Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Ошто 8 айда 21 эне төрөттөн ажал тапты


Энелер өлүмүн азайтуу боюнча республикалык штабдын Оштогу жыйынында төрөттөн каза тапкандардын маселеси талкууланды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов энелердин өлүмү жагынан Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн, ошондой эле Борбор Азия республикаларынын арасында биринчи орунга чыккандыгын, жыл башынан бери төрөттөн элүү сегиз аял көз жумгандыгын кабатырлануу менен жарыя кылды. Айрыкча Ош облусундагы жана шаарындагы кырдаал опурталдуу экендигин белгиледи:

- Акыркы сегиз айдын ичинде Ош облусунда жана шаарында кош бойлуу энелердин өлүмүнүн саны кыйла көбөйдү. Облуста – 17, ал эми шаарда – 4, жалпысынан 21 аял төрөттөн кайтыш болду.

Министрдин орун басары Касымбек Мамбетовдун ырасташынча, аягы өлүм менен бүткөн окуяларда медициналык кызматкерлердин айыбы өтө чоң. Ошентсе да, жыйырма бир учурдун бешөө республикалык штабдын көчмө жыйынында айрыкча талкууланды. Анткени беш аял тең кан көп кетип каза тапкан.

Ал эми атайын түзүлгөн комиссиянын маалыматына караганда, көз жумгандардын 72 пайыздан ашыгы мурдатан сарык, кургак учук, аккан сыяктуу жугуштуу илдеттерге чалдыккандыгы аныкталды. Калганы, жогоруда айтылгандай, кансырап жатып жарык дүйнө менен коштошкон.

- Жанагындай кесип операция кылуу үчүн аймактардагы бардык ооруканаларда жана лабораторияларда жетиштүү шарттар жаратылган, - деп кабарлады профессор Макенжан Мүсүралиев. - Кошумча эч кандай дарынын кереги жок. Анткени, ал дарылар жатын кайра жыйрылганда муздатып, пластмасса аркылуу организмге тарайт. Анан төрөгөнгө дейре шокко түшүп, мунун айынан аялзаты инсультка кабылып өлөт. Себеби кан тамырлар ошого даяр болуп калат. Ошондуктан кан көп кетирбей туруп операция кылып, кыйла өмүрдү сактап калышса болмок.

Профессор Макенжан Мүсүралиев канткен күндө да жогорудагы маркумдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгондугун, бирок мында ак халатчандар көңүлкоштук кылгандыгын жашырган жок.

Мындай пикирди төрөттөн көз жумгандардын тууган-уруктары да какшап келатышат. Мисалы, Кара-Суу районунун тургуну Роза Акаева бойкат кезинде ооруканда жатып үзүлгөн. Кайын атасы Абдалим Баймуратовдун баамында, дарыгерлер жакшылап карабагандыктан, келини төшөктөн турбай калган.

- Медсестралар капельница сайып, албай кетип калышыптыр. Баягы дарысы түгөнгөн маалда аба кирип, келиним ошондон өлдү дешти, - деп Абдалим Баймуратов тызылдады.

Кепке кошулган Айниса апа да жаш келинин алыскы Ноокаттан атайы Ош облустук төрөт үйүнө алып келип жаткырган. Ал шаарда медициналык кызматкерлер жакшы көз салат деп үмүттөнгөн экен, учурда убайым тартып турган чагы.

- Канетсе да, шаарда жайланышкан, жеңил төрөтөт дешкени натуура экен, - деп безилдеди ноокаттык Айниса. – Босогону аттаганда эле ак халатчандар акча сурашты. Жүз, эки жүз, үч жүз сом буларга кеп эмес турбайбы. Күндө акча берсең жакшылап карагыдай, болбосо, кыйналгыдайсың.

Анткени менен Ош облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси, медицина тармагы боюнча аймактык координатор Валентина Акимова аталган окуяларда дагыгерлердин күнөөсү он пайыз гана экендигин белгилеп, элдин социалдык абалы жана бойкат кыз-келиндердин убагында дарыгерлерге кайрылып, каттоого турбагандыгы буга себеп болуп жаткандыгын маалымдады.

- Бул аялдардын көпчүлүгү гөр тирликтин айынан Орусияда жана Казакстанда оор жумуштарда иштеген. Бойкат кезинде айылдарына кайтып, бирок учетко турушкан эмес. Ушундан улам дарыгерлердин көңүл сыртында калып, өлүмгө дуушар болушту, - деген Валентина Акимова ошондой эле кадрлардын тартыштыгы да кендирди кесип жаткандыгын кошумчалады.

Соңку сааттарда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, республикалык штабдын чечимине ылайык энелердин кейиштүү өлүмүнө жол койгон Кара-Кулжа, Өзгөн райондук жана балдардын каза табуусу көбөйгөн Араван райондук ооруканаларынын баш дарыгерлери кызматынан четтетилди.

Ага улай тармактагы көзөмөлдү бошоңдотуп жибергендиги үчүн Ош облустук жана шаардык медицина боюнча координаторлорго сөгүш жарыяланды. Мындан тышкары кара-кулжалык жаш келинге өз убагында медициналык жардам көрсөтпөгөн дарыгерлердин иши прокуратурага жөнөтүлдү.
XS
SM
MD
LG