Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

М. Садыркулов: Жарыяланбай калган интервью


“Дело №...” гезити “Анвар Алиевдин өлүмүнө байланыштуу башталган сот иши оңой болбойт”, “Жекшенкуловдун бир тууганын эмне деп күнөөлөп жатышат?” “Боштондукка чыгарында ... колониядан качып кетти”, “Токмоктогу шумдуктуу киши өлтүрүү”, “Документсиз көчөгө чыкпагыла”, “Медет Садыркуловдун жарыяланбай калган интервьюсу” деген аталыштар менен жаңы санын ачты.

Баяндамабызды мына ушул интервьюдан баштайлы. Кабарчы алгачкы суроосун Жаңы жылдык “белек” же кесилген сөөмөй менен кесилген кулак жөнүндө бергенде М. Садыркулов:

- Ооба, кесилген сөөмөй менен кесилген кулак салынган пакетти жубайым Айнагүл 31-декабрь күнү күндүз алыптыр. Бирок майрам тынч маанайда өтсүн деп мага билгизбей, аны 1-январдан кийин берди. Ичинде алтургай: “Жаңы жылда жандүйнөңүз күтүүсүз нерселерге жык толсун. Жаңырган жылды акыр аягына чейин эң сонун өткөрүп, жыл бою маанайыңыз ачык болсун” деген сөздөр жазылган открыткасы да бар экен.

- Анан көңүлүңүз дароо чөккөн чыгаар.

- Алгач ошондой болду. Бирок мен оңой менен эле башты жерге салып бере когон адамдардан эмесмин. Дароо өзүмө келдим да, актай барак алып чыгып, кадимки Штрилицке окшоп, схемасын чийип кирдим.

- Таптыңызбы анан?

- Ооба.

- Ким экен?

-Азыр ачык айтууга болбойт.

-Жок дегенде шек-шооратын билдирип койбойсузбу?

- Бийлик тараптан. Бийликтин тегерегинде жүргөндөрдөн.

-Президент муну билеби?

-Президент баарын билет. Айта кетейин дал ушул жагдайда ал өзүн аябай эле калыс тутту. Бирок президенттин админстрация башчысы катары буга менин баа бергеним туура болбой калат. Анткен менен айрым бир нерселерди салыштырса болот. Мисалы мен ушул кызматымда Акаев убагында да иштеген элем.

Кээде Куманбек Салиевич Аскар Акаевичтин катачылыгын кайталап жаткан жокпу деп ойлойм. Бирок ал өз ишинде ар дайым өз алдынча жана объективдүү болууга аракет кылууда. Мына ушунун өзү эле өлкө 15 жыл мурдагыдай эмес, башка жол менен барат дегенди түшүндүрөт.

Кабарчы андан кайрадан кесилген сөөмөй менен кесилген кулак тууралуу сураган. М. Садыркулов аны жасагандар көралбастыктын чегинен ашып, алсыздыгын көрсөтүп, кантип өч аларды билбегенде ушундай жапайычылыкка барышканын, алардын буйругун аткарган катардагы милийсалардын “иштерин” эми да кечирүүгө даяр экендигин... Күч органдары чындап эле оңдоого муктаждыгын, алтургай бул маселе эбак бышып жетилгенин, президент бул тармакты тартипке саларын айтканын айтып жооп берген.

Медет Садыркулов менен гезит кабарчысы Вадим Ночевкиндин бул маеги өткөн жылдын январында болгон. Бирок М. Садыркулов макала гезитке чыгарга жакын чалып, эмнегедир аны сандан алып салууну өтүнгөн. “Эмнеге?” деп сураганыбызга ал “азыр маалы келе элек” деп койгон, ошол бойдон интервью жарык көрбөй калган болучу” деп жыйынтыктайт түшүндүрмөсүнүн аягында аталган гезит..

Гезит ошондой эле Бишкектин көчөлөрүндө жарандардын документин текшерүү күчөтүлөрүн, генерал Ф. Куловдун “Ашууда” деп аталган орус тилинде Маскөөдөн жарык көргөн китебинин тушоо кесүү аземи эки күн мурда өткөнүн, журналисттер белгилүү саясатчыдан: “Сиз президенттик жарышка түшөсүзбү?” деп сураганда ал: “30-мартта “Ар-намыс” партиясынын саясый кеңешинин жыйыны өтөт, жыйын ошондо чечим кабыл алат, саясый кеңеш кандай деп чечсе ошого жараша болот” деп туюк жооп бергенин билдирген.

“Дело №...” ошону менен бирге эле Бишкектин айланасынан бир кезде бекер жер алгандар аны сатып акча жасап келаткандыгын, жакында ошондойлордун бири прокуратуранын көз кырына илингенин кабарлады. М: 2007-жылы Бишкектин Октябрь райакимчилиги Канатова аттуу жаранга М.Горький көчөсүнөн 220 чарчы метр жер берүү токтомун чыгарган. Жерди алгандан 20 күндөн кийин Канатова өзүнүн үйүн жана акимчиликтен жаңы алган жерин, бардыгы 800 чарчы метр аянтты сатып жиберип, 8 млн. сомдон ашуун пайда көргөн.

Бишкек шаар прокуратурасы Канатованын жер алгандыгы тууралуу акимчиликте катталбагандыгын, демек жер берүү бекитилген мыйзам тартибинде каралабагандыгын, алтургай Канатованын жер алганга да укугу болбогондугун таап чыгып, бул боюнча кылмыш ишин козгогонун, эми ага кошулуп Октябрь райакимчилигинин бир катар атка минерлери да мыйзам алдында жооп берерин жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG