Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Кырман толчу кызыл дан санаасы


Кыргызстанда эгин чаап-жыйноо аяктоо алдында

Кыргызстанда эгин чаап-жыйноо аяктоо алдында

Кыргызстанда дан эгиндерин чаап-жыйноо соңуна чыгайын деп калды. Адистердин ырасташынча, быйыл 800 миң тоннанын тегерегинде кызыл дан алынышы мүмкүн.

Анткен менен өлкө 400 миңге жакын тонна буудайды сырттан сатып алышка мажбур. Азырынча Кыргызстан буудай менен өзүн-өзү толук камсыз кылууга жетише элек.

Дан болсо нан болот

Саратан жайдан бери эле Бишкектин ун базарларындагы кымбаттыкка алармандар көнүп деле калышкандай болду окшойт.

Өкмөттүн монополияны чектөө комитетине тапшырып, ундун баасын төмөндөтүү аракетинен майнап чыккан жок. Ушу тапта ошол эле өкмөт чечими менен унду микроэлементтер менен байытуу аракети жүрүүдө.

Айыл чарба адиси Жигитаалы Жумалиевдин маалымдашынча, быйыл буудай менен арпанын түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу 4 центнерге төмөн болууда.

- Бүгүнкү күндө 880 миң тоннадан ашуун буудай жыйналып алынды. Бул жерде биз бункерден түшкөндү эсептегенде дагы бир 10 – 15 миң тонна Нарын, Ысык-Көл облустарынан күтүлүп жатат. Эми жалпы эсептегенде 800 миң тоннанын тегерегинде буудай болот. Бул 800 миң тоннанын ичинен үрөнгө 110 миң тонна, 60 миң тонна малга жем катары кетет.


Ж.Жумалиев кыргыз дыйкандары ушу тапта иштетилип жаткан 400 миң гектир айдоо аянтына агротехникалык эреже-талаптарды так сактап, жергиликтүү илимпоздор тарабынан сыноодон өткөн “Касиет”, “Даңк”, “Аракет”, орусиялык “Краснодар” сындуу үрөндөрдү сепсе түшүмдүүлүк азыркыдан кыйла жогору болорун айтат.

- Жакшы технологияны колдонсо 70 – 80 центнерден түшүм алууга мүмкүнчүлүгү болот. Мына ушундай жакшы сортторду сунуштап, агортехниканы колдонуп өз убагында күздүктү сепсек, жаздыкка караганда 30% көбүрөөк түшүм берет.

Орусиядан үрөн, калгандарынан акча

Кыргызстандын Айыл чарба министри Мамашарип Турдукулов ушу тапта күзгү айдап-себүү иштери жүрүп жатканын маалымдап, Орусиядан 1,5 миң тонна үрөн келе баштаганын ырастады.

- Бул жогорку сапаттагы үрөн. Келечекте бизге сапаттуу буудай өстүрүүгө шарт түзүп берет. Быйыл 255 миң гектир жерге күздүк айдайбыз деген облустук акимчиликтер менен бирдикте сунуш болгон. Азыркы күнгө 35 миң гектары себилди.

Анткен менен азырынча кыргыз дыйкандары жерди которуштуруп айдоо, агротехникалык эреже-талаптарды сактап, мыкты делген үрөндөрдү себүү мүмкүнчүлүгүнө жетише элек. Адистердин айтуусунда, айрымдар колго тийген үрөндөрдү күздүк-жазгы деп ажыратпай эле сээп коюшкан учурлары көп кезигет.

- Биздин климаттык шартка гана ылайык сорттогу эгинди себиш керек. Шектүү сортторду өтө көп алып келип коюп жатат. Алар эч кандай сыноодон өткөн эмес. Тажрыйба станцияларында текшерүүдөн өткөн эмес. Ошондуктан биз билип-билбей эле ар кандай нерселерди эгип алып жатабыз,- дейт айыл чарба адиси Эркин Абдыразаков.

Ушундай эле пикирин академик Жамин Акималиев да ортого салган. Анын ырасташынча, Кыргызстанды дан менен толук камсыз кылууга өлкөнүн чама-чаркы жетиштүү.

- Совет доорунда биз 2 миллион тоннага чейин өндүргөнбүз. Атүгүл А.Акаевдин учурунда 2001-жылы биз 1 миллион өндүрүп туруп нан боюнча өзүбүздү өзүбүз камсыз кылдык деп көз карандылыгыбызды жарыялаган болчубуз.

Өткөн жылы Кыргызстан айыл чарбасынын өнүгүшү 2% көтөрүлүп, быйыл болсо ал 3,4% төмөн көрсөткүчкө түшүүдө. Эмдиги жыл түшүмүнө кам көрүүгө орусиялык 20 миң тонна күйүүчү майы кыйла огожо болду. Ага кошумча эларалык уюмдардын гуманитардык жардамынын эсебинен июндагы апааттан жабыркагандарга жардам көрсөтүлүп, азык-түлүк коопсуздугу бул ирет сырттан келчү көмөктүн эсебинен жабылууда.
XS
SM
MD
LG