Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Чек аранын чечилбеген түмөн түйшүгү


Кыргызстан менен Өзбекстандын, Тажикстандын ортосундагы чек араны аныктоо жумуштары узакка созулчу түмөн түйшүккө айланганы турат. Ага анклавдар маселеси да кошулууда.

Чек араны тактоодо чечилбей жаткан кыйынчылыктар тууралуу чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Саламат Аламанов маалымат берди.

- Алгач чек ара, анклав маселелерине токтоло кетсеңиз.

- Мынабу Чек жөнүндө айтсак. Биздин аймакка кирип келгенин айтышты. Биз чек араны тактоо боюнча жолукканда эми алар «эмне чек араны билбейт белеңиз?» деп менден сурашы мүмкүн. Жергиликтүү эл «бул жер, тигил жер биздики», деп талаша беришет.

Туура. Биз дагы алар дагы бир пикирге келе албай көп талашкандын айынан чек арабыздын такталышы узакка созулуп баратат. Алар да өз позициясын беришпейт.

Ал эми анклавдардын өз тарыхы бар. Шаймерденде өзбек селсоветтер уюшулуп жатканда А.Орозбеков М.Калининге кат жазган экен. «Ушул жерде мыйзамсыз иштер болуп жатат, жойгула», деп. «Кыргызстандын өзүнүн селсоветтерин уюштурабыз», деп. Бирок Москвадан жооп келген эмес экен. Жооп келбеген соң эмне болору белгилүү го. Ал жерде негизинен өзбектер жашайт. Сох менен Ворухта тажиктер жашайт.

Советтер жаңыдан түзүлүп келатканда Тажикстан Өзбекстандын автоном облусу болгон. Сох кийин Тажикстан өзүнчө бөлүнгөндө Өзбекстанда калып калды. Анан а кезде анклав деген болгон эмес. Ал жер бөрү тил болуп кирип турган. Булардын төмөн жагында Зарташ, Өтүкчү, Чоңкара деген кыргыз айылдары болгон. Колхоздор түзүлө баштаганда аркы өйүзү Баткен районуна, берки өйүзү Фрунзе районуна кирген. Ошентип чарбалык чек ара бөлүшүүдө жогор жагы бөлүнүп калган. Союз учурунда буга маани берилбей, анклав пайда болуп калган.

- Жакында эле Тажикстандан ижарага алган жерге токтоло кетсеңиз. Жергиликтүү элдин айтымында ал кыргыздарга тиешелүү жер болгон экен. Лейлек менен Баткен экөөнүн катнаш жолунда кичине жер. Ошону тактай кетсеңиз.

- 1924-жылкы карталар боюнча Ворух да анклав эмес болчу. Тетигиндей кирип кеткен. Анан ортодогу кыргыз айылдар, Капчыгай жана башкалар колхоздоштурулганда төмөн жактагы тажиктер менен жогор жактагы тажиктер бөлүнүп калган. Жерди биздин эл алып калган. Ал эми жанагы конкреттүү 275 метр жер узун уч болуп ийилип кирип кетип жатпайбы. Ал тигилердин эле жери болгон. Жанагы карталар, документтер боюнча. Укуктук маселелер ал жер боюнча аныкталган.

- Бирок айрым жергиликтүү элдин өкүлдөрү мурунку колхоз картасы боюнча Кыргызстандыкы болчу деп айтышууда.

- Жок-жок. Биз колхоздордун чарбалык картасына чейин көтөрүп жатабыз. Эгер андай болсо алдына жайып коет элек да. Антип айткандар көп. Бирок көбү жөн эле сөз. Эгер колунда картасы, документи болсо бизге бербейби. Өкмөт аны акчага сатып деле алат эле. Анан аны апыртып айтып коет экен.

- 2002-жылы Өзбекстан Сохтон бир тилке сурады эле. Ошол маселе кандай болуп жатат?

- Ал ошол бойдон өлгөн. Эгер бир келишимге келсек эчак бүтөт эле. Документти окусаңар 2002-жылы деле ал маселе чечилген эмес болчу. Анын 7 пунктунун ичинен 1-пунктту эле алып алышып кеп кылып жатышат. Ошол пунктта деле эгерде тигил тарап аянты жана сапаты боюнча ошого татыктуу жер берсе, деп жазылып турат. Ал эми дүйнө жүзүндө жер сапатын аныкташ чоң проблема. Анан анын жанындагы газ сактоочу жайлар жана башка маселелер да чечилген жок. Токтолгон. Ал өзү чечилбеген маселе.

- Чек араны жатка деле билип калдыңыз окшойт. Түшүңүзгө деле кирет болуш керек.

- Туура. Ийрилген жыландай болуп түшүмө деле кирет.

- Бул иш канча жылга созулат болуш керек, деп болжолдойсуз? Эң татаалы эле Өзбекстан, Тажикстан менен чекара болот окшойт?

- Эгер мамлекеттерде саясий туруктуулук болсо, муну чечүүгө болот. Себеби дүйнөдө чечип эле жатышпайбы. Ошондой шартты күтүш керек. Ан үчүн мамлекеттер бай болушу керек. Мамлекеттер байыганда элдин чек ара менен иши болбой калат. Мынабу Европадагыдай. Мүмкүн ошондо чечилет болуш керек. Баары байып, байманасы ташыса чекара жөн эле бир шарттуу сызыкка айланып калат.

- Саламат мырза, кийинки кездери курчуп бараткан суу маселеси чек аранын такталышына таасирин тийгизеби?

- Тийгизип аткандай сезилет. Анан сүйлөшүүлөрдүн эрежеси бар. Чарбалык, саясий башка маселелерди чек ара сүйлөшүүлөрүнө аралаштырбайбыз, деген маселе бар. Анан чек аранын чечилбегендеги эки мамлекеттин ортосундагы башка маселелерге таасирин тийгизбесин, деген да эреже бар. Биз деле ошентип чек ара чечилип бүткөнчө ага бөлөк мамилелерди аралаштырбайлы деп сүйлөшкөнбүз. Бул эреже катары, анын аткарылыш-аткарылбашы – бөлөк маселе.

- Мынабу Ворух, Сох, Чорку анклавдарында калктын саны көп. Кыргызстандын чек арага жакын кыштактарынан эл кетип атат. Чекаранын такталбашы тынч келип басып алууну күчөтпөйбү?

- Мен өзүм чек арага калктын аздыгы же көптүгү таасирин тийгизбеши керек деп эсептейм. Бизде жергиликтүү бийлик бар. Ошолор өзүнүн сызыгын кармап туруш керек. Айылдарда тигиге сатып ийди дешет. Кимдин уруксаты же кимдин унчукпаган мамилеси менен сатылып кетип жатат? Алар кимдер экени белгилүү. Ошолор өз кызматын так аткарышы керек. Аларга ошол айылдын жери, чек арасы берилген.

Сызыктарын дагы билет. Биздин райондогу жерге жайгаштыруу кызматынын өкүлдөрү аларга карталарын көрсөтүп окутат. Ошону сакташ керек. Жерди айылдан сакташ керек. Айыл билет. Кимдин кимге сатканын айылдыктар билишет. Анан биздин менталитетпи, сырттан туруп айтканды жакшы көрүшөт.

Өзү барып ачык айтканды эрен көрөт. Мен бир нерсеге таң калам. Эмне үчүн 20 үй сатылып кеткенин Бишкекке, түз эле президентке жазат. Барып документтерин текшерсең баары жайында тургандай. Анан «ай эмне үчүн тажикке сатты,- дейсиң, -кыргызга эле сатыптыр го» десең, «ал жасалма документ» дейт. «Анда эмне үчүн буга чейин унчукпай жүргөнсүң? Жаман көрүп калгандан кийин эле сага бирди көрсөтөм деп ушуну жасадыңбы, деп ойлойсуң. Буга чейин унчукпай жүрүшүңдө бир нерсе бар».

- Саламат мырза, маегиңизге ырахмат! Ишиңизге – ийгилик!

XS
SM
MD
LG