Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Калктын 82,4 пайызы үнөмдөп калды


“Эл пикир” аттуу коомдук пикирлерди иликтөө жана болжолдоо борбору жакында баалардын өсүшүнө байланыштуу бишкектик миң киши менен баарлашып, сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыктары тууралуу “Эл пикирдин” адиси Эрмек Батырканов “Азаттыкка” маек курду.

- Ушул сурамжылоо кандай максатты көздөп жүргүзүлдү?

Эрмек Батырканов: Биринчиден, бул иликтөө толугу менен биздин борборубуз тарабынан уюштурулган, бул коммерциялык иликтөө эмес. Иликтөөнүн максаты – калктын ой-пикирин өкмөткө чейин жеткирип, өкмөт маанилүү маселелерди чечүүдө элдин пикирин эске алып, туура чечимге келет деген ойдобуз.

- Азык-түлүккө, электр кубатына, уюлдук байланышка, ысык сууга баанын көтөрүлүшүн сураган экенсиздер. Элдин пикири кандай экен?

Эрмек Батырканов: Иликтөөнүн негизинде “сиз электр кубатына болгон баанын көтөрүү зарылдыгын түшүнөсүзбү” деген суроого жооп бергендердин 65-79 пайызы бааны көтөрүү зарылдыгын түшүнбөйбүз деп жооп берген.

- Дегеле сурамжылангандар баанын көтөрүлүш себебин эмнеге байланыштырып атышат?

Эрмек Батырканов: Ар кандай ойлор болот экен, кээ бири дүйнөлүк кризиске байланыштырса, айрымдары бийликтин өз кызыкчылыктарына байланыштырышат. Дагы бир тобу такыр түшүнбөйбүз деп жооп кайтарды.

- Үй-бүлөгө кандай таасир этери тууралуу сурамжылоо барбы?

Эрмек Батырканов: Бар, баанын көтөрүлүшү респонденттин 7 пайызына гана таасирин тийгизбептир. Ал эми калган 82,4 пайызы үнөмдөп калышкан. Анын ичинен 28,6 пайызы тамак-ашка, 16,5 электр жарыгына жана 15 пайыз кийимге үнөмдөп калышкан.

- Азыр коомчулукта баанын кымбатташы нааразылык акцияларын күчөтүп жиберет деген пикирлер арбыныраак айтылып баштады. Сурамжылоолор көрсөттүбү, бул өңүттө кандайдыр бир пикирди билдирдиби?

Эрмек Батырканов: Бул жөнүндө кийин кандайдыр бир нааразылыктар болот го дейм. Анткени иликтөө көрсөткөндөй эле, көбүнчө элдер карыз ала баштаптыр. Мисалы, ар бир онунчу респондент электр энергияны төлөө үчүн карыз алган деп жүрөт. Жылуулукка 15,4 жана тамак-ашка 7,7 пайыз эл карызга ала баштаган.

- Сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG