Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Өзгөн: курал чогултуу иштери ызы-чуу менен коштолду


Коопсуздук күчтөрү буга чейин да бир нече жолу атайын операцияларды өткөрүп келишкен.
Коопсуздук күчтөрү буга чейин да бир нече жолу атайын операцияларды өткөрүп келишкен.

Өзгөн шаарына караштуу Таштак конушунун айрым тургундарында курал-жарактын бир канча түрү бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Милициянын атайын даярдыктагы тобу аталган конушка барганда өзбек тектүү жергиликтүү тургундар чогулуп, “милиция бизге каршы күч колдонуп атат” деп ызы-чуу салган.

“Азаттыктын” буга байланыштуу суроолоруна Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Досмир Узбеков жооп берди.

- Досмир мырза, атайын операцияны кандай максатта жүргүздүңүздөр эле?

Досмир Узбеков: Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы өзүнө тиешелүү жумушту аткарып, элде болгон мыйзамсыз куралдарды чогултуу иштерин жүргүзүп атат. Ошол себептен кечээ Ош облусу боюнча башкаруу кызматкерлери атайын операция өткөргөн. Ошол операциянын жыйынтыгында бир топ куралдар алынды. Булар үйлөрүндө мыйзамсыз сакталган. Мисалы, Кара-Суу районунун тургуну Рахманбердиев Азимдин үйүнөн курал чыккан, Кара-Суунун тургуну Орунбаев Бахтиярдын үйүнөн 8 мылтыктын 200 ок дарысы чыккан. Андан башка 12-калибрдын ок дарылары, Өзгөн шаарынын тургуну Дилмухаммед деген жигиттин үйүнөн автомат, ок дарылары менен чыккан. Мындан тышкары снайпердик мылтык - МЦ-12 чыкты, бул бир топ алыстыктан таамай тиет.

- Канча адам кармалып, кандай айыптар тагылууда?

Досмир Узбеков: Табылган куралдар боюнча кылмыш иши ачылды. Ош облустук коопсуздук кызматтын башкармалыгы менен азыр тергөө иштери болуп атат. Кечээ Өзгөн шаарында жергиликтүү тургундар биздин операцияны туура эмес түшүнүп, бир жарым миңге чейин киши кечинде мэрия жана ички иштер бөлүмүнүн тегерегинде чогулган. Бирок биздин кызматкерлер жана Өзгөн шаарынын мэри маалыматты айтып бергенден кийин эл туура түшүнүп таркап кеткен.

- Өзгөндөгү операция маалында жергиликтүү калк тарабынан каршылык көрсөтүлгөнү жана элге ок атылганы айтылууда. Мунун канчалык чындыгы бар?

Досмир Узбеков: Кээ бир түшүнбөгөн тургундар каршы болду. Бирок биз жагынан эч кандай ок чыгарган эмеспиз.

"Азаттыктын" архивинен: Ош: элден чогултулган курал-жарактар

Ош аймагында атайын тазалоо иштери 20-июндан тарта жүргүзүлө баштаган. Ош шаарынын комендатурасы берген маалыматка караганда, 23-июнда күч органдары тарабынан Ош шаарында куралдарды алуу жана издөөдөгү шектүү адамдарды кармоо операциялары учурунда 19 атуучу курал, башына мыктар кагылган таяктар, бир канча ок-дарылар алынган. JAk/MiT

Ош: элден чогултулган курал-жарактар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00
XS
SM
MD
LG