Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Нарында Атамбаев зым карагайлардан алынды


Нарында облустук шайлоо комиссиясы А. Атамбаевдин зым карагайга чапталган үгүт баракчаларын акча төлөнгөн эмес деп алдыртып салды.

Нарын облусттук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиеванын айтымында үгүт иштери учурунда аларга эки арыз түшкөн. Бири талапкер А. Атамбаевге каршы берилген:

-Зым карагайдын баарына Атамбаевдин портреттери илиниптир. Нарын шаардык шайлоо комиссиясына комхоздон арыз түшүптүр, текшерилсе ал зым карагайларга илинген портреттер үчүн акча төлөнбөптүр, квитанциялары жок экен. Ошондуктан алынды, - дейт Тиленчиева.

Экинчи арыз Нарын райондук прокуратурасына 8-Март айлында социал-демократтардын участкалык шайлоо комиссиясына кирген мүчөсүн айыл округ башчысы коркуткандыгы жөнүндө берилген. Прокуратура өз кезегинде аталган айылдын жашооочулары Акаев, Тынаев, Аманбековдорго эч ким кысым көрсөткөн эмес, бул жерде туура эмес түшүнүп алышкандыгы аныкталды дегендей жооп кайтарган.

Шайлоочулардын тизмеси учурда да чыр-чатактуу маселе экенин Тиленчиева мойнуна алат:

-Бул тизме боюнча башынан келе жаткан нерсе, тизме чыр чатактуу нерсе. Тизме так деп мен айта албайм. Миграцияга байланыштуу ого бетер чыр чатактуу маселе, - дейт М. Тиленчиева.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" биримдигинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Эркин Асаналиев шайлоо комиссияларынын курамын түзүүдө мүчүлүштүктөр кеткен деген ойдо:

-Чүчү кулак жүргүзүүдө кагазда ар кандай чоңдукта жасалган. Чоңураак кагаздарды «Акжол» партиясы биринчи алган. Биз шаардагы 6 участокту карасак бир да атамекенчи, социал-демократ жок экен. «Ак жол», «Жаңы Кыргызстан», анан башка белгисиз партиялардын мүчөлөрү бар экен, -дейт Асаналиев.

Ал эми талапкер Алмаз Атамбаевдин Ак-Талаа району боюнча координатору Советбек Мамытов участкалык шайлоо комиссияларынын курамына өз тарапташтарын айласыздан жашыруун киргизгенин билдирет:

-Биздин партиядан киргендер да бар кыскасын айтканда алар жашыруун, аттарын айтсам алар эртең чыгып калат, - дейт Мамытов.

«Ак Шумкар» партиясынын Нарын району боюнча координатору Жолдубай Сүйүнбаевдин айтымында, алардын 9 адамы райондук ар кайсы участкалык шайлоо комиссиясына киришип, жергиликтүү бийликтин кысымына чыдабай бешөө чыгып кетсе, эми ишенимдүү адамдарга да кезек жетиптир:

-Эмгек-Талаа айлындагы ишенимдүү кишилеримди мугалимдер барып сен балаңды мектептен окутасыңбы, «Ак жол» мектеп салып берип атса, же Сариев менен көчүп кетесиңби деп демитиптир, - деген маалыматы айтты.

«Ак жол» партиясынын Нарын шаары боюнча координатору Бакыт Усубалиев алардын дарегине айтылган сөздөр менен макул эмес:

- Албетте, андай сөздөр болуп атат. Биз «Ак жол» партиясы тарабынан андай күч колдонгон жокпуз. Биздин уставда жазылган боюнча өзүбүздүн шаардагы 900 мүчөбүз менен иштеп атабыз. Жанакындай сөздөр шайлоо алдында болот экен, бул саясий күрөш. Биз тарапка жакшы да, жаман да сөздөр айтылып атат. Биз алты талапкерди тең жаман деген жокпуз, -деди Усубалиев.

Жан-Булак айлынын жөнөкөй шайлоочусу Адыкан Найзакеева талапкерлер өздөрү бир столго олтура албагандарына нааразы:

-Президент болуучу балдардын түндүк-түштүк болушуп алышып, түндүктөн төртөө чыгып алып бири бирин чукуганы жаккан жок. Элди иренжитип жатышат. Дебатка чыгып алышып алар уялбай эле биз уялдык. Түндүктөн төртөө эмес бири эле чыкпайбы.

Адыкан Найзакеева Атамбаевдин мас болду дегени боюнча мындай пикирин билдирди:

-Атамбаев Акманга барып, Акмангабы, Аравангабы иши кылып Ошко барып мас болду дегенин жакшы жасашыптыр, ага эч ким ишенген жок. Атамбаев андай болчу киши эмес да.

XS
SM
MD
LG