Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Сиз, шайлоо укугуңузду билесизби?


Президенттик шайлоодо жарандардын добуш берүү укуктары тууралуу суроолорго БШКнын маалыматтык камсыздоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Самат Бөрүбаев жооп берди.

-Мен аты-жөнүмдү атоодон чочулап турам. “Кыргыз телеком” тармагында иштейм. Бизди мөөнөтүнөн мурда добуш бердиришти. Ал түгүл кимге добуш берүүбүз керектигин дагы айтып турушту. “Кимге добуш бергениңерди текшеребиз, конверттерди ачабыз” дешип коркутушту. Ушул туурабы?

- Кыргызстандын Шайлоо Кодексине ылайык? эгерде аскер кызматчылары менен тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана өлкөдөн башка жакка чыгып бараткан жарандар чет өлкөгө кирүүгө алган визасы менен билетин көрсөтүп туруп, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Ал эми мамлекеттик ишканаларда иштеген кызматкерлерди мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө катышкан учурда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протокол толтуруп, шайлоого катышкандарды каттаган журналга жазып, анан бюллетенди берип, бирок кимге добуш бергени жашыруун сыр катары сакталуусу зарыл. Аны эч кимдин ачыкка чыгарып, конвертти ачууга акысы да жок.

- Мен, Гүлнара учурда паспортумду жоготуп алып, кайра жаңы паспорт ала элекмин. Мен шайлоого кайсы документ менен катышып, добуш бере алам?

-Бул тууралуу мыйзамда так жазылган. Эгерде негизги тизмеде турса, паспорту жок болсо аны алмаштыруучу документтер кайсылар болоору так жазылып коюлган. Анда айди-картасы, айдоочулук күбөлүгү, пенсия алуучунун күбөлүгү, аскер кызматкеринин күбөлүгү же болбосо жоокерлердин күбөлүгү менен негизги тизмеде турса гана шайлоо бюллетинин алса болот. Ал эми аялдар үчүн мындай жагдайларда башка документ каралган эмес.

Ошондой болсо да шайлоо участогунда беш жүздөн ашпаган шайлоочулар гана катталып, бири-бирин тааныса жана шайлоо участогунда иштегендер да ал шайлоочунун жакшы тааныган болсо, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кепилдиги менен шайлоого катышып, добуш бере алат.

-Менин иним учурда дагы шайлоо убагында Чолпон-Ата шаарында эс алууда жүрөт. Эгреде ал ишеним кат жазып берсе, аны негизги тизмеден чыгарып, тизмеден чыгуу күбөлүгүн алып берсек болобу? Же шайлоо убагында иним Чолпон-Атадагы эс алуу жайында кошумча тизмеге жазылуу менен добуш берсе болобу? Ал үчүн кимдерге, кайда кайрылса туура болот? Бактыбек Имаров, Бишкек.

- Иниңиздин учурда Ысык-Көлдө эс алып жаткан болсо, буга чейин арыз жазып, негизги тизмеден чыгып, тизмеден чыгуу күбөлүгүн ала кетсе болмок. Эми деле кеч эмес. Ошондуктан эми өзү эс алып жаткан пансионатка жакын жерде жайгашкан шайлоо участогуна барып, тизмеден чыгуу күбөлүгүн алууга үлгүрбөй калганын, кайсыл аймактагы шайлоо участогунда негизги тизмеде турганы көрсөтүп, арыз жазып, кошумча тизмеге кирүү менен добуш бере алат. Ал үчүн негизги документ катары катталган жери көрсөтүлгөн паспортун көрсөтүүсү зарыл.

“Аалам” гезитинин баяндамачысы Жолдошбек Зарлыкбековдун суроосу:

-Эгерде шайлоонун жүрүшү учурунда тартип коргоочулар өз укуктарынан ашкере пайдаланып, шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жаткан учурумда үн жазуучу аппаратымды алып алышса, кимге кайрылам, эмне кылуум керек?

- Шайлоо учурунда ал жердеги шайлоо участогунун иш-аракеттерине тоскоол болбошу керек. Ошол шайлоо участогунун жетекчиси менен алдын ала макулдашып алган жерде гана шайлоочулар менен жолугушуп, маалымат чогултууга болот. Шайлоочуларды тосуп алып, кимге добуш бердиңиз деп, шайлоо участогундагы ишке жолтоо болбошу керек. Эгерде үн жазгычтарын мыйзамсыз алып коюшса, анда укук коргоо органдарына жана сотко кайрылсаңыз болот. “Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө” мыйзамдын 4,5, 8, 9- жана 13-беренелеринде алардын укуктарын коргоо тууралуу кеңири айтылган.

P.S. “Азаттык” үналгысынын угармандары, өзүнүздөрдүн укугуңуздарды билүүдө кыйынчылыктар жаралып, суроолор болсо, 31-61-63 телефонуна чалыңыздар. Суроолоруңузду жазып алып, адистерден жооп алып, аны “Азаттыктан” уктуруп, интернет сайтка жарыялап турабыз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG