Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Темир Сариев да президенттик жарышка аттанды


“Ак шумкар” бүгүнкү курултайында партия төрагасынын талапкерлигин президенттикке көрсөттү. Айрым талдоочулар президенттик шайлоого Темир Сариевдин минтип өз алдынча аттанышы оппозицияны алсыратып, шайлоо өнөктүгүндө бийликтин утушуна мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышууда.

Курултайда жарыш сөзгө чыгышкан «Ак шумкардын» 21 мүчөсү партиянын лидери Темир Сариевдин талапкерлигин президенттик шайлоого көрсөтүүнү сунушташты.

Партиялаштарынын мындай сунушуна макулдугун берген Темир Сариев буларга токтолду:

- Бир четинен талапкерлигибизди коюп чыксак оппозиция бөлүндү дешет. Эгер коюп чыкпасак анда үч жылдан бери келаткан ишибиздин бардыгы тең талаага кетет. Эң негизгиси президенттик шайлоодо партия өзүнүн талапкерин коюп, позициясын көрсөтпөсө ал саясий партиянын кимге кереги бар?

Курултайга конок катары чакырылгандардын бири Уран Рыскулов партиянын лидери Темир Сариевди президенттик шайлоодон баш тартууга үндөдү.

-Темир, ушул шайлоого барбооңузду өтүнөмүн. Бул жерде эки себеп бар. Биринчиси 23-июлдагы президенттик шайлоо бул легитимдүү эмес. Азыркы Конституцияны кол жоолук кылып алышкан булар. Азыркы шайлоодо жеңем дегендер өздөрүн-өздөрү алдагандар. Менин сөзүмдү уга турган болсоңор, ушул шайлоого байкот жарыялаш керек. Бардыгына каршы добуш бериш керек. Ушул шайлоого барбагыла. Шалоодо жеңем деп үмүт этпегиле.

Уран Рыскуловдун пикирин колдогон Кочкор районунан келген «Ак шумкардын» мүчөсү Жолдубай Сүйүнбаев дагы Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрбөйт деген көз карашта.

-Мисалы, Кочкордо президенттик шайлоого карата жергиликтүү бийлик азыртадан эле иштеп, шайлоо комиссияларына көрсөтмөлөрдү берилип жатат. Анын жыйынтыгы дагы кандай болоору көрүнүп калды. БШК шайлоону жасаганга аракет кылып жатышат.

«Ак шумкардын» курултайына катышып, байкоо салып отурган БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов алдыдагы шайлоо таза өтпөйт, БШК бурмалоого жол берет дегенге эч бир негиз жоктугун, шайлоонун кандай өткөнүн билиш үчүн саясий партиялар өздөрүнүн өкүлдөрүн шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө көрсөтүүсү керектигин белгиледи:

- Шайлоо боло электе эле шайлоо мындай болот, андай болот деп кооптонууга негиз жок.

Айрым талдоочулар болсо Темир Сариевдин президенттикке өз алдынча аттанып чыгуусу оппозицияны алсыратып, алдыдагы шайлоодо уттуруп коет деген көз караштарын айтышууда.

Саясат таануучу Марат Казакбаев да мындай бөлунүүдөн оппозиция утулуп калышы ыктымалдыгын айтат:

- Булардын электораты Атамбаевгеби же Саривгеби деп, кимге добуш беришерин билбей калышат да. Түндүк жакта Темир Сариев көп добуш алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мындай бөлүнүүдөн оппозиция өзү утулуп калат да.

Темир Сариев болсо буга чейин оппозиция БЭКтин курамындагы партиялар биринчи кезекте өздөрүнүн курултайын өткөрүшүп, бирдиктүү талапкерге макул болуп, президенттик шайлоого көрсөтүшкөндөн кийин курултайда ал талапкердин аты-жөнүн жарыялоого макулдашылганын билдирди. «Бирок БЭКтин айрым мүчөлөрү шашылыштан эле бирдиктүү талапкерди атап жиберишип, алдыдагы милдет-талаптар аткарылбай калды. Мен партиянын мүчөлөрү менен мкулдашпай туруп, канткенде алардын атынан бирдиктүү талапкерди көрсөтүүгө макулдугумду беришим керек. Ошондуктан Арашанда өткөн курултайга барган жокмун», - деди Темир Сариев.

Ал президенттик шайлоо эмес, шайлоонун эртеси оор болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуусун айтты.

- Өлкөдө акыбал өтө курч. Шайлоонун болгону эмес, болгонунун эртеси кандай кыйынчылык болорун көрүп турабыз.Эң негизгиси биз тынчтыкты, элдин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап кала алабызбы же жокпу? Маселе мына ушунда турат.

"Ак шумкардын" төрагасы ошондой эле партия БЭКтин курамынан чыкпаганын, башка саясий күчтөр менен кызматташууга бараарын белгилеп, азыркы бийлик менен биргелешип күрөшүү зарыл экендигин билдирди:

-Эгерде саясий күчтөр келип кошулабыз десе, биз алар менен бирге болушубуз керек. Алар бизге күч болуп беребиз десе, алар менен чогуу болушубуз керек. Биз БЭКтин курамынан чыккан жокпуз. Эртең оппозициялык күчтөрдүн жаңы максаттары болуп калышы мүмкүн. Биз аларды эске алышыбыз керек. Азыр кырдаал өтө опурталдуу болуп турат.

«Ак шумкардын» курултайына чакырылган 111 делегаттын, 96сы бир добуштан президенттикке Темир Сариевдин талапкерлигин колдошту. Жыйында ошондой эле партиянын “Жаңы турмуш” деген аталыштагы манифести кабыл алынып, жер-жерлерде баштапкы уюмдарды түзүү маселеси да каралды.

Айрым жарандык коомдордун, саясий партиялардын, БШКнын өкүлдөрү жыйындын жүрүшүнө байкоо салып турушту.

XS
SM
MD
LG