Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Президенттик шайлоо алдында саясий партиялар кыйла жандана баштады. Алардын бир катары шайлоо күрөшүнө биригүү менен бараарын жарыялашты. Ошол эле учурда саясат таануучулар Кыргызстандагы саясий партиялар системасында артка кетүү көрүнүшү байкалып жатканын белгилешүүдө.

Учурда саясий партиялар тигил же бул чатырдын астына баш калкалап, кийинки президенттик шайлоого карата өзүлөрүнүн позицияларын ачыктай баштады. Натыйжада чоң эки топ чыга келди. Алардын бирөөсү оппозициячыл Бириккен Элдик кыймылдын астына “Ата мекен”, “Ак шумкар”, “СДП”.

Ошол эле учурда бийликчил “Ак жол” партиясына “Жаңы Кыргызстан”, “Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” сыяктуу партиялар ыкташууда. Акыркы аталгандар жада калса бир добуштан учурдагы президент Бакиевди шайлоодо колдоп чыгышаарын жарыя кылышты.

Алардын бири коммунисттердин лидери Исхак Масалиев “Азаттыктагы” маегинде учурда “Бакиев менен күрөшө турган күч жок” деген пикирин билдирген:

- Ушул шайлоого талапкер көрсөтпөй турган болдук, ушундай чечимге келдик. Себеби кыска мөөнөткө байланыштуу, шартка жараша биз өзүбүздүн талапкерибизди жеңишке алып баралбаcыбызды түшүнүп турабыз. Ошондой шартта өзүбүздүн талапкерибизди эмес, башка бир талапкерди колдойбуз деген чечим кабыл алдык. Айтып кетсек, “Ак жол” партиясы көрсөткөн Курманбек Бакиев деген талапкерди биздин партиябыз колдомокчу болду. Бирок бүгүн реалдуу айтыш керек, иштеп аткан президентке каршы күрөшө турган күчтөр чыкпайт.

Ушунан улам айрым серепчилер саясий партиялар системасы Кыргызстанда эски нукка башкача айтканда, союз мезгилиндеги тоталитардык режимге кептелгени турат деп айтышууда.

- Мисалы “Ак жол” эки айдын ичинде түзүлө калды. Мурдагы “Адилет”, “”Алга Кырыгзстан” өңдүү партиялардын чачырандылары келип эле, “Депутат болгусу келгендер келгиле” деп жыйынтыгында административдик ресурстардын жардымы менен жеңишке жетишип, ошол партия башкарып калбадыбы? Теориялык жактан партиялык система дегенибиз менен тажрыйба жүзүндө кыргызчылык болуп жатпайбы. Бул баягы коммунисттик модель иштеп жатат. Калган партиялар эске деле алынбайт. Бул система демократияга алып келбейт. Тескерисинче авторитардык бийликти бекемдоого алып келет,- деди саясат таануучу Орозбек Молдалиев.

Ошол эле учурда партиялык саясат бир катар алдым жуттумдар, криминалдык топтор үчүн жасалма көшөгө катары колдонулуп жатат дейт дагы бир серепчи Токтогул Какчекеев:

- Партиялык система учурда күчтүү, таасирдүү, бай жана байлык менен бийликтин кошулган синтезинин негизинде жүрүп жатат. Эгерде мурдагы тоталитардык заманда чабандарды, көп балалуу энелерди, тигүүчүлөрдү депутатыкка жана бийликке алып келген болсо, бүгүнкүкүндө дос-тамыр, бийликтегилердин тууган туушкандары, бангизат менен шугулдангандар иштеп калышты. Ал эми партиялык саясат болсо ошолорго көшөгө болуп берип жатат.

Саясат таануучу Марат Казакбаевтин баамында Кыргызстанда авторитардык же тоталитардык режим орношу мүмкүн эмес. Болгону саясий партиялар системасы бир аз реформага муктаж:

- Бизде мурдагыдай бир партиялуулук болушу мүмкүн эмес. Мына учурда жүзгө чукул партия бар. Албетте, бүгүнкү күнү парламентте дээрлик бир партиянын өкүлдөрү отурат. Бирок бул убактылуу нерсе. Бүгүн болбосо кийинки чакырымда башка саясий партиялардан депутаттар көбүрөк орунга ээ болушат. Негизгиси авторитардык же тоталитардык режим орнобойт.


Жүздөн ашуун партия катталган Кыргызстанда “Саясий партиялар тууралуу” мыйзам кызуу талашка түшүүдө. Анда бир тарап партияларды түзүүнүн шартын катаалдантып жана мамлекет камкордукка алуу жагын жактап келишсе, экинчи тарап мындай шарт бийликчил партиянын гана кызыкчылыгын көздөп калат деп каршылык көрсөтүп келет.

Тасмада: "Ак жол" Бакиевди президенттикке көрсөттү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG