Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү экс-президент К. Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратып, эл алдында жоопко тартуу үчүн аны Минскиден Кыргызстанга кайтарып алып келүү боюнча аракеттерди баштады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев бир эле учурда чет өлкөдө мурдагы бийликтин таламын талашкан, керек болсо Кыргызстанда диверсия жасоону максат кылган күчтөр да бар экенин баса белгиледи.

“Азаттык”: Бишкекте экс-президент К. Бакиевди жоопко тартуу боюнча ар кандай акциялар жүрүп жатат. Деги эле Бакиевди жоопко тартууга Кыргызстандагы жаңы бийликтин алы жетеби?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Кечээ өкмөттүн отурумунда К. Бакиевди кол тийбестигинен ажыратып, тиешелүү чечимди биз кабыл алдык. Ошонун негизинде жакынкы күндөрдө биздин Баш прокуратура керектүү кагаздардын баарын топтоп, аларды эл аралык келишимдердин негизинде тууралап туруп, тиешелүү болгон мамлекеттерге жиберип Курманбек Бакиевди кыргыз мамлекетине алып келип, тиешелүү түрдө элдин алдына сотко коюуга даяр экендигин билгизди. Биз ушул багытта болгон аракеттердин баарын жасайбыз, Бакиев эл алдында жооп берүүгө жана жасаган иштерине жараша жазасын алууга тийиш.

“Азаттык”: Ушул учурда Лукашенко Бакиевди президент деп таанып, Кыргызстандын азыркы убактылуу өкмөтүн тааныбай турганын билдирип жатпайбы. Эгерде Минск Бакиевди бербей койсо, кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Биздин эл тандаган бийликти Лукашенко тааныйбы-тааныбайбы, бизге баары бир, ал Лукашенконун проблемасы. Президент Лукашенко Бакиевге жанагындай шарттарды түзүп, аны легитимдүү деп атканы, албетте, ал кишиге карата бир топ суроолорду жаратат.

Бакиев бул жердеги кезинде аны аман-эсен чыгарып ийгиле, жаманбы-жакшыбы президент болду, эгерде президентке кандайдыр бир зыян келип кала турган болсо эл аралык деңгээлде Кыргызстандын аброюна шек келет деп бүт дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрү бизге кайрылуу менен келишти. Ошолордун бардыгы кайрылып атса, Кыргызстандагы азыркы бийлик аларды четке какканга туура эмес болуп калмак.

Анткени анда Кыргызстан ал уюмдардан кол үзүп, жанагы мамлекеттер менен болгон карым-катнаштарына абдан чоң зыян келип калмак. Ошондуктан биз элибиздин мамлекетибиздин кызыкчылыгын өйдө коюп, Бакиев чыгаруу жөнүндө саясий чечимди кабыл алдык. Ал жалгыз гана Роза Исаковна Отунбаеванын чечими болгон жок, убактылуу өкмөттүн биргелешкен чечими.

“Азаттык”: Апрель окуяларында окко учкан балдардын жакындары Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында утур-утур пикетке чыгып атышат. Эгер Бакиевди алып келүү ишке ашпай калса, нааразылык күчөп жайылып кетиши мүмкүн да?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Кайгыга чөмүлүп турган адам эмоциялык жактан курч сөздөрдү айтат. Эми ошол эле мезгилде, албетте, жанагындай жол тосуп, элчиликтин астына барып ызы-чуу салган, бир жагынан эл аралык келишимдерге туура келбейт. Анткени, ошол эле элчиликтин кызматкерлеринин күнөөсү жок Бакиев жанакындай чыккынчылык жасап ок атканында. Булардын президенти Бакиевди кабыл алып, жанагыдай кадамдарга түрткүлөп атканында элчиликтин кызматкерлеринин күнөөсү жок.

Мен бир гана нерсеге терең ишенем, элге кыянат кылган бир дагы кылмышкер жоопкерчиликтен кутулбайт. Биз, албетте, андай создурбай жоопко тартып тергөөнү тезирээк бүтүргөнгө аракет кылып атабыз. Мына камалып аткан адамдарыбыз бар. Бакиевди тегеректеп жүргөн чоң кызматта тургандар, элди жанагындай кыянаттыка, кыйынчылыкка дуушар кылгандардын арасында камалып, жоопко тартылып аткандары бар.

Бүгүнкү күндө кыянаттык кылган адамдардын тизмеси бар, алардын бардыгынын артында чоң финансылык материалдык ресурстар бар. Чет мамлекеттерде аларды колдогон адамдар, күчтөр бар деп айтсак жаңылбайм. Алар бул жакка курал болобу, финансылык каражаттар болобу, жиберип элди бүлүндүрүп, мамлекеттин таш талканын чыгаргандан дагы кайра тартпастай болуп атышат.

Бирок мен терең ишенем, абалды стабилдештирип, мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, туура жолго түшөбүз.

“Азаттык”: Мурдагы ички иштер министри М. Конгантиев Москвага дарыланууга барган жеринен кармалып келгени чынбы?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Тергөө органдары тараптан ал кишиге суроо көп деп айтсам болот эле. Албетте, 2005-жылы март окуяларынын учурунда Жалал-Абаддагы тонолгон банк боюнча суроолор бар. Андан кийин маркум Медет Садыркулов менен байланышкан кулак-манжалар боюнча бир топ суроолор бар. Андан тышкары журналисттердин канчасы сабалып, канчалары чет өлкөлөргө качып кетти, бейөкмөт уюмдардан канчасы камалып, эки кишинин башы кошулса милиция кызматкерлери тарабынан күчтөлүп камалгандар боюнча бир топ суроолор бар. Бир эле эпизодду карап эле тыянак чыгарбай, ошонун бардыгын бир карашыбыз керек. Ошондуктан бардыгы боюнча бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп атат.

Ал эми 6-апрелде Таласта болгон иш боюнча. Ал жерде ошол күчтөрдү башкарып барып, эл менен кагылыш болуп кетпедиби. Ошол жерден эл жаалданып, ага бир топ запкы көргөздү, ошол боюнча дагы тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Запкы жегенден кийин ИИМдин госпиталына жатып дарыланып атканда ошол жерден кандайдыр бир себептер менен (бүгүнкү күндө текшерилип жатат), кетип, үйүндө дарыланып аткан. Убактылуу ички иштер министринин милдетин аткарып аткан Б.ерниязовдун сөзү боюнча ал үйүндө дарыланып, керек болгон учурда тергөөгө келип турам деп сөзүн берген. Анан эч унчукпастан туруп эле жашыруун түрдө Орусияга учуп кетип, Москвадан биздин атайын кызматтар тарабынан биргелешкен операциянын негизинде кармалып кайра мамлекетке алынып келинди. Эгерде ал дарыланууга бараткан болсо коркпой үркпөй келип тергөөчүгө айтып, сурагын берип туруп, тергөөнүн уруксааты менен кетип калса ага эч кандай тоскоолдук болбой жакшынакай дарыланып келет эле. Эмне үчүн унчукпай жашыруун кетип калды күмөн туудурат. Мен ачык айтышым керек оперативдүү маалыматтар боюнча ал Орусияга дарыланганы барбай эле, Москва аркылуу башка мамлекетке учуп кетмек. Ошондуктан биз анын баарын териштирип жатабыз, анын тарапкерлерине мен айтар элем, бүгүнкү күндө ызы-чуу кылбай, мыйзамды бузбай Генералдык прокуратурага мүмкүнчүлүк берип, бардык жагын териштирип туруп, ошонун жыйынтыгынын негизинде сөз кылсак.

“Азаттык”: Ушул тапта Бакиевдин тарапкерлери Ошто кандайдыр бир баракчаларды таркатып, түштүк демократиялык Кыргызстанды түзөбүз же болбосо түштүктү бөлөбүз дегендей аракет кылып жатышат деген маалымат айтылууда. Сизде кандай маалыматтар бар?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Маалыматтар бар. Кечээ эле жасалып аткан жери жок, аны бир топ убакыттан бери жасап атышат. Бөтөнчө 6-7-апрелдеги окуялардан кийин. Ошону жанталашып ишке ашырганга Бакиев биринчи кезекте анын бир туугандары, эң жакын үзөңгүлөштөрү аракет кылып атат. Алар өзүлөрүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгын амбициясын кыргыз мамлекетинин кыргыз элинин келечегинен кызыкчылыгынан өйдө коюп атат. Алар кыргыз ыйык туткан мамлекетти, элди, Ата-Журтту тепсеп атышат. Бирок ушул болгон окуялар көргөздү, бизде элде бөлүнүп-жарылуу деген жок, мамлекет талкаланып сынып калат дегени жок.

Бир эле мисал айтайын, өткөндө Курманбек Бакиев жашынып жатканда түштүктү бөлүп кетем, керек болсо элди канга бөлөйм деп Жалал-Абадка митинг уюштуруп, андан кийинки күнү Ошко барбадыбы. Жалал-Абаддагы митингде дагы элдин басымдуу көпчүлүгү буга каршы болду. Ал эми Ошотон болсо таш бараңга алып, Бакиевди кубалап чыгышпадыбы. Ошол жерде түшүнүктүү болду биздин эле, мамлекет эч качан бөлүнбөйт, түндүк-түштүк деген бөлүнүү жок. Бул саясатчылардын атайын жасаган иши, ошондуктан мен алардын жасап аткан кыймыл-аракеттеринен чочулабайм да коркпойм.

Бакиевге окшогон чыккынчылар биздин тарыхта көп чыккан, бирок ошолордун барын кыргыз эли өзүнүн салабаттуулугу, кең пейилдиги, эң негизгиси ынтымагы, биримдиги менен жеңип келген. Ошондуктан мен ойлойм, кыргыз элинин келечеги абдан ишенимдүү.

“Азаттык”: Бакиевге эл аралык уюмдардын, коңшу олкөлөрдүн президенттердин арачы түшкөнү анын жоопкерчиликтен кутулуп кетишине алып келбейби деген чочулоолор болуп жатат?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Мен ойлойм баягы күнкү Минскидеги Бакиев эки жолку чыгып сүйлөп бүткүл дүйнөнү иренжитип, ал үчүн жакшы сөз айткан мамлекет жетекчилерин абдан ыңгайсыз абалга калтырып койду. Ошондон кийин мен ойлойм, Бакиев жөнүндө адамдар эмес жаныбарлар дагы жакшы белги бербей калды болуш керек.

Өзү айткандай, өзүнүн акыбалын абдан оорлоштуруп койду. Мага журналисттер суроо берген эле, берген арыздарын кандай баалайсыз дешип. Мен угуп туруп айттым эле, ал киши терең медициналык- психиатриялык экспертизадан өтүп туруп анан кийин сүйлөсө болмок экен деп. Эл атасы болгон адам эч качан мындай сөздөрдү сүйлөбөйт.

Өзүнүн жеке керт башын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын өйдө койгон адам кантип мамлекет башчысы болуп жүрдү экен деп көп мамлекеттердин жарандары бизге суроо берип таң калып атышат. Ошондуктан бул жерде деле көп комментарийдин кереги жок болсо керек.

“Азаттык”: Сизди экс-президент А. Акаевдин жакын кишиси катары карап, сындап жаткандар болууда. Аларга кандай жооп айтасыз?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Эми мындай да. Акаевдин адамы, Бакиевдин адамы деп мына көп жерден биз көп нерсени уттурабыз. Акаевдинби же Бакиевдин адамы боломбу, мен үчүн биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы эң ыйык жана кол тийгис. Ушул принцип менен жашап келгем, жашай берем.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG