Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Алай: Толкуган эл, күч колдонгон милиция


14-январда мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун абактан бошотулушун талап кылып, нааразылык акциясына чыккан алайлыктар Ош-Эркеч-Там жолун тосушуп, алар милициянын атайын даярдыктагы отряды тарабынан күч менен таратылды. Күч органдары ошол эле күнү эл айыл-айылга тараганда тигилген боз үйлөрдү түн ичинде чечип кетишти.

11-январда Бишкек гарнизондук сотунун оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковдун 8 жылга эркинен ажыраткан өкүмү анын жердештеринин нааразылыгын жаратып, кыш ызгарына карабастан жүздөгөн кишилер митингге чыгышты.

Исмаил Исаковдун 400гө чукул айылдаштары жол ката боз үйлөрдү тигишип, «Генералдан колунарды тарткыла!», «Исаковго боштондук!» сыяктуу ураандарды көтөрүп, кыргыз бийлигинен оң жооп болбогон соң Ош-Эркеч-Там эл аралык маанидеги жолду тосушту.
Алайдын кулунун, элин президент угар бекен деп отурушат. Муң-зарыбызды угар бекен?


- Күнөөсү болсо Алайдын элинин алдына алып келип соттосун! Исаковго боштондук! Качан Исаковду биздин колубузга салып бермейин, күрөшкөнүбүз күрөшкөн! Бүткүл кыргыз элин чакырам, алайлыктар менен болуңуз! Биз сиздерди күтүп жатабыз! Бийлик! Убакытты созбогула! Исаковдун бир тал чачы кыйылчу болсо Алай эли турбайт! Исаков акталсын! Исаковго боштондук!

Жол буугандар ушундай уран-чакырыктарды кыйкырышып, Исаковдун камалышын саясий буйрук катары баалап, азыркы бийлике ачуу чындыкты айтканы үчүн куугунукталып жатат деп белгилешти. Акция катышуучулары президент Курманбек Бакиев шайлоо алдында да Алай жергесине Исаковду ээрчитип келип, элден бата алганын эскеришти.

Жол буугандар чилдей таратылды

Ош-Эркеч-Там жолу дээрлик эки саатча тосулуп, элүүдөн ашуун унаа бөгөлдү. Бирок көп өтпөй акция өтүп жаткан жайдан алыс эмес жерде байкоо салып турган милициянын атайын даярдыктагы жүзгө чукул кызматкери келип, элди күч менен таратууга өттү.

- Карагылачы, менин синдим өзү да оорукчан болчу. Азыр сүйлөй албай калды. Элди уруп согуп, жолго капташтырып салышты. Ай, балдар, силердин да биздей апаңар бар го, энелерге кантип кол көтөрөсүңөр!

Жолдон төмөн карай сүрүп чыгарылган аялдар ызы-чуу түшүп, атайын коргонуучу жабдыктар, союлдарды көтөргөн милиция кызматкерлеринен үч аял жабыр тартып, экөө эс-учун жоготуп койду. Жарчага карай ыргытылган Бурма Насырова бир колу шишиген абалда буларды айтты:

- Биз алардан мындай жамандык күтпөдүк эле. Жолдун алды жар экен, ошого карай ыргыта турган болгондо кайра тырмышып чыгып жатсам колумду да кайрып коюшту. Колумдун эки манжасы чыгып кетиптир. Карачы, азыр дарыгерлер жыгачты кошуп таңып беришти.

Милициянын күч колдонуп, аялдарга кол көтөргөнүнө кыжырданган эл кайрадан топтолуп, эртең мындан да көп сандагы адамдардын катышуусунда атчан, жөө жүрүш акцияларына чыгууга камынып башташты. Топтолгон элге Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров келип, аларды тынчтыка, мыйзамды бузбоого чакырып, бирок президент Курманбек Бакиев менен Исаковдун тарапкерлерин жолугуштурууга алы жетпей турганын айтты:

- Соттун чечимине, ишине бир да мамлекеттик орган кийлигишкенге акысы жок. Туура түшүнгүлө. Бирок мен Алайдан өкүлдөр барат экен, сиз кабыл алып коюңуз деп президентке көрсөтмө бере албайм.

«Бакиев бизди угабы?»

Облус бийлигинин берген жообуна канааттанбаган Исаковдун тарапкерлери кечки саат 20:00дөр чамасында айыл-айылдарга, үйлөргө тараган соң, эки автобус менен келген милиция кызматкерлери тигилген төрт боз үйдү күч менен чечип кетишти.
Ай, балдар, силердин да биздей апаңар бар го, энелерге кантип кол көтөрөсүңөр!


Эртеси акция өтчү жайга таң эртелеп милиция көзөмөл кылып, атайын даярдыктагы отряд айыл ичине чейин кирип байкоо салып турушту. Ошол эле күнү жол тоскон жана акция уюштурган ондогон айыл тургундарына “бейбаштык кылды” деген айып менен райондук милиция кылмыш ишин козгоду.

Бирок Сопу-Коргон айылында генерал Исаковдун эркиндикке чыгышын талап кылып, 10 адам 4 күндөн бери ачкачылык кармап наар албай отурушат. Исаковду коргоо комитетинин төрайымы Курманжан Сапарбаева:

- Ачкачылыкта каарыган кемпирлер да отурат. Дарыларды камдап койгонбуз, ден-соолуктары начарлап жатса да акыйкаттык күтүп, кыжырданып отурушат. Алайдын кулунун, элин президент угар бекен деп отурушат. Муң-зарыбызды угар бекен?

Деген менен Исаковдун атасынын үйүндө ачкачылык кармап отургандардан медицина кызматкерлери алигүнчө кабар ала элек. Алайдагы Исаковду коргоо комитетинен кабарлашкандай, ачкачылык акциясы уланып, жакынкы күндөрү алар Ак үй алдына барууну көздөп жатышат.

Алайдагы нааразылык чара
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG