Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

“Жаңы Кыргызстан” менен “Ак жолдун” кармашы эмне менен бүтөт?


Саясат талдоочулардын баамында, генерал Исмаил Исаков башында турган партия менен бийликчил “Ак жолдун” кайым айтышуусу “Жаңы Кыргызстандын” келишкис оппозицияга өтүүсү менен аякташы ыктымал.

Буга чейин “Жаңы Кыргызстан” партиясы Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясына ачык кат жолдоп, өкмөттү кетирүү демилгесин колдоону жана “Ак жол” партиясын шайлоо маалында колдоп берген “Жаңы Кыргызстандын” алдында отчет берүүсүн талап кылган эле.

“Ак жол” фракциясынын төрагасы Азиз Турсунбаев “Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкы катчысы Исмаил Исаковдун ачык катына жооп кылып, алардын талаптары негизсиз экендигин, ошол айыптап жаткан бийликте генерал Исмаил Исаков өзү үч жыл иштегенин жарыя кылды.

2005-жылдан бери Коргоо министрлигин жетектеп келген Исмаил Исаков октябрь айында бийликтен өз каалоосу менен кетип, ошондон бери бийликтин жүргүзгөн саясатын сындап келатат. Исмаил Исаков “Ак жол” фракциясына жөнөткөн ачык катындагы талаптар аткарылбаса, бийликтеги өкүлдөрүн чакыртып алып, башка оппозициялык күчтөрдүн катарында нааразычылык иш-чараларын уюштурууга чейин барарын айтууда:

- Биз бүгүн региондордогу өкүлдөрүбүздүн катышуусунда чоң жыйын өткөрдүк. Ошол жыйында биздин партия мүчөлөрү “Ак жолдун” берген жообун, алардын шайлоочулар менен жолукпайбыз, негиз жок деген жообун сынга алышып, ар бир райондун, айылдын партиялык уюмдарында ушул маселе каралсын деп чечим кабыл алышты. Эгерде биздин койгон талаптар, сунуштар, маселелер эч чечилбесе, ар кимиси өзүм билемдик кыла берсе, элдин турмушун оңдогонго аракет жасашпаса, биз өзүбүздүн мүчөлөрдү чыкыртуу менен сөзсүз оппозицияга өтүшүбүз ыктымал.

Жогорку Кеңештин депутаты Жангороз Каниметовдун айтымында, генерал Исмаил Исаков бийликте турган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрүн чакыртып алган күнү деле алардын ордуна татыктуу кадрлар табылат:

- “Жаңы Кыргызстан” партиясы момунтип бизге милдет коюп атышы туура эмес. Биз, “Ак жол” партиясы жоопкерчиликти сезип, мынакей көптөгөн экономикалык ж.б. мыйзамдарды кабыл алдык. Аракет кылып, иштеп атабыз. Ошондуктан булардын талабы туура болбой калды. Кемчиликтер болуп атат, аны эч ким танбайт. Бирок алар И.Исаковдун айтканындай эмес.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, чоң шайлоолордун алдында партиялардын биригип, ич-ара келишимдерди түзүп, бирдикте иш алып барышканы дүйнөлүк практикада көп эле кездешет. Андыктан “Ак жол” партиясы шайлоого чогуу барган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын талаптарын да эске алып коюусу абзел. “Ошентсе да саясатчылар бийликте отурганда ооз ачпай, бийликтен кеткен соң гана элди ойлоп калгандары көпчүлүктү иренжитүүдө”,- дейт ал:

- Бийликте да, оппозицияда да жүргөн адамдардын көпчүлүгү элдин ишениминен чыгып калган адамдар. Ошол эле биздин генералыбыз же болбосо башка адамдар мурда бийликте отурганда ушул сыяктуу маселелерди эч качан көтөрүп чыгышкан эмес. Бийликтен кеткенден кийин эле ар кандай ойлорун ачык айтып чыга калышат. Бул деле элди иренжитип атат. Азыркы оппозициянын башында туруп, баш көтөрүп аткандардын бардыгы тең мурда бийликтин бир бутагында отурушкан. Ошол убакта чечкиндүү кадамдарды жасап, коомдук түзүлүшкө, мамлекеттик түзүлүшкө пайда келтиргидей нерсе жасашкан эмес. Ошентсе да булар социалдык-экономикалык оор абалдан пайдаланып, кыш катуу болсо, электр жарыгы өчүп калса, кымбатчылык боло берсе чындап элди көтөрүп кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG