Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Кыргызстанда коргонуу жана коопсуздук тармагына кооптуу окуялардан соң өзгөчө көңүл бурулуп, каражат арбын бөлүнө баштайт. Бирок да окуянын изи суугандан кийин мамлекеттин көнүмүш кайдыгер мамилеси башталат. “Азаттыктын” тегерек үстөл талкуусунда кыргыз аскеринин учурдагы абалы козголду.

Талкууга катышкандар:

Коргоо министрлигинин Башкы штабынын чакыруу жана мобилизациялоо башкармалык жетекчисинин орун басары Эрмухамед Юлдашев

Полковник Токтогул Какчекеев

Президенттик акимчиликтин этникалык маселелер бөлүмүнүн башчысы, профессор Аблабек Асанканов

“Азаттык”: Легендарлуу парламент учурунда Кыргызстанга аскер керекпи, же жокпу деген талаш чыккан. Турмуш бизге аскер керек экендигин көрсөттү. Анын үстүнө кийинки айлардагы окуялардан кийин Кыргызстанда коргонуу, коопсуздук маселеси өзгөчө көңүл бурулууга, өзгөчө мамлекеттик камкордукка алынууга татыктуу экендиги, ошол зарыл экендиги айкындалып калды.

Эрмухамед мырза, учурдагы аскерлердин абалы кандай, аларды каржылык коргоо кандай болуп атат, мамлекет тарабынан камкордук көрсөтүлүп атабы? Себеби Убактылуу өкмөт тарабынан каражаттын көбүн коргонуу күч органдарына, күч кызматтарына сарптап атабыз деген сөз айтылып атат.

Эрмухамед Юлдашев: Азыркы учурда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө июль окуяларынан кийин көңүл көбүрөк бурула баштады. Эмнесинен ал билинип жатат? Президенттин Указы боюнча аскерлерге каражат акчалар көбөйүп, техникалык жагына да акчалар бөлүндү. Мурдагыдан азыр жакшырак болуп калды. 1992-жылы Кыргызстан эгемендикке чыкканда 20 миңдей аскер бар болчу. “Биз Швейцариябыз, анын баарынын кереги жок” деген сөздүн артынан өтө көп кыскарып кеткен.

“Азаттык”: Техника кыскарган жокпу?

Эрмухамед Юлдашев:
Техника кыскарган жок. Ошол учур боюнча техника кала берген. Бирок адамдын кыскарышына байланыштуу техника каралбай кеткен, көп техниканын баары бузулуп, болбой калган.

Биринчи сыноо кыргыздарга 1999-2000-жылдары сакалчандар киргенде келген. Ошондо биринчи жолу аскерлерди текшерип көргөнбүз, кандай даярдыгыбыз бар экен деп. Ошондо биринчи жолу аскерлерге көңүл бурулган. Бул окуялар бүткөндөн кийин кайра унутула баштады. Кайра эле акчанын аркасынан, каражат жетишпегендиктен аскердик бөлүмдөр кыскара баштады.

Бүгүнкү күндө аскердик түзүмдөр кереги бар экенин кайра түшүндүк. Азыр башчылар көп эле каралашып атат. Бүгүнкү күндө аскер бөлүктөр жаңыдан салынып, техникалар каралып атат. Экономикага байланыштуу дагы деле көп нерсе жетишпейт.

“Азаттык”: Эрмухамед мырза, кыргыз аскеринде генералдары көп, ал эми катардагы жоокерлери аз аскер катары сыпаттап жүрүшөт. Чын эле ошондойбу, же болбосо бизде жоокерлерге абдан жакшы көңүл бурулуп, аскерлердин күжүрмөн даярдыгы өз деңгээлинде өтүп атабы?
Альтернативдик кызматка бул жылы 18-20 миңдей жаран чакырылат.


Эрмухамед Юлдашев: Генералдар көп, катардагы аскерлер аз деп айта албайбыз. Себеби бүгүнкү күндө Коргоо министрлигинде күжүрмөн түзмөлөр көбүрөк. Көңүл бурула баштагандан кийин, программа боюнча 1999-жылдан тарта көп көңүл бурулуп, аскерий бөлүк деп коет, ошолорго берилген. Генералдардын саны көп дегени, менин оюмча, запаска чыгып кеткен генералдарды санап, ошонун эсебинен чыгып атса керек.

Мындай карап көрсө, бул жакта мамлекеттик кызмат ордуна карата генералдык кызмат болуп калса, ошондо анан санын эсептешет. Мурдагы жылдан баштап биздин аскер бөлүктөрү кыскарып кете берген, кызмат орундары кала берген. Ошондуктан генералдар көп деп эсеп чыгарып атат.

Тонолгон армия

“Азаттык”: Кыргызстандагы аскерлердин, дегеле күч кызматтарынын абалы, кийинки кездери аларга көп көңүл бурулуп аткан. Негизинен каржылык жагынан ушул сезилип атабы?

Токтогул Какчакеев: Жок, сезилген жери жок. Кыргыз мамлекетинин куралдуу күчтөрүнө, күч структураларына биздин саясий жетекчилер ыплас мамиле кылат. Бир көрүнүшүн айта кетели, 1999-жылдагы окуяда аскер башчыбыз Акаев аскерлерге келген акчаны өзүнүн чөнтөгүнө салып алгандыгы баарыбызга белгилүү.

Биздин эки президент, азыр үчүнчүсү болуп атат, булар Конституция боюнча аскер башчысы болгону менен аскерди алсыратышты. Акаевдин доорунда биздин совет доорунан калган бронетанка техникасы, авиа техника, ракеталык техниканын баары тең сатылып кеткен. Бизде Фрунзе-1 учак курсу бар болчу, эки вертолеттук полк канат менен жоголуп кеткен. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз алсырап калдык.

1999-жылы бизде учуп жүргөн болгону үч вертолет бар экен, МИ-8, МТ, “высотный”. Калгандарынын бардыгын казактар, өзбектер берди. Бизде бомбардировкалык авиация жок, ал Каршыдан келди. Ошентип отуруп бизде калган техника - самолет, бронетанкалык техника, артиллерия, ага ок дарысынын баары тең сатылган, жоголгон. Биздеги аймактагы турган согуш убактысында керектелүүчү фронттук складдар да каракталып, уурдалып кеткен. Биздин аскер түзүлүшүбүз чала сабат милициядан келген адамдар көпчүлүк убакытта өтө зыянчылыкты орнотуп кетти. Ошондуктан биз 1999-жылдан бери эптеп-септеп Орусиянын, Казакстандын жардамы менен келатабыз.

Салыштыра келсек, 50гө жакын моджахеддер келген экен, ал эми биздин өлүм-житимге кеткен 150дөн ашып кетти. Бүгүнкү күндө бизге кирген Өзбекстандын ислам кыймылынын өкүлдөрүнө канчасы генерал, улук офицерлер баш болуп колго түшүп, кордук көрүп келишти. Ошондуктан бул даярдыкка да жатпайт. Бул биздин саясий жетекчилердин аскерге кылган мамилесинин жыйынтыгы деп айтсак болот.

Кыргыз мамлекетинин аскери 18 жылдан бери кичинекей Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанга салыштырмалуу артта калган. Казакстандын аскер күчтөрүнө берген каражат Кыргыз мамлекетинин жылдык бюджетинен чоң. Алар бүгүнкү күндө 11 аскердик округ түзгөн. Алар бардык түрдөгү аскердик күчтөрдү даярдаган. Ошондуктан бүгүнкү күндө бизде жеңил гана курал жарак бар, оор курал жарак, авиация, вертолеттук парк жок. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз кандайдыр бир иш жасайлы десек жөнөкөй эле мүмкүнчүк жок.

Казакстандын бюджети улуттук ВВПга салыштырганда, 6 пайыз улуттук кирешеден бөлүнөт. Бардык өлкөлөрдө 12 пайызга чейин жетти. Кыргызстанда көп болсо 1-2 пайыздан ашпайт. Бул туура эмес. Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекети мындай жолго барбаш керек. Анткени биздин ата-бабабыз Манас өзүнүн мамлекетин түзгөндө, бизде аскердик-бюрократиялык башкаруу болгон. Манас, 40 чоро аскер башчысы болгон, Алмамбет Кытайдан качып келген генерал болгон. Бирок биз дайыма жоокерлерди сыйлаганбыз. Бүгүнкү күндө аскерлердин жашоо-турумушуна, ичкен тамак-ашына, үй-жайына деңгээлдүү эч кандай өкмөт, партиялар, президент, премьер-министр салымын сала элек.

12 миңдин артында жаткан шалаакылык

“Азаттык”: Азыр президенттик акимчиликтин этникалык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Алмамбет Асанкановдун Кыргызстандагы бир улуттан турган аскер жөнүндө пикирин уксак.
Офицерсиз эч качан аскер болбойт. Офицердик корпус бул баа жеткис байлык болуп эсептелет.


Аблабек Асанканов: Чынында эле биздин куралдуу күчтөрүбүз негизинен бир улуттуу болуп атат, жалаң гана кыргыздар. Июнь айында Ош, Жалал-Абадда болгон чоң кагылышта, андан кийин да өзбектер дээрлик кыргыз армиясынын катарында жок экендиги айтылды. Алардын жок болгондугунун бир нече себептери бар. Эң негизги себептеринин бири Бакиевдин мезгилинде Калыев деген жаңы министр келбеди беле. Ошол Калыев министр болгондо кыргыз армиясын коммерциялизацияга өткөрүп жиберди, “колуңда эгер акчаң болсо 12 миңдин жарымынан ашыгыраак төлөйсүң, төлөп туруп 1 ай барып-келип, анан акчаңды төлөсөң болду, армияга катышпасаң болду” деп. Өзбектер, акчасы бар үй-бүлөлөр жана башка улуттар, өзүңөр билесиңер, кыргыздарга караганда, жөнөкөй адамдарга караганда абдан жакшы жашашат, алар акчаны берди да 2 жыл кызмат өтөгөндөн көрө, 12 миңди берип, кутулалы деп ошону менен кутулуп атышты. Менин оюмча, эң негизгиси ушул болду. Өзүбүз мыйзамдуу түрдө шартты түзүп бердик. Алар акчасын төлөп мыйзамдуу түрдө кутулушту. Ошону менен армия капчыгын толтурду, ал капчыкты кандайча пайдаланганын билбейбиз, бул башка маселе.

Сөздүн чынын айтып коюш керек, совет мезгилинде деле болгон, азыр да болуп келе жатат, “дедовщина” армияда болуп келген, боло бермекчи, бул кээ бир жерде көп болушу мүмкүн, кээ бир жерде аз болушу мүмкүн, кээ бир жерде курч мүнөздө өтүшү мүмкүн.

Ош, 29-июнь, 2010-жыл
Мисалы, Орусияда “дедовщинанын” айынан старшинасын, лейтенантын атып качып кеткен күндөр болгон, мындай көп эле болуп атпайбы. Ошонун аркасы менен жетекчилеринин старшиналар, лейтенанттар соттолгон мезгили болгон, билесиңер. Бул жерде да бар мындай. Азыр бизде 70 пайыздан ашык кыргыз, өз кезегинде куралдуу күчтөрдө да сөз жок кыргыздар көптүк кылат. Балким “дедовщинадан” коркуп башка улуттар барбай коюшу мүмкүн. Бул экинчи шарт.

Менин оюмча ушул шарттардын негизинде, мен угуп жүрөм кийинки мезгилде, жалаң кыргыздар болгондуктан регионализмге да өтүп кетиптир. Коом кандай болсо, коомдо кандай кыймыл аракеттер, саясий, социалдык абалдар пайда болсо сөзсүз бул армияда да болот экен. Армияда да жикке бөлүнүү, ар кандай регионалдык бөлүнүү да бар. Ошондуктан бул маселе коомго өзүнүн таасирин тийгизип, этникалык мүнөздө да таасирин тийгизет экен.

“Азаттык”: Эрмухамед мырза, Аблабек Асанкановдун айткан сөзүнүн чындыгы барбы?

Эрмухамед Юлдашев: Ар бир эркектердин уюмунда ар кандай мамилелер болот. Айтып атпайбы, “дедовщина” бар деп. Аны кетириш үчүн Жогорку Кеңеште жаңы мыйзамдын негизинде бир жылдык кызмат өтөө болуп калган. Бир жылдын ичинде дедовщина деп айта албайсың. Мурда эки жылдык болгондо дедовщина бар болчу, өтө эле билинип турчу. Бүгүнкү күндө аскердик түзүмдөр өтө аз. Коргоо министрлигинде 70 пайыз контракттык кызматка өтүп кеткен. “Срочный” өтүп аткан аскерлердин саны өтө эле аз. Алар камсыздоо бөлүмү деп коет, ошонун арасында өтүп аткандар бар. Алардын саны аздыгынан да, биз айтып атабыз, бүгүнкү күндө жер-жерлерге, улутка карата бөлүнө баштады деп. Мен аскердик бөлүктөргө көп эле барып жүрөм, мындай көрүнүш жок армияда. Офицерлердин, балдардын арасында бөлүнүү жок. Бизде тарбия иштери өтүп жатат, андай нерселерди дароо тыйып салабыз.

Армия кедей дыйкандын баласы үчүн эшигин ачат

“Азаттык”: Биздин кыргыз аскерлери жалаң бир улуттун өкүлдөрүнөн турат деген сөз айтылып атат. Муну Кыргызстандын көп улуттуу өлкө үчүн аны бир мүчүлүштүгү катары сыпаттаса болобу?
Июнь айында Ош, Жалал-Абадда болгон чоң кагылышта, андан кийин да өзбектер дээрлик кыргыз армиясынын катарында жок экендиги айтылды.


Эрмухамед Юлдашев: Өз убагында мен Баткен жергесинде аскердик кызмат өтөп калгам. Ошол жерде 98 пайыз кыргыз улуту бар, 2 пайыз башка улуттагылар. Бул жерде деле ошондой болуп атат. Бул жерде кыргыз улутундагыларды эле чакырып атат, акчасы жетпейт, же кыйынчылыктар болуп атат деген сөз эмес. Мурда союз учурунда жигиттер 13-14 жашынан медициналык каттого алынчу. Ден соолугуна байланыштуу карап келип, союз кезинде 100 баланын арасынан 98 бала аскерге кетчү. Бүгүнкү күндө текшерип келсек, чакырууга жарачулар көп эле бизде, бирок көбүнүн ден соолугу жарабайт, үй-бүлөлүк шарты келбейт. Бүгүнкү күндө корей улутундагылар, орустар деле кетип атат армияга, бирок аз, ошондуктан кыргыздар көп кетип атат деп айтылып атат.

“Азаттык”: Токтогул мырза, Кыргызстандын аскеринин негизинен бир улуттан тургандыгы боюнча оюңуз кандай?

Токтогул Какчакеев: Мунун эч кандай жаманчылыгы жок. Анткени чыккынчылык деген сезим, көрүнүш болбой калат. Экинчи жагынан, биздин бүгүнкү күндө 5 млн. калктын ичинен 80 пайызы кыргыз эли болуп отурат. Анын ичинен эсептей келгенде миллиону сыртка кеткен. Советтер Союзунда Кыргыз Республикасы жалпы СССРдин куралдуу күчүнө эки жолу аскерге чакырганда 36 миңдей киши кетчү. Бирок бүгүнкү күндө кыргыз аскери көп болсо 15 миңдин тегерегинде жүрөт. Сан боюнча биз тандап алганга мүмкүнчүлүк бар. Демократиялык жол менен, мыйзам жагынан келгенде биздин Конституциябызда “куралдуу күчкө кызмат кылуу – ыйык милдет” деп жазылган. Ошондуктан кыргыз атуулдарынын балдарынын баары тең Кыргыз мамлекетин коргогонго барыш керек, ушундай көз караш болуш керек.

Чын-чынына келгенде бүгүнкү күндө кедей дыйкан аскер болуп калды. Анткени колунда жок, ага-туугандары Ак тамда иштебегендер, губернатор болуп иштебегендер, ошолордун балдары барат. Билим аз. Орус тилин көпчүлүгү билбей, түшүнбөй да калды. Бизге курал-жарактын инструкцияларынын баары орус тилинде келет. Мына ошолорду которуп, аң-сезимине жеткириш үчүн бир жыл аздык кылат. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз акчаны үнөмдөйбүз, 12 миңден акча алып жыртыгыбызды бүтөйбүз деген түшүнүк өзүнчө эле авантюризм болуп калган.

Менин оюмча, кыргыз аскери керектүү деңгээлде окуу куралын, китеп, оперативдүү искусствону тим эле коелу, жөнөкөй эле тактиканы которо элекпиз. Мисалы, Казакстанда стратегия, оперативдүү искусство, тактиканын экинчи, үчүнчү басмасы чыгып атат. Биз чабал өрдөктөй болуп, же учалбайбыз, каркылдап кыйкырып атабыз, бирок жылыш жок. Аскер – мамлекеттин түркүгү. Эгер түркүгүбүздү жоготсок Оштогу окуядай болуп биз жаман абалга түшүп калабыз. Эртең эмне болорун бүгүнкү күнү ким билет? Анткени бүгүнкү күндө биздин ошол аскердин, коопсуздук органдардын, ошол эле милициянын чалгындоо органдары сокур болуп атпайбы. Эгерде көзү ачык болгондо, өз милдетин так аткарганда Оштогу чатак болмок эмес.

Кыялда калган билимдүү армия

“Азаттык”: Эрмухамед мырза, быйыл күздө жаңы аскерге милдеттүү уландарды чакыруу иши башталганы турат. Мына 12 миң сом акчасын төлөп коюп, анан бир айлык даярдыктан өтүп, аскердик милдетин өттүм деген болбойт. Баштала турган иште болжол менен канча миң уландар чакырылышы мүмкүн? Чакырыла тургандардын бардыгын кабыл алып, бардыгын окутуп үйрөтүүгө силерде даярдык мүмкүнчүлүк барбы?
Кыргыз мамлекетинин аскери 18 жылдан бери кичинекей Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанга салыштырмалуу артта калган.


Эрмухамед Юлдашев: Күзүндө 3 миңдей бала чакырылат.

“Азаттык”: Аз эмеспи?

Эрмухамед Юлдашев: Куралдуу күчтөр өзүнчө кыскарып кете берген. Бул күзгү чакыруу. Альтернативдик кызматка бул жылы 18-20 миңдей жаран чакырылат. Даярдыктар бүгүнкү күндө жасалып атат. Окутуу бөлүмдөр түзүлүп, окутууга даярдык жасап атышат. Жакында өзүбүз Ошко барып, ал жактан көрүп келдик, окуядан кийин аскердик бөлүктөрдү калыбына келтирүү иши башталыптыр. Мыйзамдын негизинде чакыруу октябрь айында башталып декабрга чейин болот. Ошол маалда чакыртуу башталып, кийим, тамак-аш менен камсыздоого мүмкүнчүлүк бар. Азыр даярдык көрүлүп атат.

“Азаттык”: Мурда кызмат кылгысы келбегендерден 12 миң сом алынчу. Ошондон канча каражат түшчү эле? Ошол сиздердин өзүңүздөрдүн аскер ишинин керектөөсүнө жумшалчу беле, же болбосо жалпы республикалык бюджетке эле өтүп кетчү беле?

Эрмухамед Юлдашев: 12 миң чакырылчу мобилизациялык резерв деген, чынын айтканда өздөрүнө эле, киймине, тамак-ашына кетчү, ок дарыларга бөлүнүп, ошону менен ал акча түгөнүп калчу. Экинчисинен, альтернативдик акчалар ресупбликалык бюджетке түшүп, андан тышкары аскердик бөлүмдөрдүн имараттарынын салынышына, күнүмдүк камсыздоого кетчү.

“Азаттык”: Токтогул мырза, 12 миң сом опуртал оюн сыяктуу эле болуп калды. Бул эгерде жайылып кетсе, мындан кыргыз аскерлери, Кыргызстандын коргонуусу кандай зыян тартат эле? Ушул опуртал жолдун тандалып алынышынын артында кандай саясий кызыкчылык бар эле?

Токтогул Какчакеев: Министр болуп, аскердик бирикмелердин командирлери болуп, көпчүлүгү генерал болгусу келген. Бирок ошол генералдардын арасында чыныгы урушка катышып, адамдар менен бирге окопто туруп, бирге атакага барып жүргөн офицерлер бизде аз. Ооганстанга бардык дегендердин көпчүлүгү ал маалда солдат болушкан. Офицерсиз эч качан аскер болбойт. Офицердик корпус бул баа жеткис байлык болуп эсептелет. Анткени офицерлер гана мамлекетти коргоп калганга мүмкүнчүлүгү бар.

Мен өзүм аскер адам болгондон кийин, окуу жайын, академиясын бүткөм. Аскерде дайыма өнүгүү жолу бийик турат, анткени аскерлер билимдүү болуш керек. Менин өкүнгөнүм, мына бизде Баткендеги 99-жылкы окуянын, ал тараптын максатына каршылык көрсөткөн биздин аскер ыкмаларынын, анын кемчиликтерин аскердик өнүгүү жолундагы, каршылык жолунда, же салгылашуу жолундагы китеп чыгарылган жок. Ал ошол бойдон коллегияда эле каралды, президентке жазды, ал эми президентте прокурор, же милиция отурат, аны урганы жок чынын айтканда. Аскерлердин турмушун, аларга чыккан пенсиясын көрүп, мына биз пенсияга чыккан балдарга жардам көрсөтүш үчүн соттошуп отуруп пайковойдун акчасын алып бергенге кудуретибиз жетти.

“Азаттык”: “Өз аскерин багалбаган өзгө өлкөнүн аскерин багат” деген накыл кеп бар. Ушуну менен тегерек үстөлдү аяктайбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG