Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

Бишкектеги окуялар: тогуз кылмыш иши козголуп, 10 адамга айып тагылды


Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт.
Бишкекте 18-майга караган түнү тартылган сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин “министрлик Бишкекте 13-18-майга караган түндөрү болгон окуяларга убагында реакция кылган жок” деген сөзүнө комментарий берди.

Мекеме депутаттын дооматы чындыкка дал келбей турганын билдирип, Бишкек шаарынын ички иштер органдары 13-майдын түнүндө Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатакананын алдында болгон окуядан соң, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Расмий маалыматта 18-майга караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары кылдат каралып, иликтенери, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдар жоопко тартылары айтылат.

“18-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун жакын райондорунда бейбаштык аракеттер, башаламандык, чет өлкөлүк жарандарга физикалык зомбулук көрсөтүү жана материалдык зыян келтирүү фактылары орун алган. Ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарга зомбулук колдонуунун бардык фактылары боюнча ыкчам чара көрүп, кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында толук иш алып барышкан. Ыкчам кырдаал курчуп кеткен учурда милиция күч колдонуп, таратууга даяр болчу. Бирок буга жеткен жок. Милиция тарабынан көрүлгөн аракеттер менен түшүндүрүү иштери аркылуу кырдаал турукташты десек болот”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкекте болгон окуялар боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тергөө кызматтарында тогуз кылмыш иши козголгон. Анын ичинен бейбаштык боюнча үч, тоноого байланыштуу бир, каракчылык боюнча бир, массалык башаламандык боюнча үч, расалык, этникалык, улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты (араздашуу) козгоого байланыштуу бир кылмыш иши тергелип жатат.

Козголгон иштердин алкагында 33 жаран жабырлануучу деп табылып, 10 адамга айып тагылган. Алардын ичинен алтоо Кыргызстандын, төртөө чет өлкөнүн жарандары.

Укук коргоо органдары буга чейин 13-майга караган түнү Египеттин жарандары менен мушташкан үч кыргызстандык, 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу сегиз киши кармалганын кабарлаган.

13-майга караган түнү Египеттин жарандары менен жергиликтүүлөрдүн мушташы тартылган видео 17-майда социалдык тармактарда тараган. Ошондон кийин топ адамдар Бишкектеги чет элдик студенттер жашаган жатаканага барып тополоң салып, пакистандык студенттер жабыркаган.

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында Бишкекте болгон окуяларга милиция убагында чара көрбөгөнүн айтып, ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөргөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG