Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы аяктады


39-шахмат олимпиадасы Орусиянын Ханты-Мансы шаарында 19-сентябрда башталып, 3-октябрда акыл таймашуулары соңуна чыкты. Олимпиадада жүз элүүдөй өлкөнүн командалары мөрөй талашты.

Кыргызстандын намысын жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин, өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Насир Акылбеков, Михаил Марков, Леонид Юртаев, Алгис Шүкүралиев жана Нурдин Самаков коргоду.

Кыз-келиндер командасынын курамында Александра Самаганова, Ирина Острий, Бактыгүл Тиленбаева, Нуриса Оторбаева дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышып, мөрөй талашты.

Эр-азаматтар жетинчи беттешүүдө Орусия-4 командасы менен таймашка чыгып, аларды кыргызстандыктар 4:2 эсебинде утуп алышты.
Кыргызстандын эркектер командасы сегизинчи атаандашы бразилиялыктардан жеңилүү ызасын тартса, 9-турда Македония өлкөсүнүн шахматчыларын 3:1 эсебинде утуп алышты. Онунчу атаандашы Австриянын эр-азаматтарына бир упай айырма менен утулду.

Шахмат боюнча жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөгөн Исаевдин айтымында, кыргызстандыктардын даярдыгы начар болсо да аракет кылышты. Кыргызстандыктар 150 командадан жоон ортодо турушту.

Акыл таймашында Украинанын жигиттери биринчи, Орусия экинчи, Израиль үчүнчү орунду камсыз кылышты. Эң мыкты шахматчы деген сыйлык украиналык Василий Иванчукка ыйгарылды.

Кыргызстандык кыз-келиндер командасынын аракети орто. Сегизинчи турда Гватемаланын командасын бир упай айырма менен утуп алышты. Тогузунчу беттешүүдөгү атаандашы Бразилия өлкөсүн командасына 2 упай айырма менен жеңилип калышты. Ошондой эле 10-турда өлкөсүнүн командасын бир упай айырма менен утуп алууга жетишти. Он биринчи беттешүүдө швециялыктардан да жеңилүү ызасын тартышты.

Кыз-келиндер акыл таймашуусунда Орусиянын командасы биринчи орунду ээледи. Экинчи катарга кытайлык кыз-келиндер турду. Грузиянын кыз-келиндер командасы үчүнчү орунду ээледи. Кыргызстандыктар 72-орунда турду.

Кирсан Илюмжинов кайрадан шайланды

29-сентябрда Ханты-Мансы шаарында Эл аралык шахмат федерациясынын 81-конгресси болуп, бул уюмдун президенти шайланды. Президенттикке сунушталган эки талапкерден ФИДЕни учурдагы президенти Кирсан Илюмжинов 95 добуш менен кайрадан жетекчи болуп шайланды. Экинчи талапкер, шахмат боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Анатолий Карпов 55 добушка ээ болду. Вице-президенттер болуп кытайлык Чу Бо менен орусиялык Илья Левитов шайланды.

Кирсан Илюмжинов 1995-жылдан бери ФИДЕнин президенти милдетин аткарат, ал эми дагы кийинки 4 жылга бул дүйнөлүк уюмду жогорку даражада тейлөөгө убада берди.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде, шахматты Кыргызстанда өнүктүрүү үчүн колдоого алып, 16-Азия оюндарына өлкөнүн шахматчыларын катышуу үчүн каражат бөлүштү.

Ноябрда Кытайдын Гуанжоу шаарында боло турган 16-Азия оюндарынын программасына шахмат оюну да киргендиктен өлкөнүн Улуттук олимпиада комитети шахматчылар командасын каржылап алып барганы турат.
XS
SM
MD
LG