Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:25

Мигранттар салган акча азайды


«Азаттыктын» таңкы мегинде Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясынан депутат Бүмайрам Мамасеитова чет жакта жүргөн эмгек мигранттарынын башындагы кыйынчылыктар жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- ЕККУнун маалыматына караганда, Орусиядагы Кыргызстандын эмгек мигранттарынын өз өлкөсүнө которгон акча каражаттарынын өлчөмү азайганы айтылууда. Ушул маселе боюнча маалыматыңыз болсо угармандарга чоо жайын түшүндүрө кетсеңиз?

- ЕККУ таркаткан маалымат боюнча конференция болгон да, ошол конференцияда ушундай маалыматтар болду. Аны миграция министринин орун басары өзүнүн сөзүндө айткан. Кескин түрдө эмес, бирок былтыркы жылдын сегиз айын алганда, быйылкы жылдын сегиз айын салыштырганда 22-25 пайызга азайды.

- Эмгек мигранттарынын акча каражаттарынын которуусунун азайыш себептерин да сураштырдыныздарбы?

- Азайганынын себеби, жумушсуздук ал жакта деле болуп атпайбы. Ошондуктан биринчиден, жумуштан кеткенден, экинчиден, кризиске байланыштуу толук бир жерде иштебей, бир ай бир жерде, экинчи ай башка жерде иштегендер бар да. Ошондой жумуштары болбой калгандар абдан көп.

Ммен өзүм деле Москвага барып келдим, кыргыз жарандарынын көпчүлүгү убактылуу жумуштарда иштейт экен. Ошондойлор, албетте, иш болбогондуктан айлык-маяна дагы жок болгондуктан азайды да. Экинчиден, дайыма иштеген ишканалар деле бүгүнкү күнү Орусияда кескин түрдө жумушсуздук өстү.

Үчүнчүдөн, былтыркы жылга караганда быйыл кризис учурунда кандай болсок дагы өз өлкөбүзгө барып, ошол жерде эптеп кыймылдайлы дегендер да бар. Ушундай себептерден кыскарды го.

- Орусиядагы кыргыз мигранттарынын өз өлкөсүнө акча каражаттарын которуусунун кыскаруусу канчалык деңгээлде өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет?

- Эмгек мигранттар салган акча каражаттардын негизинде бул жактагы айрыкча айыл жергесинде турган үй-бүлөлөрдүн кирешелери көтөрүлүп, бизде өтө жакыр деп коебуз го, жакыр, орто жакырлардын кирешеси көтөрүлгөн да салыштырмалуу мурунку жылдарга караганда акыркы жылдары. Эми мен ойлойм, ушул кирешелер азайгандыктан сөзсүз эле кыйынчылыктар болот.

-Сиз катышкан конференцияда Орусиядагы эмгек мигранттарынын маселелери, кризистен чыгуунун жолдору талкууландыбы?

- Талкуланды. Ал жерде биздин эмгек мигранттарга шарт түзүп берүү, коргоо сыяктуу маселелерди, биздин Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамдар менен бүгүнкү күнү Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды да анализ жасап чыгышыптыр. Ушул боюнча отчет беришти. Анализге караганда, биздин Кыргызстандын мыйзамдары Орусиянын мыйзамдарына караганда деңгээли бийигирээк экен мигранттарга түзүлгөн шарттар боюнча.

Бирок бүгүнкү күнү Россия Федерациясында эмгек мигранттарга өздөрү өлкөсүнүн ичинде бюрократикалык тоскоолдуктар көбүрөк болуп калды. Эми аларды деле түшүнсө болот. Себеби алар өздөрүнүн кызыкчылыгын коргойт биринчи кезекте.

Ошондуктан бүгүнкү күнү алар көп миграциялык учет, миграциялык карточка, андан сырткары келишим түзүш керек, азыр эми ага кошумча медсправканы да кошуп коюшту.

Дагы бир нерсени айтып коюш керек, жумуш берип аткандарга көзөмөлдү көбөйттү булар. Мурун мисалы биздин Кыргызстандан барган жарандарды эмгек мигранттары жолдо, белде кетип аткан жерде эле токтотуп кыйнап атпады беле. Азыр ошолор токтоду дагы, булар жумуш берип аткан ишкана мекемелерди көбүрөк көзөмөл кылып, текшере башташты.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG