Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:14

Жеңүүчүлөргө урмат жана унаа


Якутск шаарында эмгек сиңирген машыктыруучу Дмитрий Коркиндин элесине арналган эл аралык эркин күрөш мелдешинде кыргызстандык балбандар мөрөй алышты.

Алтынга 3 миң, күмүшкө 2 миң, коло медалга 1 миң доллар

Октябрь айынын башында Орусиянын Якутск шаарында эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Дмитрий Коркинди эскерүү эл аралык мелдешинде шериктеш 13 өлкөнүн жүздөн ашуун балбаны күч сынашты.

Жыйынтыгында кыргызстандык үч балбан 2 күмүш жана 1 коло байгелүү болушту. Жеңил салмакта баш байгени белорусиялык Владислав Андреев жеңип алса, орусиялык Егор Дмитриев экинчи орунду ээледи. Кыргызстандын намысын коргогон Михаил Захаров менен казакстандык Давлет Ниязбеков коло байгелүү болушту.

66 кг. салмактагы балбандардын финалдык таймашында казакстандык Леонид Спиридонов кыргызстандык Иннокентий Иннокентьевди аз упай айырма менен утуп, алтын байгелүү болсо, кыргызстандык Иннокентийге күмүш медаль ыйгарылды.

Оор салмакта да финалда орусиялык Остап Пасенок менен кыргызстандык Айаал Лазарев күч сынашты. Натыйжада аз упай айырма менен кыргызстандык Айаал Лазарев Остапка алдырып койду.

Өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башкы адиси Канат Арпачиевдин айтымында, бул мелдеште биринчи орунга үч миң доллар, экинчи орунга эки миң, үчүнчү орун үчүн миң доллар сыйлык катары ыйгарылды.

Чымкенттеги эрежесиз кармаштын эрендери

Кыргызстандык мушкерлер Чымкентте өткөн эрежесиз кармаш эл аралык мелдешинде 4 медаль утуп алышты. Бул мөрөй талашууга Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Кыргызстандын элүүдөн ашуун кесипкөй мушкерлери катышып, күч сынашты. 70 кг салмакта кыргызстандык Токтобек Аписов бардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынды.

Оор салмакта өлкө намысын коргогон кыргызстандык Сүйүнбек Мамбетов да биринчи орунду ээлеп, чемпион аталды. 55 кг салмактагы кыргыз жигити Гүлжигит Шерматов финалга чыкканы менен атаандашына аз упайга алдырып коюп, күмүш байгелүү болду. 65 кг салмактагы Бектемир Абдразаков финалга чейин жетип, экинчи орунду ээлеп, күмүш медалга арзыды. Бул мелдешке Кыргызстандан беш балбан барганы менен алардын төртөө мөрөй алып, өлкөнүн намысын коргоп, желеги көтөрүлдү.

Польшадагы IV евразиялык атайын жаштар оюндары

Кыргызстандын майып спортчулары Польшада өткөн IV Евразиялык атайын жаштар оюндарында 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль жеңип келишти. Өлкөнүн спорт адиси Канатбек Арачиев бул кыргызcтандык майып спортчулары үчүн чоң жетишкендик экендигин “Азаттыкка” айтып, ага барып келүүгө өлкөнүн мамлекеттик Дене тарбия жана спорт агенттиги бардык шартты түзгөндүгүн билдирди.

- Алар Дене тарбия жана спорт агенттигине ыраазычылыгын билдирип жатышат. Буга чейин агенттик чет өлкөдө өтө турган оюндардын чыгымынын 20-30 пайызын гана төлөп келген. Калган акчаны жеке ишкерлер таап берчү эле. Быйыл өлкөдөгү кризиске байланыштуу бир да ишкер демөөрчүлүк көрсөткөн жок. Алар ишинин начар жүрүшүн айтышып, жардам берүүдөн баш тартышты
.

IV Евразиялык атайын жаштар оюндарында бишкектик Максим Сахнов 2 алтын, 2 коло, Сабыржан Мумедрахимов 2 күмүш медалды жеңип алды. Атайын оюндарга жалпысынан 56 өлкөдөн спорттун 8 түрү боюнча 1 миң 500 атлет катышты. Кыргызстан Евразиялык атайын жаштар оюндарына экинчи ирет катышты. 2006-жылы Римде өткөн оюндарда бир медалга ээ болушкан.

Бул оюндар 21 кылымга чакырык, анын катышуучулары өз күчүн жана эркин көрсөтүштү. Анын негизги максаттары Евразия континентинде атайын олимпиадалык кыймылды алдыга жылдыруу, майып адамдарды коомчулуктан артта калтырбай бардык иш-чараларга кошуу, атайын олимпиадалык оюндардын спортчулардын тажырыйбасын жогорулатуу болуп саналат.

Жаштар олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар

Жайында Сингапурда өткөн Өспүрүмдөрдүн алгачкы олимпиадалык оюндарында биринчи орун алып, чемпион аталган грек-рим күрөшүнүн балбаны Урматбек Аматовго жана коло байге уткан анын өнөгү Шадыбек Сулаймановго Түштүк Кореянын эки унаа тартууланды.

Бул сыйлыктар тууралуу өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов “Азаттыкка” айтып берди.

- Эки жигит: Урматбек Аматов менен Шадыбек Сулаймановду өлкөнүн күрөш федерациясы атайын сыйлык берүү чечимин чыгарып, аларга Орусиянын Кыргызстандагы “ГазпромнефтьАзия” ишканасы демөөрчү болуп, Түштүк Кореянын эң мыкты эки унаасы тартууланды. Бул унаалардын ар бири 13 миң долларга сатылып алынды.

Бул сыйлык дагы жеңиштерге шыктандыра турганын Сингапур жаштар олимпиадасынын чемпиону Урматбек Аматов айтып, дүйнө чемпионатына даярданып жатканын билдирди.

Сингапурдагы жаштар олимпиадасында дзю-до күрөшүнөн коло байге уткан Болотбек Токтогоновго Талас облус жетекчилери аргымак ат мингизип, калпак, чепкен кийгизип, жеке менчик үй салуу үчүн Талас шаарынан жер бөлүп беришти.
XS
SM
MD
LG