Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Калк күтө берип чарчады


“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар парламент толук кандуу иштебей, коалициялык өкмөттүн түзүмү кечиктирилип жатканына нааразылык билдиришүүдө.

Парламенттин аппаратынын жетекчиси Жогорку Кеңеш толук кандуу иштеп жатканын, келерки аптада коалициялык өкмөт түзүлүп калышынан үмүт артып турганын белгиледи.

Жамбыл Камчиев: 1990-жылдан бери Ош шаарында жашагандарга үй курууга жер участогу расмий бериле элек. Ошол убактагы төрөлгөн балдарыбыз 19-20 жашка чыкты. Аларга да там-таш салганга жер керек. Ал эми жер участогу Кара-Суу районунда берилгени менен ал жерде каттоо болбосо жер участогуна ээ боло алышпай келишкен.

Эсиңерде болсо керек 90-жылдагы Оштогу тополоң да ошол жердин кесепетинен келип чыккан. Муну бийлик алдын ала ойлонушу керек эле. Мына Ошто жер басып алып жатат дешет. Эмне үчүн бул маселе 2-3 жыл мурда ойлонулган эмес? Бийлик дайыма артында жүрөт. Качан элдин нааразылыгы күчөп, тополоң чыккандан кийин ызылдап чуркап калышат. Ошондуктан жаңы Жогорку Кеңеш тез арада жер жөнүндө мыйзамды карап чыгышы керек. Бул маселени мыйзамдуу жол менен чечпесе аягы жаман болот деп ойлойм.

Бишкек шаарынын тургуну, ардагер Токторбай Бектурганов: Депутаттардын шайланганына бир жарым ай болуп баратат. Эми парламентке өткөн партиялар бири-бири менен тил табыша албай, сага-мага дешип бир пикирге келе албай жатканы жакпайт. “Ата Мекен” партиясы парламенттик башкарууга келүүгө бир топ жакшы сунуштарды киргизип, мына жаңы Конституцияны эл колдоп берди. Бирок шайлоодо ошол “Ата Мекен” партиясын 5,5 пайыз эле шайлоочулар колдошту. Муну эсепке алып, спикерди бергиле деп убакытты созбой, азыр спикердин милдетин аткарып жаткан Ташболот Балтабаевди эле Жогорку Кеңешке төрага кылып шайлап алышса бардык маселе чечилчүдөй.

Зулайка Сариева: Азыр парламент депутаттар өкмөт түзүүнү атайын создуктуруп жатышат. Алар шайлоо алдында элге берген убадаларын аткаруунун ордуна талашып-тартышып отурушат. Булар эртерек эл үчүн иштеши керек. Буларды көрүп алып элдердин көңүлдөрү да сууп кетти. Алар шайлоо алдында элдин турмушун көрүп кетишти. Эми тезирек иштесин. Мына кыш да келип калды. Азыр жаңы өкмөт түзүп аларды элдин көйгөйүн чечкенге иштетсин. Эгерде бул колунан келбесе депутаттар мандаттарын кайра тапшырсын.

Жумабек Сатсаяков, Талас: Кийинки парламентке келген саясий партиялардын саясатын угуп-көрүп отуруп жаман көңүлүм калды. Ушул партиялар бири-бирин жаманатты кылбай, бири-бирин чукубай ынтымакка келип кыргыздын жашоосун оңдогонго шарт түзүп берсе жакшы болор эле. Дагы бир айтарым “Ата Журт” партиясына кыргыз эли толук ишене турган адамдар кирген эмес. Алардын арасында мурдагы бийликти колдогон, элдин кызыкчылыгын ойлобогондор бар. Жанагы Роман Шин элдин кызыкчылыгын эч качан ойлобойт деп эсептейм. Ошол үчүн “Ата Журт” элдин ишениминен кетип, иренжитип жатат.

Шаршеналиева Айнагүл, Бишкек: Азыркы жаңыдан келген депутаттар шайлоо алдындагы айткан убадаларын аткарбаса, эл ишенбей калат. Бизди кыжаалат кылганы азыр кресло талашып жатканы. Эгерде эл үчүн иштейбиз десе “Ак Бата” айылынын этегиндеги Адилет жаңы конушунун тургундарынын үйүн түрттүртпөй, сактап калышсын. Өткөндө 22 үйдү түртүп салуу боюнча чечим чыгыптыр. Эми дагы 150 адамдын үйүн түрттүрүү үчүн чечим чыгат экен деп угуп жатабыз. Депутаттар эл үчүн десе тезирек ишке киришип, биздин көйгөйүбүздү чечип берсин.

Тешебай Рүстөмов, ардагер: Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга кадыгер болбой өзүмдүн көз карашымды билдирейин. Шайлоо болду, шайлоонун да эртеси болду. Эми партиялар бири-бири менен коалиция түзө албай, жетекчилери бири Орусияга, бири Казакстанга, бири Украинага чуркап жүрүшөт. Буларда мамлекеттүүлүктү сактап калалы деген ой жок. Булар дагы жерди сата баштайт деп эл күмөн болуп жатат. Ошондуктан шайлоо алдындагы 1 миллиард сомду элге чачса, ар бир киши башына 200 сомдон болот экен. Ошону чогултуп, эгерде элдер макулдук берип парламентти таратса, элдик курултай чогултуу керек. Биз кыргыздар элдик бийлик менен алдыга жылбасак 29 партия менен, 120 депутат менен экономикабызды көтөрө албайбыз. Буларың элдин көйгөйүн чече албайт.

Улан Кадыркулов, Тогуз-Торо: Парламент коалицияны тез арада түзүшү керек. Алардын кечиктирип жатканына тогузторолуктар кыжаалат болуп жатышат. Бир эмес, экинчи революция жасалып, бейкүнөө жигиттердин каны төгүлгөнүнө карабай депутаттар “портфель” талашып отурганы туура эмес деп атышат. Жогорку Кеңеш толук кандуу иштеши керек. Эми канча күтүү керек.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов: Парламенттин биринчи жыйыны ачылып, депутаттар мандат алгандан баштап эле иштеп жатышат. Президент Роза Отунбаева коалиция түзүүнү КСДПга тапшырган. Ал тапшырманы Социал-демкораттар партиясы алып иштеп жатат. Азыр күнүгө эртең менен саат 8-30дан кечке чейин иштеп жатышат. Баары тең жумуш ордунда. Күнүнгө жолугушуулар, кеңешүүлөр, талкуулар өтүп жатат. Ар бир фракциянын жыйындары өтүп жатат. Ошондой эле 9-ноябрдан баштап Жогорку Кеңештин аппараты толугу менен жумушка чыккан. Бардыгы толугу менен иштеп, тапшырмаларды алып жатышат. Депутаттар шайлоочуларды кабыл алып, азыр кадимкидей эле толук кандуу иш алып барышууда. Күнүгө президент, өкмөт менен жолугушуулар болуп, фракциялар өз ара иштешүүдө.

Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, учурда парламентке өткөн партиялар арасында кеңешүүлөр жүрүп, жакын арада парламенттеги саясий партиялар ымалага келишип, коалиция түзүүсү күтүлүүдө.

Сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 же 31-61- 53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG