Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:42

АКШ: Орусия спутниктерге каршы курал жайгаштырган болушу мүмкүн


Пентагондун расмий өкүлү, генерал-майор Патрик Райдер.
Пентагондун расмий өкүлү, генерал-майор Патрик Райдер.

Орусия 16-майда орбитага спутниктерге каршы аппарат алып чыккан болушу мүмкүн экенин Пентагондун расмий өкүлү, генерал-майор Патрик Райдер билдирди.

Американын Коргоо министрлигинин эсебинде, бул аппарат Жердин айланасындагы башка спутниктерге чабуул коюшу мүмкүн. Райдер ырастагандай, Орусиянын бул аппараты АКШнын өкмөттүк спутниги жайгашкан орбитада жүрөт. АКШ буга тыкыр көз салууну улантарын генерал-майор 21-майдагы брифинг маалында кошумчалады.

Апрель айынын соңунда Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинде космоско өзөктүк курал жайгаштырууга тыюу салган АКШ менен Жапониянын резолюция долбоорун өткөрбөй койгон.

Москванын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Василий Небензя "АКШ муну менен космосту милитаризациялап алгысы келет" деген.

Кошмо Штаттар буга чейин эле Орусия быйыл спутниктерге каршы өзөктүк куралды орбитага чыгарууну көздөп жатканын эскерткен.

Рейтер маалымат агенттиги түшүндүргөндөй, кеп Орусиянын "Космос-2576" аппараты тууралуу болууда. Ал 2019, 2022-жылдары учурулган спутниктерге окшош. Пентагон аларды дагы космос куралы катары сыпаттайт.

Анткени бул аппаратардын бири көп убакытка чейин америкалык чалгын спутнигинин артынан аңдып жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG