Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Бул аптада Бишкекте ат оюндарына ыр, күү чыгарган өнөрпоздор чакан концерт беришти. Иш-чаранын демилгечиси болгон “Кыргыз аты” мекемесинин жетекчиси Жаклин Рипардын айтымында, алар төрт жылдан бери ат оюндарына арналган ыр-күүлөрдү чогултуу менен алек.

Тажикстандын Мургап районунан акын Мамасалы Сатаров жана баткендик чоорчу Ырыспай Закиров карыя “Азаттыкка” келип, өнөрлөрүн көрсөтүп, маек курушту.

“Азаттык”: Мамасалы мырза, ат оюндарын ырдын коштоосунда көрүү өзгөчө таасир калтырса керек?

Мамасалы Сатаров: Албетте. Мен бир-эки сап айтып кетейин.

Ат адамдын канаты,
Атың жок болсо жөөсүң.
Аш-тойдо кыргыз боло албай,
Арманда сыздап күйөсүң.
Ак боз аттын жалында,
Бабабыз Манас ойногон.
Беттешкен жоосун бертинтип,
Оо, Бээжинге барып тойлогон.

“Азаттык”: Кыргыздын жакшы салты болгон бул өнөр унутулуп баратат. Сиздердин Мургапта бул салт жакшы сакталганбы?

Мамасалы Сатаров: Жок. Мургапта деле унутулуп бара жаткан. Анан мына Жаклин Рипардын демилгеси менен Мургапта ат оюндары боюнча фестивалдар өткөрүлүп, ат чабыш, көк бөрү дегендей оюндар өткөрүлдү. Муну менен унутулуп бара жаткан салтты эске салды. Өзгөчө акындарга, комузчуларга, жаштарга өзгөчө таасир калтырды.

Эмесе тулпарларды таптайлы,
Жоготпо кыргыз салтыңды деп,
Жаклин айым айтып жатпайбы.

“Азаттык”: Кыргыз аттары Мургапта көп деп калышат. Накта кыргыз аты кандай болот?

Мамасалы Сатаров
Мамасалы Сатаров: Ооба, сакталган. Башка жакта, Тажикстандын жеринде жашасак да бизде өзүбүздүн кыргыздын салттары, өзгөчө ат оюндары сакталып калган. Ал эми кыргыз аттары өтө чоң эмес, көкүрөгү кең, бою пасыраак болот. Бизде ошондой аттар бар.

“Азаттык”: Кайсы ат оюндары сиздерде кеңири жайылган?

Мамасалы Сатаров: Көк бөрү, кыз куумай, пайга. Пайга бул ат чабыш да. Бизде ошентип аталат.

“Азаттык”: Рыспай мырза сиз мына ат оюндарына күү чыгарат экенсиз. Күү менен алчактаган аргымактардын элесин берүү өтө таасирдүү болсо керек?

Ырыспай Закиров: Ооба, бизде палвандар өткөн. Атам Закирбек палван деген болгон. Тагам Амирбек палван деген болгон. Алар ушинтип ат оюндарына күү ойноп, элге таанылган кишилер. Биз болсо алардын жолун жолдоп келе жатабыз.



“Азаттык”: Кээ бир аттар бийлегенди да билет. Сиздин аргымагыңыздын да ушундай өнөрү барбы?

Ырыспай Закиров: Жок, бийлебейт. Мен жем берген учурда күү чертип берем. Ошол күүнү жакшы тааныйт.

“Азаттык”: Мамасалы мырза, мына ушул өнөрдү унуткарбай кантип сактап калуу керек?

Мамасалы Сатаров: Сөзсүз сактап калыш керек. Биз фестивалдарга барганда башка акын, чоорчулардын черткен күүлөрүн чогултуп, дисктерге жаздырып алып, айылдагы балдарга коюп берип жүрдүк. Менин балам музыкалык мектепте комузда окуйт. Бир жылда эле “Боз жорго” деген дастанды толук ырдап калды. Ошентип ырларды бир чогултуп, жыйнак кылам деген үмүт бар.

“Азаттык”: Рыспай мырза, Баткенде ушул сиздей өнөрдү алып жүргөн жаштар барбы?

Ырыспай Закиров
Ырыспай Закиров:
Буга кызыккандар көп. Мына мектептерге барып, балдарга чоорду үйрөтөм. Бул чоор муңдуу, күүлүү. Талаага чыксаң эрмек. Кой кайтарып чыкканда сырдаш болот өзүңө. Мен үйрөткөн балдар көп.

“Азаттык”: Кыргыздын мыкты аспаптары бар. Сиз алардын ичинен эмне үчүн чоорду тандап алдыңыз?

Ырыспай Закиров: Ата-бабадан уламыш келе жатат. Бул жаратылышта бардык жандыктын пири болот экен. Төөнүн пири Ойсул ата, жылкыныкы Камбар ата, баданын пири Заңги баба делет экен. Кой эчкинин пири Чолпон ата. Ошол бир кездерде кой эчки ааламда жалгыз экен. Ошондо Чолпон атага бирөө чоорду "тарткын" деп берген экен. Ал ойноп киргенде аркасынан кой, эчки чууруп чыккан экен. Ошондон чоордун автору Чолпон ата болуп калган экен.

“Азаттык”: Мамасалы мырза, сиз Кыргызстанга келип, ат оюндарын көрүп жүрөсүз. Бир айырмачылыктар бар бекен?

Мамасалы Сатаров: Бирдей эле. Бирок бул жакта куш салмай, тайган салыш дегендер бар экен. Бизде андайлар жок.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG