Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

Жарык аймак боюнча өчүрүлө баштады


15-ноябрдан тарта Бишкекте жана башка райондордо электр жарыгы түн ичинде кайра өчүрүлө баштады. Буга электр энергиясын жагуу боюнча райондорго берилген чектен ашыкча пайдалануу башкы себеп.

Кыргызстандын түндүгүнө электр жарыгын бөлүштүрүүчү “Түндүк электро” компаниясынын билдирүүсү боюнча ноябрь айынын ичинде Бишкекте коюлган чектен ашык 8 миллион киловатт саат электр кубаты пайдаланылган. Райондор ичинен белгиленген чектен 25 пайыздан ашык электр кубатын короткон Октябрь району алдыга чыккан. Мына ошондуктан, чектен ашкан райондордо жарыкты түнкү саат 12ден таңкы алтыга чейин өчүрүүгө мажбур болуп жатабыз дейт аталган компаниянын басма сөз катчысы Гуля Мураталиева:

Бишкек шаарында мурдатан эскертилгендигине карабастан чектен ашык пайдалануулар көп болууда. Ошон үчүн түн ичинде өчүрүүгө мажбур болуп жатабыз. Албетте, стратегиялык жактан маанилүү ишканалар менен ооруканалар өчүрүлбөйт.

Гуля Мураталиеванын билдирүүсү боюнча, электр кубатына чек өткөн жылдын ушул маалына негизделип коюлган. Маселен, өткөн жылы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча суткасына 15 миллион киловатт саат электр кубаты сарпталса быйыл күнүнө 11 миллион киловатт саатты гана жагууга уруксаат берилет.

Кыргызстандын нефтитрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Базарбай Мамбетовдун баамында, электр кубатын үнөмдөө боюнча ушул жол пайдалуу жана өкмөт муну мурдатан эле колдонсо суу сактагычтагы суунун көлөмү көтөрүлмөк:

Бул абдан оптималдуу чек. Ушул тартипти колдонсок бизге электр энергиясы толук жетет. Үнөмдөөнүн ушундай тартибин мурда эле киргизүү керек болчу.

Анткен менен укук коргоочулар электр энергиясын товар деп тааныган мыйзам кабыл алынгандан кийин өлкө калкына электр энергиясын товар катары сатып жаткан өкмөт өз милдетин так аткарышы керек болчу, демек муну менен керектөөчүлөрдүн укугу бузулуп жатат деп тынчсызданышууда. Алардын бири, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулова мындай дейт:

1-ноябрга чейинки өчүрүүлөр адам укугуна кандайдыр бир деңгээлде каршы келген убакта да ал өкмөттүн чечиминин негизинде болуп жаткан. Ал эми 1-ноябрдан тарта маал-маалы менен өчүрүү токтотулган. Мындан кийинки өчүрүүлөр өкмөттүн чечиминин негизинде мыйзам чегинде болгон жери жок. Демек, керектөөчүлөрдүн укугу толук бузулуп жатат. Андан тышкары электр энергиясы товар катары сатылсын деп мыйзамдаштырылгандан кийин товарды сатып алган керектөөчүлөрдүн укугу да сакталышы керек. Азыр же сапат жок, же тандоо жок же баасы жакшы эмес. Ошондуктан керектөөчүлөрдүн укуктары бузулуп жатат.

“Түндүк электро” ишканасынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиева укук коргоочунун мындай пикирине макул эмес. Ал өкмөт белгиленген чектен ашкан райондордо электр жарыгын түн ичинде өчүрүү тууралуу атайын токтомун чыгарган жана “Түндүк электро” энергияны тараткан ишкана катары ошол токтомун гана аткарып жатат дейт:

Биз өкмөттүн өчүрүү тууралуу токтомунун негизинде иштеп жатабыз.Андан тышкары Өнөр жай, энергетика министрлигинин жөнгө салуучу жоболорунун негизинде иш алып барабыз.

Өкмөт Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмүн көбөйтүү максаты менен ушундай кадамдарга барып жаткан менен президент менен өкмөт башчынын 1-ноябрдан тарта жарык өчүрүлбөйт деген билдирүүлөрүнө ишенген карапайым элдин чыдамын жарыктын кайрадан өчүрүлүшү кетирип, бийликке карата нааразылыгын күчөтүүдө дейт “Эл аралык толеранттуулук” корунун Таластагы өкүлү Бакбосун Жолдошбеков:

Отун ала албай калган жакыр адамдарга абдан оор болуп жатат. Анткени, жарык Таласта күндүзгү саат 10дон экиге чейин, түнкүсүн саат 12ден таңкы алтыга өчүрүлүп жатат. Андан тышкары өндүрүшү бар адамдарга абдан терс таасир берип жатат. Азыр көмүрдүн бир тоннасынын баасы 4 миң сомдон ашып кетти. Бул элге абдан оор.

XS
SM
MD
LG