Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Кыргызстандын жеңил атлеттери ийгиликке жетишти


Иранда өткөн Азия чемпионатында кыргыз спортчулары эки алтын, бир күмүш жана бир коло медал жеңип алышты.

Виктория Полюдина 3 чакырымды 9 мүнөт 43,99 секундада, ошондой эле 1500 метрди 4 мүнөт 29,65 секундада чуркап өтүп, эки аралыкта тең алтын медал жеңип алды. Ал эми 800 метр аралыкта чуркоодо Татьяна Борисова күмүш жана 1500 метрде коло байгени багындырды.

Футбол боюнча Кыргызстандын вице-чемпиону “Абдыш-Ата” клубу Түркмөнстан президентинин Кубогунан кайтып келди. Мелдеште В тобунда мөөрөй талашкан Канттын клубу алгач талаа ээлери болгон “Небитчиге” 1:0, кийинки таймашта Литванын “Экранас” клубуна 2:0 упайы менен жеңилип калды.

Тайпа ичиндеги акыркы оюнда Казакстандын “Окжетпес” командасы менен тең чыгып, бирок топ ичинде акыркы орунга татыгандыктан мелдешти уланта алган жок. Ал эми Кубоктун ээси болуп А тобунда мөөрөй талашкан Ашхабаттын “Алтын-Асыр” клубу аталды.

Бишкекте хоккей боюнча жолдоштук беттешүү өттү

Баш калаанын “Илбирс” жеткинчектер командасы Казакстандын Алмата шаарынан келеген «Нур-Енбек» клубу менен жолдоштук беттешүү өткөрдү. Мелдеш 27-28-февралда өтүп, эки оюн менен жыйынтыкталды. Таймаштар 4:4 эсебинде аяктап, чечүүчү упайлар булит негизинде аныкталды. Анда 4:1 жана 2:1 айырмачылыгы менен Кыргызстандын жаш хоккейчилери ийгиликке жетишти. Жакында 4-5 мартта Кыргызстандын ар аймактарынан келген алты команданын катышуусунда хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионаты өткөнү турат.

21-Кышкы Ванкувер олимпиадасы аяктады


82 өлкөдөн спортчулар 16 күн бою спорттун жети түрүнөн 15 дисциплина боюнча мөрөй талашышты. Бардыгы болуп 86 комплект медал ойнотулуп, командалык эсепте 14 алтын медал жеңген Канада курамасы топ башына гана чыкпастан дүйнө рекордун да жаңыртып, олимпиаданын сенсациясын жаратты.

Буга чейин СССР, 2002-жылы Норвегия курамасы 13 медал жеңип дүйнө рекордунун ээси аталып келишкен эле, эми бул орунду Канада ээледи. Экинчи тепкичке 10 чемпиондуу болгон Германия, үчүнчү катарга тогуз алтын тагынган АКШ командасы ээ болду. Турин олимпиадасында сегиз алтындуу болгон Орусия бул ирээт үч чемпиондуу болуп командалык 11-орунга татыды.

Кыргызстан курамасы кантти?

Ванкувер олимпидасында Кыргызстандын намысын эки спортчу коргоду. Ольга Решеткова бир жарым чакырым аралыкта жарышка чыгып, 54 спортчунун ичинен акыркы болуп марага жетти. Ал эми Дмитрий Трелевский тоодон ылдамдыкта түшүү боюнча эки аралыкта мөөрөй талашты. Алгачкы мелдеште кыргыз спортчусу 103 атлеттин ичинен 76-орунга татыган. Экинчи таймаш 27-февралда өтүп, анда Трелевский кандайдыр бир себептерден улам марага жетпей калган.

Олимпиаданын жыйынтыгы жана кыргыз спортчулардын көрсөткүчү тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов буларды айтты:

- Канада курамасы командалык эсепте биринчи орунга чыкты. Германия, АКШ, Норвегия спортчулары да жакшы көрсөткүчкө жетишти. Орусия алдыңкы он орунга кирбей калганы күтүүсүз болду. Бул көрсөткүч бир четинен жакшы, эми алар жакшы даярданышса Сочи-2014 олимпиадасына чейин убакыт бар.

- Кыргыз спортчуларынын көрсөткүчүнө кандай баа бересиз?

-Кыргызстандын эки спортчусу биз пландагандай ийгиликке жеткен жок. Өзгөчө Ольга Решеткованын артта калышы кейиштүү көрүнүш. Ал жок дегенде ортоңку орунга ээ болот деп ойлогонбуз. Дмитрий Трелевский жакшы эле катышып берди. Көрсөткүчү канааттандыраарлык. Эми биз ушуну менен гана токтоп калбастан Улуттук олимпиада комитети, Спорт агенттиги менен биргеликте кемчиликтерди аныктап кайсы багытта иш жүргүзөөрүбүздү аныкташыбыз абзел. Себеби 2011-жылы биздин спортчуларды Казакстанда өтө турган Кышкы Азия оюндары күтүүдө.

Кыскача жаңылыктар:

4-6-мартта Кара-Балта шаарындагы “Манас” спорт борборунда сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпионаты болот.

5-6-мартта Бишкек шаарынын муз майданында алты команданын катышуусунда хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

5-6-мартта Раатбек Санатбаев атындагы спорт борбордо грек-рим күрөшү боюнча Октябрь районунун байгесине арналган мелдеш өтөт.

6-7-мартта бокс жана фитнес борборунда эрежесиз мушташ боюнча чемпионат болот.
XS
SM
MD
LG