Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Р. Ахмедов: Курал саткан да, алган да адам жоопкерчиликке тартылат


Рахматулла Ахмедов, ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары.
Рахматулла Ахмедов, ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары.

Элдин колунда мыйзамсыз кармалып турган курал-жарактарды кайтарып алуу иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу суроолорго Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Рахматулло Ахмедов жооп берди.

“Азаттык”: - 15-сентябрда Улуттук коопсуздук кызматынын Ош аймактык башкармалыгы күч органдары менен биргеликте Өзгөн шаарынын бир тургунунун үйүнөн курал-жарак тапканы маалымдалууда. Ички иштер министрлиги тарабынан да элдин колуна өтүп кеткен куралдарды таап, кайтаруу иштери жүрүп жатабы?

Урмат Барыктабасовдун жанындагы жигиттерден алынган курал-жакрактар. 5-август, 2010-жыл
Р.Ахмедов:
- Ички иштер министрлиги тарабынан элдин колунда мыйзамсыз түрдө сакталып жаткан курал-жарактарды жыйноо, кайтарып алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Белгилүү болгондой тартип коргоо органдары бул багытта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген жана түшүндүрүп жатат. Азыркы күндө “Арсенал” деген атайын операция жүргүзүлүүдө. Айта кетүүчү нерсе 12-октябрга чейин ок атуучу куралдарды сатууга жана сатып алууга убактылуу тыйуу салынган. Элдерден көптөгөн курал-жарактар кайтарылып алынды.

“Азаттык”: - Ошол өз алдынча курал-жарактарды алып келишкен атуулдар жоопкерчиликке тартылбайбы?

Р.Ахмедов: - Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 241-беренсине ылайык өз эрки менен ыктыярдуу түрдө курал-жарактарды ички иштер органдарына, же болбосо укук коргоо органдарына алып келип тапшырган адамдар эч кандай жоопкерчиликке тартылышпайт. Өлкө жарандарына дагы бир ирет эскертип койгум келет. Кимдир бирөө кандайдыр бир себептер менен колуна ок атуучу курал тийип калса, ошолрду ыктыярдуу түрдө ички иштер органдарына алып келсе, биздин кызматкерлерибиз керектүү процессуалдык документтерди толтуруп бергенге жардам беришет. Ошондуктан кимдир бирөөдө курал болсо коркпой-үркпөй эле тиешелүү органдарга алып келип бергени жөндүү.

“Азаттык”: - Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, курал-жарактын үлгүсүнө жараша куралдарды тартип коргоо органдарына алып келген кишиге 10 миң сомго чейин акча берүү маалымдалды эле. Ошол эле учурда мисалы бир автомат базар баасында 2 миң долларга чейин сатып алынат экен деген так эмес маалыматтар бар. Ошол куралды мыйзамсыз саткан соодагерлерден бирөө жарым кармалдыбы?

Р.Ахмедов: - Бизде курал сатуу жана сатып алуучуларга каршы иштер жүргүзүлүп жатат. Буга чейин тапанча сатып кармалган адамдар тууралуу маалымат бергенбиз. Тапанча саткан кээ бир адамдар кармалган. Алар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылышкан. Ошондой эле жарандарыбыздын бирөөсү кылмыштуу ишке даярдык көрүп жаткандар же кылмыштуулук болуп жатканы жөнүндө так маалыматка ээ болсо, алар 102 телефону аркылуу жергиликтүү ички иштер органдарына маалымдап койсо атуулдук парзын аткарган болот эле.

“Азаттык”: - Рахматулла мырза, курал саткан адам жана курал сатып алгандын мыйзам алдында жоопкерчилиги бирдейби?

Р.Ахмедов: - Экөө тең Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

“Азаттык”: - Ушу тапта элдин колуна канча курал-жарак өтүп кетти? Канчасы кайра кайтарылып алынганы тууралуу так маалымат барбы?

Р.Ахмедов: - Элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактын саны азыр такталууда. Анткени алар өзгөрүп турат. Элдин колуна канча курал-жарак кеткени жөнүндө ар түрдүү маалыматтар берилип жатат. Бирок биз өзүбүздүн кызматтык кызыкчылыктан улам алардын так санын айта албайбыз. Ал биздин кызматтык сырга кирет.

"Азаттык": - Маегиңизге рахмат

XS
SM
MD
LG