Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Н. Аскаров: Баштапкы кесиптик билимге түшүнүк өзгөрүүдө


“Азаттык+” апта темаcына ылайык жумушсуздук, ишке орношууга арналган баян-маектерди сунуштап жатат. Тема алкагында Кыргызстандагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин жетекчиси Нурлан Аскаров маек курду.

- Азыр Кыргызстандын эмгек рыногунда кандай кесиптин ээлерине өзгөчө талап болуп жатат? Сиздер иликтөө жүргүзүп турсаңыздар керек.

- Ооба. Миграция жана калкты жумуш менен камсыздоо комитетинин материалдарына жана өзүбүздүн иликтөөбүзгө ылайык, азыр негизинен өндүрүштө, өнөр жайда, коомдук тамактандыруу жана элге кызмат көрсөтүү тармактары, жеңил өнөр жайда талап чоң. Тейлөө тармагын айтсак, ашпозчулар, официанттар, жеңил өнөр жайда тигүүчүлөр бычмачылар, курулушта ар түрдүү кесиптеги куруучулар. Андан сырткары машина оңдоочу кесип боюнча талап көп. Айыл жергесинде фермелер керек. Эми фермер десе эле мурдагыдай тракторист же саанчы эмес, жер айдаганды, мал бакканды, айыл чарбасын билген адамдарга талап бар.

- Орто-кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусу кандай болуп жатат?

- Кыргызстанда 111 окуу жай бар. Баш-аягы отуз миңден ашык бала окуйт. Жылына 10-12 миң улан-кыз бүтүрөт. Бизде жогорку окуу жайлардан айырмаланып, үй айлыктан баштап үч жылдыкка чейин ар кандай курстар бар. Кийинки убакта жашы жеткендерди да кайра окутуп калганбыз. Эми бүтүрүүчүлөрдү жумушка орношуусу абдан жогору. Биздин статистикабыз боюнча сексен пайызы дароо окууну бүткөндөн кийин иш табат.

- Учурда каржы каатчылыгы, анын кесепети тууралуу көп эле сөз болуп келет. Каатчылыктын таасири сиздерге да тийип жатса керек?

- Таасири тийип жатат. Мисалы быйыл өзгөчө практикага орношуу кыйын болуп калды. Жылда биздин балдарды практика маалында иш берүүчүлөр өздөрү келип талап, талашып алып кетчү. Быйыл бул жактан маселе болуп жатат. Мисалы тигүүчүлөрду даярдаган окуу жайларыбыздан ушундай доолор келип атат. Баягы цехтер жок. Көп ишканалар жабылган. Курулуш тармагында да ушундай болуп жатат. Бул каатчылыктын таасири болсо керек.

- Дегеле агенттикте адисттерди даярдоо кандай жүрүп жатат? Азыр Камбарата ГЭСтерин куруу башталбады беле. Анан бул курулушка атайын билими бар жумушчулар жетиштүүбү?

- Бул жаатта адистерди даярдайбыз, деп шымаланып даярданып жатабыз. Бул планга кирген нерсе. Чет өлкөлүк донорлордун, өзүбүздүн каражат менен көп окуу жайларга жаңы жабдууларды киргизип жатабыз. Акыркы жылдары жаңы окуу жайлар ачылган эмес эле. Эки жума мурун өкмөт башчы өзү катышып, Беловодский айлында ресурсттук борбор ачылды. Ошол жерде сиз сурап аткан жаңы жабдуулар, жаңыча окутуулар, методикалар киргизилген. Агенттик болуп иштегенибизге эки жыл болду. Ошондон бери негизги багыт катары мугалимдерди кайра даярдоону, окуу методикаларын карап чыгууну колго алдык.

Дегеле ушул системаны реформалоо болуп жатат. Анткени өзүңөргө белгилүү болсо керек, мурда ПТУ десе, жаман окуган, эки алып жүргөндөрдү мажбурлап окутуп чын-калп болсо да эки-үч жыл кармап ишкана-заводдорго жөнөтүп койчу. Азыр андай метод жок. Учурда эң негизги максат катары окуу мөөнөттөрүн кыскартышыбыз керек. 2-3 жыл дегенди жоюп, 3-4 айлык курстарды киргизип, ыкчам, тез жана сапаттуу адисттерди даярдашыбыз керек.

Биздин колу-бутубузду байлап жаткан нерсе окуу куралдарыбыздын, жабдыктарыбыздын эски болуп жаткандыгында. Эми муну деле чечсе болот. Бир жолу катары иш берүүчүлөр менен тыгыз иштөө болуп жатат. Биздин бүтүрүүчүлөргө кимдер кызыкса, ошолор жардам беришет экен. Муну өзүбүздүн тажрыйбабыздан да көрдүк. Акыркы жылдары шаардагы чоң-чоң курулуш компаниялары менен бирге иштегендин натыйжасында кыйла жабдыктарды жаңыртып алдык. Ошол эле машиналарды техникалык жактан тейлөөстанциялар менен бирге иштеп атып, шаймандарды жабдууларды алып бул жактагы абалды да оңдоп жатабыз.

- Кыргыз коомчулугунда адатта, кийин жумуш табабы же жокпу анысына карабай, кесиптик-техникалык билим алгандан көрө жогорку билимге умтулуу байкалат. Бирок азыр абал кичине өзгөрө баштагандай?

- Туура айтасыз. Элибизде, башка бирөөнүн баласынан кем болбосун, диплом алсын, деген түшүнүк бар. Бул токсонунчу жылдардын башында абдан күчтүү болчу. Андан бери элдин өзүнүн деле көзү жетти окшойт. Ар бирибиздин деле туугандарыбыз бар, бир эмес эки диплому менен иши жок жүргөн. Ушундан улам биздин баштапкы кесиптик билим берүү системасына көз караштар өзгөрдү десек болот. Мунун фактору катары бизде окуу жайларда конкурс боло баштады. Шаардагы жакшы алдыңкы тигүүчү, куруучуларды даярдай турган окуу жайларда бир орун үчүн конкурска төрт-бештен бала туура келип калды. Бул кеип алабыз деген балдардын, алардын ата-энесинин түшүнүгүнүн белгиси деп эсептейбиз.

Ошол эле учурда жогорку окуу жайларды бүтуп алып бизге келген балдардын саны да көп болуп жатат. Менин оюмча, турмуш, экономикалык өнүгүү баарын орду-ордуна койсо керек. Эгер өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын карай турган болсок, ал жерде кесиби бар, колунан бир нерсе келген адамдар үй-бүлөсү менен династициясы менен сыймыктанышат. Мына Европага баарбыз тең барып атабыз, навайканабы, же таттуу токоч жасаган жайбы, чач тарачпы “баланчанын устканасы, 1670-жылдан бери”, же болбосо “мына бул жерде сыра чыгат, 1500-жылдан бери”, деп жазып коюп, сыймыктанышат. Бизде болсо ошентип айтсак, “колуңдан эч нерсе келбесе ошону менен жашайсың да. Кыйын болсоң сот, прокурор же аким болбойсуңбу”, деп айтышат. Мындай психологияны өзгөртүш керек.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG