Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Г.Султаналиева: Мектептеги кылмыштуулук менен күрөшүү керек


Мектептеги кылмыштуулук тууралуу “Азаттыкка” Коммунисттер фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжамал Султаналиева маек курду.

- 28-январда Бакай-Ата районунда Саадабай уулу Нурактын өлүмүнө тиешеси бар деп соттолуп жаткан 6 бала мектепте “чоң муштум” кылып жүрүшкөнүн сотто мойнуна алгандыгы кабарланды. Бул чуулгандуу көрүнүш айрым фактыбы, же мектеп рэкетчилиги системага айланып калган опурталдуу көрүнүш болуп калдыбы?

Гүлжамал Султаналиева: Бүгүнкү күндө өтө кейиштүү көрүнүш. Бирок чынында мектеп рэкети күнүмдүк турмуштагы окялардай эле болуп калды.

- Ал менен кантип күрөшүү керек?

Гүлжамал Султаналиева: “Рэкет маселеси эмнеден көтөрүлүп атат? Эмне үчүн бүгүнкү күндө биздин жаштар мынчалык бири-бирине мыкаачылык менен мамиле жасап калды” деген суроолорго жооп беришибиз керек. Мен бул маселени дайыма көтөрүп жана айтып жүрөм.
Ачыкка чыгарып, чынында өтө зөөкүрлөргө да чекесинен жаза бербесек бул токтобойт.


Бүгүнкү күндө балдардын бири-бирине жасап аткан мамилеси көбүнчөсү чоңдордун бири-бирине жасаган мамилесин кайталап атат деп ойлойм. Мен Таласка барып, балдар менен жолугушканда ошол эле Таластын балдары биздин мектепте расмий рэкет бар: биздин мугалимдер ата-энелерибиздин биз аркылуу кыйнап, акча алат деп айтышты.

Мен Таласка барганда Нурактын ата-энеси, дос балдары менен жолуктум. Бүгүн аларга жергиликтүү бийликтин да, мектеп директору, завучтардын да кысымдары болгон. Ошого карабастан соттун аягына чейин чыкканы үчүн мен балдарга жана Нурактын ата-энесине ыраазычылык билдиргим келет. Себеби мен алар менен сүйлөшкөндө “биздин балабыз өтүп кетти, бирок башка балдар биздин балабыздай болур кандайдыр бир кокустукка учуруп калышпаса экен” деген ойлорун айтышкан.

- Бул окуялардын себептерин атадыңыз, ошого каршы кантип күрөшүш керек?

Гүлжамал Султаналиева: Көп жылдар боюнча ушуга чейин рэкет маселесин көтөргөндө бул маселени эң биринчиден мугалимдер жашырып келген. Себеби алар кандайдыр бир тартип жазасынан коркуп келишкен. Бул маселени биз ачык айткандан коркконбуз. Бирок бүгүнкү күндө ачыкка чыгаргандан коркуп атып, Бишкекте рэкет маселеси боюнча изилдөө жүргүзүлгөндө рэкет маселесинин үчтөн бир бөлүгү кылмыш дүйнө менен байланышы бар деген расмий статистика чыккан. Бул да өтө коркунучтуу.

Өткөн жылы бизде Коопсуздук кеңеши бар кезинде рэкет маселеси ошол жерден да көтөрүлүп, каралган. Мен ойлойм, бүгүнкү күндө биз жалпыбыз биригип, коомчулук менен ушул маселеге тикебизден тик туруп, болгон маселенин бардыгын ортого коюп, ачыкка чыгарып, чынында өтө зөөкүрлөргө да чекесинен жаза бербесек бул токтобойт.
Бүгүнкү күндө балдардын бири-бирине жасап аткан мамилеси көбүнчөсү чоңдордун бири-бирине жасаган мамилесин кайталап атат.


- Парламентте кандайдыр бир аракеттер барбы?

Гүлжамал Султаналиева: Бүгүнкү күндө парламентте убактылуу депутаттык комиссия иштеп жатат. Мен да ошол комиссиянын мүчөсүмүн. Биз Кыргызстандын аймактарынын бардыгын кыдырып, эл менен жолугуп, рэкет маселесин изилдеп жатабыз.

Жакында, февралдын экинчи жарымында, биз рэкет маселеси боюнча тегерек үстөл жана парламенттик угууларды өткөрөбүз. Марттын биринчи күндөрүндө биз рэкет маселесин пленардык отурумга чыгарганы турабыз.

- Рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG