен тил табыша албаса, анда кандай вариант болушу мүмкүн? Мына ушул багыттагы суроолорго КСДП фракциясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков жооп берди

“Азаттык”:
Чыныбай мырза, коалиция түзүүнү президент сиздердин Социал-демократиялык фракцияга тапшырды. Азыркы мезгилге карай кайсы фракциялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат?
Чыныбай Турсунбеков

Чыныбай Турсунбеков: Биз албетте өзүбүздүн сүйлөшүүбүздү “Республика” партиясы менен баштадык. Анткени бул партия менен башынан эле бир келишимге келгенбиз. “Республика” партиясы менен бир чечимге келгенден кийин сөзсүз түрдө “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнө өз сунушубузду айттык. Алар менен жолугушуубуздун жыйынтыгына жараша андан кийинки кадамыбызды белгилейбиз.

“Азаттык”: “Ата Мекен” менен сүйлөшүүлөр жеңил болбошу байкалып турат. Ошондуктан бул партия менен коалиция болбой калса, ага кайсы фракция альтернатива болушу мүмкүн?

Чыныбай Турсунбеков: “Ата Мекен” партиясынын бардык шартына КСДП макулбуз. Бирок тилекке каршы “Ата Мекенге” башка партиялардын шарттары болуп атат. Ошол жерден биздин маселебиз чечилбей калып атат. Болбосо биз “Ата Мекендин” айткан шарттарына даяр болуп турганбыз. Тилекке каршы жанагыдай кырдаал болгон үчүн сиз айткан маселе чыгып атат.

Бирок дагы эки партия калып атат, биз ошол партиялар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Биз ойлойбуз, Кыргызстандагы азыркы кырдаалдан чыгыш үчүн, өлкөнү оңдош үчүн бардык партия компромисстерге бара билиш керек. Компромисске бара билгенди үйрөнгөн партия гана элдин акыбалын оңдогонго мүмкүнчүлүк табат деп ойлойбуз.

“Азаттык”: Башка партиялар демекчи, “Ар-намыс”, “Ата-Журт” менен жакындашууңуздар мүмкүнбү. Анын үстүнө “Ата-Журттун” өкүлү Мыктыбек Абдылдаев сиздер менен кызматташууга даярдыгын билдирди?

Чыныбай Турсунбеков: Албетте мүмкүн. Бирок айрым бир нерселер бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын элинин кыжырына тийген, Кыргызстандагы коомчулуктун бир топ өкүлдөрүн жиндентип аткан маселелер бар. Ошол эле маселелер эмес, өзгөчө айрым инсандар бар. Ошол маселелер туура багытта чечиле турган болсо, албетте алар менен биргелешип иштешкенге, коалицияга барганга даярбыз.

“Азаттык”: Чыныбай мырза, сиздер айттыңыздар, “Республика” партиясы менен негизинен макулдашууга жеттик деп. Ошол эле “Республика” партиясы шайлоо маалында 7 пайыздык иппотека, өз баасында электр кубатын убада кылган. КСДП муну сынга алган. Азыркы кезде бул убадалар боюнча эки партиянын түшүнүшүүсү барбы?

Чыныбай Турсунбеков: Албетте түшүнүшүү бар. Анткени биздин позиция менен алардын позициясы бири-бирине жакындашышы керек. Өздүк наркы менен электр энергиясын берүү маселеси бүгүнкү экономикалык кырдаалга жараша чечилет. Бул жагынан акыл-эстүү экономикалык негиздер эске алынат деп ойлойбуз. Аларга менимче бардык тараптар эле макул болот.

“Азаттык”: Негизи ушул 15 күндүн ичинде коалиция түзүлүүгө тийиш. Конституциянын талабы ушундай. Ушул мөөнөткө коалиция түзө алабыз деген ишеним барбы сиздерде?

Чыныбай Турсунбеков: Биздин үмүтүбүз чоң. Анткени шайлоо бүткөндөн кийинки 30 күндүн ичинде парламентке өткөн көпчүлүк партиялардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүүлөр, жолугушуулар жүрүп атты. Бардыгынын эле биздин партия менен иштешүүгө даяр экендиги, макулдугу боюнча билдирүүлөрдү кабыл алып аттык. Ошон үчүн биз ойлойбуз, тигил же бул деңгээлде биз дээрлик көпчүлүк партия менен тил табыша алабыз, иштеше алабыз деген оюбуз бар.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG