Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Эл үнү: Жол башчы издебей жолуңду изде


Бул жумада “Эл үнү” берүүсүнө кайрылгандар 2005-жылдагы март окуясынын сабактары, соңку саясий окуялар жана жеке көйгөйлөрүнөн кеп козгошкон. Бул ирет Талас жана Баткен облусунан кайрылгандар басымдуу болду.

“Жол башчы издебей жолуңду изде”



Уран Рыскулов (Бишкек)

- “Азаттык” үналгысы аркылуу мен бүткүл кыргыз элине кайрылгым келет. Эгер ким бирөө эч нерсени билбей, кылганын унутуп калса аны “жинди” деп коюшат. Ал эми бүгүнкү кыргыздар өзүнүн тарыхын, бабалардан калган улуу бийиктиктерин унутуп калышты. Демек ушундай түркөй кыргыздарды эми эмне деп атасак болот? Кыргыз канчалаган кыйынчылыкта багынган эмес, бүгүнкү кыйынчылыктан да кыргыздар өтөт. Биз бүгүн адамды эмес, алдыдагы максаттарыбызды тактап алуубуз зарыл. Кыргыз айтат “Жол башчы издебей жолуңду изде”,- деп.

Баялы Саркулов (Чүй)

- 2005-жылы биз Курманбек Бакиевге аябай ишеним бергенбиз. Карапайым эл аны туу тутуп алган. Азыркы оппозиция да ага ишенген. Бирок ошондо, бүтүн кыргыз эли адам тандаганы үчүн жаңылыптыр. Жаңылганыбыз ушу да, бир кезде Акаевдин бийлигин кулаткандар, азыр Бакиевдин бийлигин кулатабыз деп жүрүшөт. Бизге бир жаңы идея, жаңыча максат жетишпей турат.

Алмаз Бакиров (Талас)

- 24-мартты мен революциялык майрам деп эч кандай эсептебейм. Себеби, ал бийликти жөн эле басып алуу болгон. Ал эми андан берки кырдаалды айтсам эл итке минген кедейге айланды. К. Бакиев өзүнүн айткан бир дагы убадасына турган жок. Кыргыз эли үчүн эч нерсе кылган жок. Өзүнүн үй-бүлөсүн бийликке аралаштырбайм деди эле?! Акаевдин эки эле бир тууганы болсо бул кишинин он чакты бир тууганы бар болсо керек. Ошонун баары азыр элдин кыжырдануусуна алып келип жатат. Бул президенттик шайлоого катуу даярданып, өзүбүздүн татыктуу адамыбызды тандабасак баары болбой калды го?

Сыргабек Алымкулов (Талас)

- Гезиттин баары, дээрлик эркин жазган гезиттер жабылып жатат. Бул кандай себептен жабылып жатат? Экинчиден “Азаттык” үналгысын укчу элек, аны да уктурбай калышты. Мына эл өзүнүн оюн айтканга жадесе укугу жок. Бийликтегилерди элдер жалаң ушак менен эле угуп калды. Эми ал ушакпы же арасында чындык барбы бул элге белгисиз.

Тосмолонгон нааразылык

Акылбек Ысманов (Баткен)

- 27-марттагы БЭКтин митинги Баткенде үзгүлтүккө учураганын баары билет. Карапайым калк ушундай жол менен, же болбосо митинг аркылуу өз үнүбүздү бийликке жеткирүү керек болчу. Ушуга катуу даярданган болчубуз. Бийлик ыплас жол менен башкача айтканда коркутуу-үркүтүү менен митингди болтурбоого жасаган аракети демократиянын улам тебеленип жатышын билдирет.

Ташболот Балтабаев ( Ата Мекен партиясынын Баткен облусу боюнча координатору)

- Мен Баткен аэропортуна түшкөндө эле бул жерде өзгөчө кырдаал жаралганбы деп ойлодум. Себеби топураган милиционерлер, аскерлер, акимчилик кызматкерлери дегендей... Бул Бакиевдин ачык-айкын шайлоо өткөрөбүз, оппозиция менен сүйлөшүүгө барабыз дегени кезектеги алдоосу экендигине көзүбүз жетти.

Бакир Имаров (Баткен)

- Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүндө элди митингке келтирбөө үчүн чек арачылар айыл өкмөттөр ортосунда да бекеттерди орнотушуп, текшеришкен. Өз өлкөбүздө ушундай бекеттерден өтүп жатканыбыз эмне деген шумдук?

Мамажан Бердишев (Баткен облустук акимчилигинин маалымат катчысы)

- БЭК Баткен шаардык мэриясына митинг өткөрүү боюнча кайрылган. Ал кайрылууну канааттандырып, имарат ажыратып, үн күчөткүчтөрдөн бери орнотулуп берилди. Алар кайрылуусунда беш жүз киши чогулабыз деп айтышкан. Бирок бирөөсү да митинге келген жок. Эгер өз үнүн митингде чындап эле айтам дегендер болсо, аны бийлик зордоп токтото албайт, бул оппозициянын эл арасында колдоо таппагандыгынын айкын далили десек болот.



XS
SM
MD
LG