Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:49

Ынтымак курултайын кимдер жандап калды?


“Ак шумкар” партиясы айрым саясий жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн, эксперттерди чогултуп, президент чакырып аткан Ынтымак курултайы тууралуу талкуу өткөрдү. Айрым талдоочулардын пикиринде, аталган партиянын жетекчиси Темир Сариев жаңы оппозициялык күчтү айланасына топтоого аракеттенгендей.

Президент демилге кылган Ынтымак курултайы алгачкы жыйынына 23-мартта чогулмакчы. Ушул тапта жер-жерлерде даярдыктар көрүлүп, ага делегаттарды көрсөтүү иштери жүрүүдө.

“Ак шумкар” партиясы да бул маселе боюнча талкуу өткөрүп, Ынтымак курултайына катышуу-катышпоо маселесин көтөрдү. Талкууга катышкан эксперттер, коомдук жана саясий ишмерлер бул боюнча түрдүү пикирлерди айтышып, соңунда төрт чечим кабыл алышты. Биринчиси, Ынтымак курултайы боюнча талкууну кеңейтүү. Экинчиси, ага катышууга ниеттенип аткан күчтөрдүн чечимдерин колдоо. Үчүнчүсү, Ынтымак курултайына катышпай турган учурда альтернативдик жолдорду иштеп чыгуу жана акыркысы Ынтымак курултайынын иштөө жобосун өз алдынча иштеп чыгып, сунуш кылуу.

Темир Сариев
“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында
, алар Ынтымак курултайына катышуу демилгесин көтөрөрдөн мурда башка саясий күчтөр, эксперттер менен кеңешүүнү туура көрүшкөн. Бул маселе боюнча “Ак шумкар” партиясы өзү - саясий кеңеши кандай чечим чыгарса, ошондой багытта аракеттенмекчи.
Ошондой эле Т.Сариевдин пикиринде, соңку саясий-экономикалык процесстер, энергетика тармагынын сатылышы, тарифтердин көтөрүлүшү, “Ак жол” партиясынын эл арасында аброю жоктугу сыяктуу көрүнүштөрдөн улам, көпчүлүк абалды өзгөртө турган жаңы бир күч чыгаар бекен дегендей үмүттө турушат:

- Биз азыр кандайдыр бир мейкиндик болсун дейбиз, биз чогулуп сүйлөшүп турган. Анан кийин көрсөтөт да сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Бирок азыр көптөгөн саясатчылардын, коом таануучулардын талабы, биз азыр өлкөдө жаңы күч пайда болуунун алдында турабыз. Муну биз сезип турабыз.
Курултай боюнча мына Т.Сариев демилге көтөрүп атат. Менимче бул капсынан болуп аткан жок. Ал ошо анча аша кетпеген оппозицияны башкарат.
Марс Сариев

Белгилүү саясий серепчи Марс Сариевдин божомолунда, Ынтымак курултайына катышуу-катышпоо демилгесин бекеринен “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев көтөрүп жатпаса керек.

Талдоочунун пикиринде, Ынтымак курултайы элди алаксытууга гана багытталган саясий технологдордун долбоору жана жазында абал курчуп кетпеси үчүн шашылыш уюштурулууда. Анын үстүнө, бул курултай радикал оппозицияны тап-такыр четке сүрүүдө, анча аша чаппаган күчтөр менен жең алдынан сүйлөшүүдө чоң рол ойношу ыктымал:
Марс Сариев

- Азыркы бийликке эски оппозиция, баягы ыңкылапта чогуу келгендерди, Акаевдин убагында оппозиция болуп жүргөндөрдү четтетиш керек да. Ошондуктан Темир Сариев, Жеңишбек Назаралиев сыяктуу кишилерди колдойт, көтөрөт. Бул жерде катчылык жакшы иштеп атат.

Анан Ынтымак курултайы аркылуу көтөрүлүп келаткан урууларды колго алышат. Байкап көргүлө, ошол уруулардын бардыгынан жок дегенде бирден делегат кирет. Ошентип, элиталардын жең алдынан сүйлөшүүсү жүрөт. Бирок анда оппозиция алсыз болуп калат. Анткени башкарыла турчу оппозиция болуп калат. Мына курултайга аз эле калды. Курултай боюнча мына Т.Сариев демилге көтөрүп атат. Менимче бул капсынан болуп аткан жок. Ал ошо анча аша кетпеген оппозицияны башкарат...

Элдик лидерлер, элдин мыкты уулдары келет деп жазылып турат. Демек, ошол эле “Ак шумкар” жергиликтүү курултайлар аркылуу жер-жерлердеги өкүлдөрүн алып келсе болот.
С.Жумагулов

Президенттин катчылыгынын Эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын жетекчиси, Ынтымак курултайы тууралуу жобону иштеп чыккандардын бири Султан Жумагуловдун айтымында, аталган курултайга түрдүү көз караштагы абройлуу адамдар чогулмакчы жана аны түзүүдө эч кандай административдик ресурстар колдонулбайт. Ошол эле оппозиция өз өкүлдөрүн киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр бар:

Султан Жумагулов
- Элдик лидерлер, элдин мыкты уулдары келет деп жазылып турат. Демек, ошол эле “Ак шумкар” жергиликтүү курултайлар аркылуу жер-жерлердеги өкүлдөрүн алып келсе болот. Андан сырткары президенттин квотасында жазылып турат, “белгилүү саясий-коомдук ишмерлер, илим-билимден, медицинадан чыккан устат адамдар” деп. Анан ошолордун арасында сөзсүз оппозиция өкүлдөрү да каралат. Бул жөнүндө сөз болгон.



Ошентсе да оппозиция катарындагы бир катар саясатчылар, Ынтымак курултайы президентти көкөлөтүп мактачу, анын сөзүн гана сүйлөчү уюм болорун айтып, ага такыр эле катышпай коюу туура болорун айтышууда.

Курултай боюнча талкууга катышкан “Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын пикиринде, аталган курултайга катышпай коюу да өзүнчө чоң каршылык болуп эсептелинет. Андыктан, альтернативдик жолдорду карап, өзүнчө курултай чакыруу идеясын да көтөрсө болчудай.

Ал эми “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова болсо, азыркы бийликтен такыр эле үмүтү үзүлгөнүн, бийлик баары жогун колго алып, эми жарандык коомчулукту алсыратуу аракетин кылып атканын, андыктан бийлик демилге кылган курултайга катышуудан пайда болбосун айтууда.

Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, президент өз жарлыгы менен курултай чакырганга укугу жок эле. Анткени баш мыйзамда курултайды эл өзү, жарандык коомчулук көтөрүп чыгары жазылган:
Абдыганы Эркебаев

- Президенттин мындай укугу жок. Ошондуктан жанагыдай суроолор туулуп атат да. Президенттин өзү ушундай жарлык чыгарып, өзүнүн аппараты уюштуруу комитети болуп, тээ айыл өкмөттөрүнө чейин делегаттарды тандоону уюштуруп атат. Тагыраак айтканда, президенттен тартып тээ төмөнкү органдарга чейин өздөрү чечип атат. Ал эми тарых-тажрый боюнча эл өзү демилге кылып, эл өзү чогулуп шайлашы керек эле.

Президенттин алдындагы стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун директору Сергей Масауловдун буга чейин “2010-жылы элиталардын алмашуусу болот” деп айтканы бар. Талдоочу М.Сариевдин баамында, дал ушул алмашуу Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева сыяктуу радикал оппозициянын четке сүрүлүшү, Т.Сариев баштаган жаңы, анча аша чаппаган оппозициялык күчтүн аренага чыгышы болуусу мүмкүн. Т.Сариев өзү да жакынкы арада “жаңы күч” чыгаарын айтууда. Ал эми Ынтымак курултайы окуянын ушундай нукта өнүгүшүнө өбөлгө болушу ыктымал дешет.

XS
SM
MD
LG