Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Чет жерден башпаанек сурагандар көбөйүүдө


Буга чейин Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан Канат Сопиевдин өлкөдөн чыгып кеткени айтылып жаткан.
Буга чейин Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан Канат Сопиевдин өлкөдөн чыгып кеткени айтылып жаткан.

Чет жерден баш паанек сураган кыргызстандыктардын катарын "Эр айдоочу" уюмунун төрагасы Качкын Булатов менен БЭКтин мүчөсү Жолдош Орозов толуктады.

Серепчилердин баамында, акыркы сегиз жылдын ичинде Кыргызстандан миңден ашуун адам башка өлкөлөргө саясый башпаанек сурап чыгып кеткен. Алардын ичинде саясатчылар, журналисттер, укук коргоочулар бар. Айрыкча соңку жылдары саясый репрессия күчөгөнү диссиденттердин тизмеси узарып баратат.

Бирок ошол миңден ашуун адамдардын арасында түрдүү көз караштагы инсандар бар. Айрымдарына бийлик тарабынан чынында эле саясый кысым күчөп, өмүрүнө, үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушкан. Серепчилердин баамында, кээ бирлери жок жерден эле саясый баш паанекти шылтоолоп чет өлкөдө жашап жүрүшөт.

Жакында эле Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири Канат Сопиев башпаанек издеп Европага качып кеткени тууралуу кабар маалымат булактарында жазылган эле.

Бул окуянын чын-төгүнү тактала электе, "Эр айдоочу" укук коргоо уюмунун төрагасы Качкын Булатов менен "Асаба" партиясынын мүчөсү Жолдош Орозов өткөн жумада Варшава шаарына ЕККУнун адам укуктарына байланыштуу жыйынына катышканы кетишкен.

Кыргызстанда бийлик тарабынан кысым болуп, коркутуу-үркүтүүлөр күчөгөндүктөн Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Жолдош Орозов Европа өлкөлөрүнүн биринде убактылуу баш паанек сурап калганын "Азаттыктын" кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу улуттук коопсуздук комитети суракка алып, каржы полициясы текшерип, кылмыш тобу коркутууга өткөнүнөн улам Европага чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Жолдош Орозовдун билдиргенине караганда, “Эр айдоочу” уюмунун жетекчиси Качкын Булатов дагы аны укук коргоо органдары Балыкчы окуясына байланыштуу камакка алышы мүмкүндүгүнөн чочулап Европадан саясий баш паанек суроого мажбур болгон.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, учурда мындай маалыматтар такталды жана Жолдош Орозов менен Качкын Булатовго коркутуу-үркүтүү болгон эмес.

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулова Жолдош Орозов менен Качкын Булатовду Варшавадагы жыйында жолуктурган. Анын баамында, учурда бийликтин кысымы күчөгөндүктөн айрым саясатчылардан чет өлкөлөрдөн башпаанек сурагандардын тизмеси мындан да узарышы мүмкүн.

- Бул көрсөткүчтөр жөн жерден өсүп аткан жок. Саясый куугунтук өлкөдө күч алып турган учуру. Акыркы эки жылдын ичинде эле кыргызстандык атуулдар башка өлкөлөрдөн башпаанек сурап, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушкан. Айрым оппозициялык көз караштагы саясатчыларга кылмыш иши ачылып, тергелип жатат. Чындыкты жазган журналисттер куугунтукка алынып, айрым эркин басылмалар жабылды.

Ошондой эле Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири Канат Сопиев башпаанек издеп Европага кеткени маалымат булактарында айтылууда.

Президентик шайлоо күнү Балыкчы шаарында массалык тополоң уюштурду делип, камакка алынган он тогуз кишини сот алгач эки ай абакта олтурат деген бүтүм чыгарган. Кийин тергөө иштери толук аяктагыча алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тарткан.

Айыпталуучулардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров дагы бар.

Жакында эле парламент аны кол тийбестик укугунан ажыраткан. Укук коргоо органдары эл өкүлүн камакка алуу үчүн изине түшүп, издеп жүрүшөт.

Ал эми БЭКтин мүчөсү Болотбек Шерниязов бийлик тарабынан кысымдар болуп жаткандыгына карабай чет өлкөлөрдөн башпаанек сурап кетпестигин “Азаттыкка” билдирди.

Бийликтин кысымынын айынан буга чейин чет өлкөлөргө СДП мүчөлөрү Эдил Байсалов, Бакыт Бешимов да кетишкен. Мындан башка дагы оппозициялык маанайдагы бир нече саясатчылар Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбеков , журналисттер: Кайрат Биримкулов, Чолпон Орозобекова, Жеңишбек Эдигеев, Карамат Токтобаева, Хабира Мажиева, Турат Бектенов, Манат Сулайманова, Сыргак Абдылдаев чет өлкөлөрдө баш калкаалап жүрүшөт.

Кыргызстан Качкындар боюнча эл аралык конвенцияга мүчө болгон өлкө. Ошол конвенцияга мүчө болгон ар бир өлкөдөн башпаанек сурап кайрылганга болот. Конвенция эрежелерине ылайык, башпаанек берип аткан өлкө куугунтукка алынып качып келген атуулду өз өлкөсүнө кайтарып бербөөгө милдеттүү. Кыргызстан ошол конвенцияга мүчө болуп туруп, Өзбекстандын үч атуулун кайтарып берип койгон.

Башпаанек сурап аткан атуул мына ушул жагдайларды эске алып, кайра өз өлкөсүнө кайтарып берип койбой турган өлкөлөргө кайрылышат. Алар болсо чынында эле куугунтукка дуушар болуп жатабы же жокпу деп, атайын кызматтары аркылуу текшерип изилдешет. Кандайдыр бир убакыт өткөн соң, чынында эле куугунтукталып жаткан болсо аларга башпаанек берип, коопсуздугун сакташат.

XS
SM
MD
LG