Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

И. Исаков: Мен саясий буйрук менен соттолуп жатам


1-ноябрда Бишкек гарнизондук сотунда Исмаил Исаков көрсөтмө берип, өзүнө тагылган айыптарды четке какты жана козголгон кылмыш ишти саясий буйрук деп баалады.

Дүйшөмбү күнү болгон соттук жараянда алгач Коргоо министрлигинин Курал-жарактар боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Таалай Сатыбалдиев көрсөтмө берди. Ал дагы Балыкчыдагы аскердик бөлүктө автоунаалардын жоголушу боюнча айыпталып жатат.

Өз көрсөтмөсүндө Таалай Сатыбалдиев Исмаил Исаков Коргоо министрлигин жетектеп турган жылдары бир автоунаа, тагыраак айтканда 2007-жылы бир камаз сатылганын, бирок ал дагы өкмөттүн токтому менен мыйзамдарга ылайык, эскилиги жеткенге байланыштуу сатылганын белгиледи.

Ал эми 2008-жылы ноябрь айында эскилиги жетти деп табылган техникаларга Исаковдун эч кандай тиешеси жоктугун Сатыбалдиев сотто билдирип, буларга токтолду:

- Башкармалыктын, Коргоо министрликтин жобосу жана № 014 буйрук боюнча ар кандай автоунааларды жана (бронетанкалык)
темир техникаларды эскиликке чыгаруу укугу Курал-жарактар боюнча башкы башкармалыктын башчысына берилген. Ал актыларды бекитүү тууралуу мен эч кимге, министрге да, анын орун басарына да маалымат бербеймин. Ошондуктан бул жерде ал кездеги министр Исаковдун эч кандай тиешеси жок.

Ал ошондой эле эскилиги жетип, комиссия тарабынан жокко чыгарылган техникалардын баасын тергөөчүлөр негизсиз көтөрүп салганын кошумчалады. Айтмакчы Таалай Сатыбалдиев азыркы кезде да Коргоо министрлигинин Курал-жарак боюнча башкы башкармалыгын жетектеп келет.

Таалай Сатыбалдиевден кийин Исмаил Исаков көрсөтмө берди. Белгилүү болгондой прокуратура тарабынан Исаковго үч кылмыш иши козголгон. Анын бирөөсү Балыкчыдагы аскердик техникалардын жоголушу, экинчиси уулуна квартира берилиши жана үчүнчүсү аскердик майрамдарды белгилөөдө фуршеттерге каражаттын бөлүнүшү боюнча. Исмаил Исаков үч айыптоону тең четке кагып, бардык убакытта Конституция, мыйзам жана аскердик уставдын негизинде иш жүргүзгөнүн билдирди.

Прокуратура Исаковго койгон айыптоолордун биринде эмне үчүн жаңы жылда аскерлердин балдарына белек бердиң, 8-мартта аял депутаттарды куттуктап открытка жолдодуң деп күнөөлөгөн. Буга окшогон айыптоолор акылга сыярлык эмес экенин белгилеген Исаков, 2003-жылдан бери Кыргызстан Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп келген уулу Руслан Исаковго эки бөлмөлүү квартира Коргоо министринин орун басары Борис Югай жана башкалардын чечими менен убактылуу берилгенин, көп узабай ал төрт балалуу прапорщик Сыдыковго өткөрүлүп берлгенин маалымдады. Адвокаттар Руслан Исаков Коргоо министрлигинин кызматкери катары квартира алууга укуктуу экенин да белгилешти.

Айыптоолорду толугу менен четке каккан Исмаил Исаков ал саясий себептерге байланыштуу сот залында болууга мажбур болгонун ачыктады:

- Биз түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашашыбыз керек. Бардык коюлган үч айып боюнча күнөөнү мойнума албаймын. Эч кандай зыян келтирген эмесмин. Тескерисинче Исаков коргоо министри кезинде мамлекетке пайда гана келтирген. Менин саясий ишмердүүлүгүм үчүн кылмыш иштери козголгон. Бул жерде жалаң гана саясат.

Ал ошондой эле өзүнүн иштеринин мыйзамдуулугун тастыктаган документтерди, нормативдик актыларды соттун колуна берди.

Исаковдун сөзүнөн кийин айыптоочу үч прокурор ага үч-төрт суроо берди. Ал суроолордун бири аскердик фуршет эмне үчүн "Пекин" ресторанында болгонуна байланыштуу болду. Ага жооп берген Исаков, Куралдуу күчтөрдүн майрамын белгилөө Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда болгонун, ага президент катышканын айтып, "Пекин" рестораны да ошол имаратта жайгашканын, ошондуктан мамлекет башчынын коопсуздугу, аскерлердин башка жерге баруусу да каражат талап кылынгандыктан, мына ошол ресторан тандалып алынганын, бирок анда да каражат белгиленген өлчөмдөн ашык кетпегенин билдирди.

Соттук териштирүү 18-ноябрда улантылат.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG