Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Бириккен оппозиция бирдиктүү күч боло алабы?


“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин талапкерлиги президенттикке көрсөтүлүшүн айрым саясий талдоочулар оппозициянын ич ара бөлүнүп-жарылуусу катары кабыл алышууда. БЭКтин мүчөлөрү болсо бул маселеден алдын ала бир жактуу жыйынтык чыгарууга болбостугун айтып жатышат.

Бийликчил саясатчылардын баамында, «Ак шумкар» партиясы Темир Сариевдин талапкерлигин президенттикке көрсөтүшү оппозициянын ортосунда жаракка кетип, ич ара бир пикирге келишпестигин айгинелеп турат. Айрым байкоочулардын божомолунда болсо президенттик шайлоого оппозиция бирдиктүү күч болуп, бир гана талапкер менен чыкпаса алдыдагы шайлоодо чоң жеңилүүгө дуушар болот.

Укук коргоочу Акин Токталиев болсо оппозициядан минтип үч талапкер чыгышы БЭКти алсыратууга алып келет деп эсептейт:

- Темир Сариевдин өзүнчө талапкер болуп чыгышы - бул БЭКтин алсыздыгына алып келет. Бирдиктүү күч боло албайт деген сөз да. Бат эле жеңилип берет. Андан көрө Темир Сариев дагы, Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков дагы талапкерлигин койбой эле койсо болот. Бары бир шайлоодо утулушат.

БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров «Ак шумкардын» лидеринин президенттикке көрсөтүлүшү менен эле оппозициянын ортосунда ажырым кетти деп, бир жактуу айтууга болбойт:

-Эми бул бийликтегилерге эле керек да. «Мынакей оппозиция ажырашып кетти, кокуй минтип кетти»,- деп чуру-чуу көтөрүп чыгат
да. Ошого эле негиз берип жатат. Болбосо биздин жалпы максатыбыз бир. Сариев БЭКтин катарынан чыга элек. Бизде андайлар көп эле болгон. Партиялар талапкерин көрсөтүп, партиялар чечим кабыл алып. Бирок БЭКке келгенде БЭКтин чечимине бары баш ийип келген. «Ак шумкар» партиясы анын талапкерлигин көрсөттү. Анын үстүнө бул маселени партиянын саясий бюросу чечет экен. Мен ушундай түшүндүм. Бул али чечиле элек экен. Темир Сариев БЭКтин бюросуна келип туруп, «биздин партия ушундай деп чечти»,- деп расмий билдирсе, БЭКтин бюросу дагы ошого жараша чечим кабыл алат.

Темир Сариев болсо «Ак шумкардын» кечээги өткөн курултайында партиянын жогорку кеңешине чукул чараларды көрүш үчүн мүмкүнчүлүк берилерин, айрым чечимдер саясий кырдаалга жараша кабыл алынарын айтты:

-Тез чараларды көрө турган болсо, партиянын уставы боюнча партиянын жогорку кеңешине дагы кээ бир мүмкүнчүлүктөрдү берип
коюшубуз керек. Анткени эртең саясий кескин өзгөрүүлөр болуп кетиши ыктымал. Петровкадагы чатак жөн жерден чыккан чатак эмес, бул чоң чатактардын башы болуп калышы мүмкүн. Биз БЭКтин курамынан чыккан жокбуз. Эртең оппозициялык күчтөрдүн жаңы максаттары болуп калышы мүмкүн. Биз аларды эске алышыбыз керек. Анткени айтып атпаймбы кырдаал өтө курч, өтө опурталдуу болуп турат.

Темир Сариев саясий партиялар же башка саясий күчтөр менен тирешүүгө барышпастыгын, негизги максат бүгүнкү бийлик менен күрөшүү экендигин да баса белгиледи.

«Улуу биримдик» партиясынын лидери, БЭКтин мүчөсү Эмил Каптагаев болсо бул маселе саясий кырдаалга карата чечиле тургандыгын, «Ак шумкар» партиясы өз милдетин аткарып, өзүнүн лидерин президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендигин айтат:

- Темир Сариевдин президенттик шайлоого аттанып чыгышы, же чыкпасы жалпы биримдикке, кырдаалды чукул өзгөртүүгө
таасирин тийгизбейт. Менин оюмча, партия өз милдетин аткарып, өзүнүн лидерин көтөрдү. Биз партияга бул боюнча ар кандай пикир жаратып, же болбосо мындан саясий кыр чыгарууга акыбыз жок.

Маалыматтарга караганда, БЭКтин жана СДПнын курултайында президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн Алмазбек Атамбаев БШКга арызын 6-майда жолдоосу күтүлүүдө. Ал эми Темир Сариевдин документтери учурда даярдалып жатканын «Ак шумкардын» саясий кеңешинен билдиришти.

XS
SM
MD
LG