Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Орусияда аялдарга никаб кийүүгө тыюу салуу сунушталды


Никабчан аял.
Никабчан аял.

Орусиядагы Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев аялдарга никаб кийүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал "Парламент гезити" басылмасына курган маегинде айткан.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Ал кара кездемеден тигилет.

Фадеев бул маселени Орусиядагы мусулман дин башкармалыгы жана аймак губернаторлору менен талкуулоону көздөп жатканын кошумчалады. Фадеевдин айтымында, никабга Борбор Азиянын айрым мамлекеттеринде дагы тыюу салынган. Бирок ал кайсы өлкө экенин тактаган жок.

Фадеевдин демилгесине Мамлекеттик Думанын депутаттары да реакция жасашты. Айрым парламентарийлердин пикиринде, бул маселени "маалымат каражаттарына чыгарбастан, эки жагын салмактап" талкуулаш керек. Ал эми улуттар иштери боюнча комитеттин төрага орун басары Илдар Гилмутдинов никабга кескин тыюу салуу кырдаалды курчутуп жиберет деген ою менен бөлүштү.

Никабга тыюу салуу демилгеси Калуга облусунда колдоо тапты. Аймактын ички саясат министри Олег Калугин жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде никаб адамдын жүзүп жаап, таанууга тоскоол жаратканына байланыштуу тыюу салыш керек экенин айтты. Ал никабды кылмышкерлер колдонушу мүмкүн экенин эскертти.

Былтыр күздө Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.

Ал эми 2023-жылдын 5-сентябрында Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун жактырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG