Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

“Жаңы Кыргызстан” бийликти талашпайт


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысынын орун басары Марат Кайыпов партиянын алдыдагы пландары жана Ош боюнча координатору Керим Макеевдин сабалуусуна байланыштуу иштин иликтенүүсү тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

-“Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ош боюнча координатору Керим Макеевди сабалуусуна байланыштуу маселе кандай иликтенип жатат?

-Мен мурда күнү ушул окуя боюнча атайын башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин кабыл алуусунда болгом. Ал киши мени кабыл алып, экөөбүз сүйлөшүп, мен бул окуяны айтып бердим. Менин көзүмчө ал бул ишти тергөөнү көзөмөлдөгөн орун басарына табыштады. Кылмыш ишин тергешип, бул окуяга күнөөлүлөрдү аныктап беребиз деп сөз берди.

-Андан бери ошол кишилер кармалып, суралыптырбы?

-Жок, азырынча жок. Андан тышкары биздин саясий кеңеш чечим кабыл алып, азыр “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын башкы катчысы Ош облусунда жүрөт. Ушул маселелер боюнча жергиликтүү бийликке кайрылып, тергөө ишин жандантып тезирээк күнөөлүлөрдү кармаганга.

-Сиздер буга саясий баа берип жатасыздарбы? Бул Макеевдин саясий активдүүлүгү үчүн, ошону четтетүү үчүн жасалган ишпи, же жөн гана тентектик ишпи, эмне деп баалап жатасыздар?

-Кармалмайынча күнөөсүн аныкташ кыйын да. Эң биринчи биз Макеевди уурдап кетишип, урган кишилерди кармап, анан аныкташыбыз керек. Мүмкүн бөрк ал десе баш алган акмактардыр, же болбосо атайын “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы президентке каршы чыксын деп уюштурулган провокациядыр, же дагы башка максатты көздөгөн акмактардыр, иши кылып биз бул иштин тергөө ишине түздөн-түз жардам бергенге даярбыз.

-“Жаңы Кыргызстан” партиясы президентке өзүнүн сунуштары менен чыгып, ал боюнча жолугушууларды белгилеген эле. Ошол жолугушуулар болдубу, сунуштар жеттиби?

-Азырынча президенттик администрациядан, же президенттен эч кандай сунуштар боло элек. Биз ойлоп жатабыз, биздин сунушту кабыл алат го деп. Себеби биз оппозицияларга окшоп бийликти талашкан жокпуз да, биз конструктивдүү сунуш жасап атабыз. Бирок биз берген сунуштар боюнча кадамдар жасалып атат, байкап атабыз. Билсеңиздер, Балкыбеков жумуштан алынды, андан тышкары премьер-министрге өкмөттүн жаңы курамын түзүү боюнча тапшырма берилди. Бирок биз менен сүйлөшүү боло элек.

-Балкыбеков кызматтан алынганы менен ал кайрадан эле энергетиканын эң маанилүү жерине барып кайра коюлду да?

-Кызматка коюлуптурбу кайра?

-Ооба, ал "Улуттук электр станцияларды" жетектеп калды.

Министрди кызматтан чететтип коюу бул биздин саясий партиянын терең ишеними боюнча кризистен алып чыгып кете албайт. Экинчи жагынан, Кыргыз Республикасындагы болуп аткан саясий кырдаалды бир-эки министрди алып коюу менен түзөп-оңдоп кетпейт. Ошон үчүн келечекте мен ойлойп атам, эгер президент премьер-министрге өкмөттүн жаңы курамы жөнүндө тапшырма бербесе жакында өкмөттүн жаңы курамы болот дагы, өкмөттүн жаңы премьер-министри дайындалышы керек.

-Партиянын жакын арадагы планы тууралуу айта кетсеңиз. Сиздер 29-ноябрга белгиленген оппозициянын курултайына катышышыңыздар мүмкүнбү?

-Биз катышууга эч кандай аракет жасаган жокпуз. Себеби оппозициянын максаты башка да. Мен айтып жүрбөймбү, биздин саясий партия бул бийликти колдогон партия деп, демек биз бул бийликти талашып аткан жокпуз. Максатыбыз ушул бийлик жанданып иштеп кетиши, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп кетиши, энергетика тармагындагы жана кадрдык саясат боюнча каталыктарды оңдоп кетүү. Мындайча айтканда кайрадан бийликке элден аброй алып берүү. Мына ушундай биздин максатыбыз бар.


-Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG