Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

М. Сариев: ШКУ Кыргызстанга карата батыштын таасиринен чочулайт


Талдоочу Марс Сариев

Талдоочу Марс Сариев

Саясат таануучу Марс Сариев ШКУ батыштын таасирин оздуктоо үчүн гана Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча саясий билдирүү жасады деп эсептейт. Анын пикиринде, бул уюм азыр Кыргызстандагы кырдаалга байкоо гана салып турат.

- Шанхай кызматташтык уюму Кыргызстанга жардам берерин билдирди. Билдирүүдө терроризм, эстремизмге, сепаратизмге каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүлөрү айтылган. Ага “сепаратизм” деген терминдин киргизилишинде эмне маани бар?

- Эми азыр түштүктөгү абалды байкап жатабыз. Оштогу июнь окуяларында сепаратисттик тенденция болуп жатты. Ошону дагы эске алуу менен бул декларация кабыл алынды го. Кытайда дагы уйгурлардын сепаратизми болуп жатат. Ушунун баарын эске алып, ошол документти кабыл алып жатышат.

- Анда муну чын эле “түштүктөгү июнь окуяларында сепаратисттердин аракети бар” деп моюнга алгандык катары түшүнүү керекпи?

- Эми бул ачык айтылбайт. “Сепаратисстик тенденция болду” деп эч ким айткан жок. Бирок ушул документтин кабыл алынышы жана “сепаратизм” деген сөз кошулганы - ошондой тенденция бар экендигинин далили. Албетте, сепаратисттик аракеттер бар. Биз билебиз, Оштогу өзбек диаспораларынын лидерлери бар. Алар аябай экономика жагынан байлыкты топтоп алган. Байлык топтогон кишилер саясатка киришет, бийликке тырмышат. Өзүнчө автономия алгысы келет. Бул кадимки эле тенденция. Ошондуктан мындай элементтер бар. Мурун 90-жылдарда деле өзбек аксакалдары Масалиевге автономия сурап кайрылышкан. Бул туурасында фактылар бар. Мындай да, муну дипломатияда чоң талкууга алса болот. Ош окуясы боюнча так айтпай, жалпы документ кабыл алынганы чын эле ошондой факт бардыгын айгинелейт. Бирок ар бир өлкөдөн тике сураган жок, аларга бир маневр калтырды. Бул дипломатиянын ушундай бир көрүнүшү.

- ШКУга мүчө мамлекеттер Кыргызстандын түштүгүндө коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алганы айтылууда. Сиздин оюңузча, алар Кыргызстанга кандайча жардам бере алат?

- Айтыш кыйын. Себеби Россия деле “жардам беребиз, курал беребиз “ деп, анан бул иштер созулуп келе жатат. ШКУ кайдан жардам берерин айтыш кыйын. ШКУга кирген өлкөлөр, анын ичинде биричи Кытай, Россия азыр аябай чочулап жатат. Алар Кыргызстанда, Борбор Азияда акыбал курчуп баратканында батыштын колу барбы, алардын бир долбоорлору жасалып жатабы деп ойлонуп жатышат. Алар өздөрүнүн таасир этүүчү аймагы үчүн чочулоодо. Бул алардын батыштын, АКШнын бул жерде бир оюндары болуп жатат деп, бир саясий ишарат иретинде билдирүү жасаганы.


- Буга чейин июнь коогалаңы учурунда, андан кийин деле ЖККУ да жардам берерин айтып, бирок иш жүзүндө эч кандай аракеттер жасалган жок. Сиздин көз карашыңызда ШКУ конкреттүү түрдө жардам берүүгө жөндөмдүү уюмбу?

- Айтыш кыйын. ШКУ өзү уюм катары бутуна тура элек. Анткени өз ара сөз табыша албай жатат. Мисалы, Кытай экономикалык жактан кызмат кылалы десе, Россия аскердик жагына ыктап жатат. Азырынча кандай программа, форма менен кетээрин айтуу кыйын. Анын үстүнө уюмдун бюрократиялык түзүмдөрү да узак.

- Анда алардан көзгө көрүнөрлүк жардамды качан күтүү керек?

- Эгер Кыргызстан эмес, Борбор Азия ыдырай турган болуп, абал күчөп баратса эле бир шашылыш чара көрбөсө, азыр алар байкап карап турушат. Алар азыр Кыргызстанда шайлоо өтүп, кандай бийлик келээрин байкап күтүп жатышат. Ушул таптагы абал ушул бойдон калаарына ишенбей турушат деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG