Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:53

Ош: гумжардам тарткан кербенге кол салынды


Оштун борбордук аянты, 16-июнь
Оштун борбордук аянты, 16-июнь

Ошто кечээ түнү Бишкектен түшкөн гуманитардык жардамды тарткан кербенди коштогон чукул кырдаал министрлигинин күзөтчүлөрүнө белгисиз куралчан топтордун кол салуу жана аталган мекеменин имаратын басып алуу аракеттери үзгүлтүккө учуратылды.

Чукул кырдаал өкүм сүргөн Ош жергесиндеги чыр-чатакты тутантпай басууда аскердик жана милиция күчтөрү кеңири пайдаланылууда. Муну баса белгилеген аймактын комендатурасы учурда акыбал кыйла турукташып бараткандыгын билдирүүдө. А бирок Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү өкүлү маалымдашынча, тополоңду басуу мезгилинде бир чек арачы жана милициянын үч кызматкери каза тапты. Ошондой эле ички иштер органынын ок жеген алты адамы ооруканага жаткырылды.
Ош аэропортунда гуманитардык жүк түшүрүлүүдө, 16-июнь

Ош шаарынын коменданты Курсант Асановдун айтымында, жабыр тарткан аскерлер жана милиционерлер саны мындан дагы көп болушу ыктымал:

- Санын жашырыштын кереги жок. Төрт милиция окко учту. Жарадар болгондор өтө көп. Азыр эл дагы абдан кооптонуп турат. Ар кандай маалыматтардан баш адашат. Мисалы, чагымчыл мүнөздөгү «Беш жүз согушкер ал жактан кирет экен, бул тараптан кол салышат тура» деген ушак-айыңдар күчөдү. Мунун баары кызылдай жалган! – деп Курсант Асанов жердештерин ушак-айыңга азгырылбоого чакырып, мындан ары чагымчыл күчтөргө карата катаал чаралар көрүлөөрүн эскертти. Комендант буга ылайык аймакка кошумча күчтөр тартылгандыгын маалымдады.

Ушуга улай Ош шаарынын тургуну Алымбай Турдукулов кырдаал турукташып бараткандыгына токтолуп, мекендештерин эртеңки күндүн камын көрүүгө үндөдү:

- Учурда акыбал кыйла турукташып калды. Андыктан, Ош шаарынын тургундарына кайрылат элем, тополоңчуларды укпастан жумушуңарга чыккыла! Ырас, аны үчүн калаа бийлиги жүргүнчүлүк автоунааларды каттатканы оң. Шарт түзүлгөндө эл өзү кыймылдайт деп ойлоймун. Мына бул жерде таяк көтөрүп жүрбөстөн, картошка-пиязыңарды чаап, оокатыңарды кылгыла. Жаңжалчыларга ишенсеңер, эртең ачка каласыңар.
Оштун бир көчөсүндөгү аскерлер,16-июнь

Ошентип, Бишкек-Ош автожолунун кооптуулугун эске тутуп, гуманитардык жардам көбүнчө аба жолдору аркылуу ташылууда. Жергиликтүү бийлик маалымдашынча, 13-июндан тарта Ош шаарындагы аба майданына ондон ашуун учак келип конду. Аэропорттон бери шаар ичине жүктөрдү жеткирүү өзгөчө кырдаал министрлигине табышталган.

Мекеменин өкүлү Мырза Эргешов ырасташынча, кечээ жүктөрдү коштоп бараткан күзөтчүлөргө белгисиз топтор күтүүсүздөн кол салышкан. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес:

- Кербен түгөнгөндө акыркы машинаны аткылап жатышат. Кечээ түнү дагы күтүүсүздөн кол салышты. Убактылуу өкмөт андайларды атканга уруксат кылбадыбы. Биз жооп иретинде ок чыгардык. Алардын айрымдары өлдүбү-өлбөдүбү, билбейбиз. Жүк коштоп жүргөндүгүбүзгө байланыштуу жолдон калбай сапарыбызды уланттык, - деп эскерет Мырза Эргешов.

Өзгөчө кырдаал министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов кызматкеринин кебин бышыктап, артынан буларды кошумчалады:

- Куралчан топтор дале жойлоп жүрүшөт. Жол боюндагы үйлөрдүн булуң-бурчтарынан чыга калып аткандар көп. А түгүл биздин министрликке кол салып, жоокерлерибиздин автоматтарын тартып алууга да аракет кылышпадыбы, бирок алар өз убагында мизин кайтарышкан. Албетте, булар – кулатылган бийликтин калдыктары. Өзүңүздөргө маалым, Ош шаарында бир дагы кафе-ресторан же дүкөн иштебейт. Өнөр жай ишканалары жана социалдык обьектилер токтогон. Ошондуктан калкты кантип гуманитардык катастрофага учуртпоо жагын ойлонуштуруп жатабыз.
Оштун борбордук аянты, 16-июнь

Дүйшөн Чотонов жарандар адашып Өзгөчө кырдаал министрлигине тынбай кайрылып жатышкандыгын, бирок гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү алардын милдетине кирбей калгандыгын, муну менен мындан ары жергиликтүү бийликтер шугулданаарын кошумчалады.

Анткени менен коомдук ишмер, «Курманжан датка» фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева Ошко түшкөн гуманитардык жардамдар башаламан бөлүштүрүлүп жаткандыгын билдирди:

- Бул жерде гуманитардык жардамды таратуу системасы жок. Комиссиялар жакшы иштебей жатышат. Ачыгын айтканда, коррупция жыттанып турат.

Бул боюнча Ош облустук жана шаардык бийликтер менен байланышканыбызда, Жылдыз Жолдошеванын айткандарын четке кагышты.

XS
SM
MD
LG