Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:24

Петровка сотунда жалган көрсөтмө берүү күч алдыбы?


Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев сотко бара жатат
Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев сотко бара жатат

Петровка сотунда милиция кызматкери Мирлан Назаров мурунку көрсөтмөсүнөн баш тартып, Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловду апрель айындагы тополоңго тиешеси бар деп сүйлөдү.

Коомдук жактоочу Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” маек берип жатып, “Петровка айыл өкмөт башчысы Бакыт Исаков жана аймактык милиция кызматкери Мирлан Назаров мурдагы көрсөтмөлөрүнө карама- каршы жоопторду беришти. Ал эми сот жүрүп жаткан имараттын алдында УККнын райондук бөлүмүнүн башчысы ар бир күбөнү өзүнүн авто унаасынан кабыл алып жатканы бийлик өкүлдөрүнүн ачыктан- ачык кысым көрсөтүүсүнөн кабар берет”, -деди.

Бирок Петровка айыл өкмөт башчысы Бакыт Исаков: "Кысым болуп жатат деген коомдук жактоочулар менен адвокаттардын пикири туура эмес",- деген оюн "Азаттыкка" айтты.

Буга чейин туура эмес берилген көрсөтмөлөр маалында сот залындагылар «жалганчы», «чыккынчы» деп кыйкырганга чейин барышса, бүгүн айыпталуучулар өздөрү күбөөлөргө бир нече суроо берип, сот залында ызы- чуу жаралды. Ошол себептүү судья Феликс Марлес айыпталуучулар Эркин Бөлөкбаев менен Сапар Аргынбаевди сот залынан чыгаруу чечимин кабыл алып, коомдук жактоочулар дагы залдан чыгып кетишти.

Соңку кездер адвокаттар, коомдук жактоочулар жана айыпталуучулар өздөрү тарабынан айтылып жаткан нааразылыктардан улам, соттун судьясына дагы бир бир жолу ишеним көрсөтпөө аракети болушу мүмкүнбү деген суроо бердик. Бирок жети айдан бери камакта жаткан «Болуш» бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаев, «сотторду алмаштыруунун зарылчылы жок. Себеби алар бийликтин гана буйругун аткарып, келиндей алардын алдына жүгүнүп турушат»,- деген пикирин билдирди.

9- ноябрда Бишкек шаарында мына ушул Петровка сотуна байланыштуу нааразылык акциясы өтөт. Анын уюштуруучусу Өндүрүш Токтоназаровдун билдиргенине караганда, соттук териштирүүнүн акыйкатсыз болушу т.а. жергиликтүү саясатчыларга чейин жасалып аткан кысым элдин нааразылыгын жаратып жатат. Сот болсо 10- ноябрда Петровка айылында улантылат.

XS
SM
MD
LG