Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Парламенттин билим, маданият, маалымат саясаты боюнча комитетинин демилгеси менен кечээ «Теле көрсөтүү жана радио уктуруулар жөнүндө» мыйзамы боюнча коомдук угуу болуп өттү. Мыйзам өткөн жылдын 24-апрелинде кабыл алынган.

Телерадио тууралуу өткөн жылкы мыйзамдын 8-беренесиндеги обого чыкчу материалдардын тең жарымы мамлекеттик тилде, көрсөтүлчү, уктурулчу продукциянын 60% жакынын компания өзү жасап чыгыш зарылдыгын ырастаган талаптары чоң талаштарды жаратып, иштегенине бир жыл тололек мыйзамга кайрадан өзгөртүүлөр киргизилгени турат.

Мыйзам парламенттен кабыл алынгандан кийин Европа биримдиги, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү, биртоп медиа жамаат биригип, жаңы мыйзам талабын ушу тапта иштеп жаткан жыйырманын тегерегиндеги электрондук маалымдоо каражаттары аткара алышпастыгын, алардын дээрлик 90% жабылууга дуушар болорун айтып чыгышкан.

14-апрелдеги коомдук угууда айрым парламент мүчөлөрү кыргыз тилиндеги берүүлөр өлчөмү мыйзам иштей баштаган кезде 20% кем болбошун белгилеп, жыл сайын ал 10% көбөйүп, үч жылдан соң 50% чыгышы туура болорун эп көрүшүүдө. Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү демилгечилеринин бири тележурналист Александр Кулинскийдин ырасташынча, көрсөтүү, уктуруулардын кыргызча жүргүзүлүшүн аз-аздан көбөйтүү демилгеси көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоо таап кетиши деле кыйын.

- Мен билбейм, жагдай азыр татаал болуп турат. Окуялар кандай өзгөрүлүп кетерин айтыш кыйын. Себеп дегенде, мунун артынан аркыл суроолор чыгып кетиши мүмкүн.

Телерадио жөнүндөгү мыйзам 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин арбын козголо баштаган коомдук телекөрсөтүү идеясына кайчы келерин Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү белгилеген. Мыйзам тартибине ылайык Улуттук телерадиокорпорация жетекчисин президент өз жарлыгы менен бекитип, анын Байкоочулар кеңешине мүчөлөрдү деле мамлекет башчысы парламентке өзү сунуштайт. Жаңыдан киргизилчү өзгөрүүлөргө бул маселе кошулган жок.

Президенттик катчылыктын эксперти Илим Карыпбековдун айтуусунда, “Телекөрсөтүү, радиоуктуруулар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилчү өзгөрүүлөрдүн кабыл алынышы-алынбашы парламент мүчөлөрүнүн эркиндеги иш.

- Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда ошол 50% - 60% дегендерди дароо киргизбестен, аз-аздап киргизүү, мыйзам кабыл алынгандан кийин 20% баштап, ар жыл сайын 10% киргизүү сунушталып жатат. Мисалга айтсак, бул мыйзам күчүнө кирсе телерадиокомпаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттары 20% баштап, жыл өткөн сайын 10% кошулуп, 3 жылдан кийин 50% болот. Эгер компаниянын продукциясын 100% десек, анын 50% кыргызча, өздүк продукциясы болушу керек.

И.Карыпбеков мыйзамда жыштыктарды бөлүштүрүү жөрөлгөсү ачык, атаандаштык негизде жүргүзүлөрү белгиленгенин кошумчалады. Ал эми мыйзам демилгечилеринин бири парламент депутаты, “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Ибрагим Жунусов улуттук тилдеги берүүлөр өлчөмүн антип 20% түшүрүү туура эмес, деген пикирде.

-50% кем... Мен бир нерсени айтайын, мен улутчул эмесмин, бирок улуттук патриотмун. Ошондуктан Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз болуп туруп, кыргыз тилинде 20% болсун деп суранганыбыз – бул уят. Орусча айтканда, “позор нации”. Мен ошентип эле айттым. Биз 50% кем эмес, дегенди киргизишибиз керек.

И.Жунусовдун маалымдашынча, мыйзам долбоору фракцияларда талкууланат, “Акжол” фракциясындагы депутаттардын биртобу анын пикирин колдошот.

Өткөн жылы телерадио жөнүндөгү мыйзам кабыл алынгандан кийин Кыргызстандагы азыноолок телерадиокомпаниялардын көбү иштей албай каларын айтып, биртоп бейөкмөт уюмдар, медиаөкүлчүлүк бийлик жетекчилерине кайрылышкан. Алардын айтуусунда, телерадиокомапниялардын өздөрү даярдаган эфир материалдары берүүлөрдүн теңин түзүшү, ошончолук эле өлчөмдө берүүлөр кыргыз тилинде жаңырышы, анан да жалпы берүүлөрдүн 60% улуттук аудиовизуалдык продукт болушун камсыз кылуу оголе оор жумуш.
XS
SM
MD
LG