Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Бул аптада коалиция түзмөкчү болгондордун бири Парижге, экинчиси Москвага, дагы бирөөлөрү Казакстан, Украинага барышканы айтылды. Социал-демократтар азырынча коалиция түзүүгө жетише элек.

Коалиция түзүү маселесинде айрым жылыштар байкалганы менен сүйлөшүүлөр дале оор жүрүүдө. Социал-демократтар партиясынын маалымат катчысы Фарид Ниязовдун айтымында, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен КСДП лидери Алмазбек Атамбаев коалиция куруу тууралуу сүйлөшүп, көп маселелерде бир пикирге келишти.

Ушундай эле сүйлөшүү А.Атамбаев менен “Республиканын” жетекчиси Өмүрбек Бабановдун ортосунда өттү. Бул эки партия мурда эле коалиция түзүүдө тилектеш экенин билдиришип, үчүнчү партияны аныктоо маселеси калган болчу. Эң биринчи кезекте “Ата Мекен” ошол үчүнчү партия болууга мүмкүнчүлүгү көп экени айтылып, тышкы саясатта көз караштарды тактоо сыяктуу маселелер калганы маалымдалган.

КСДПнын маалымат кызматы билдиргендей, эми коалиция боюнча сүйлөшүүлөр кийинки жумада улантылып, “Ата-Журт”, “Ар-Намыс” партиялары менен да сүйлөшүүлөр болорун ырасташты.

Тышкы саясат демекчи, коалиция түзүү милдети жүктөлгөн КСДП жетекчиси Алмазбек Атамбаев шайлоого чейин маалымат жыйында отуруп өзүн орусиячыл саясатчы атаган. Шайлоо алдында Москвага барып Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен жолугуп кайткан. Шайлоодон кийин да беш пайыздык чектен өткөн партиялардын ичинен “Ата Мекенден” башкасы дароо Москвага жөнөп берип, коомчулукта катуу сынга кабылышкан. Бул аптада да коалиция түзүү милдети тапшырылган КСДП лидери А.Атамбаев Москвага барып кеп-кеңеш сурап келгени тууралуу маалыматтар тарап кетти. Аталган партиянын маалымат катчысы Фарид Ниязов болсо мындай кабарды укпаганын айтып, бул маалыматты же тастыктабай, же төгүндөбөй атат.

“Республика” партиясынын жетекчиси Ө.Бабанов да шайлоо алдында Москвага барып, Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин менен жолугуп кайткан. Дал ушул “Республика” партиясын Марс Сариев сыяктуу айрым саясий серепчилер “Ар-Намыс” сыяктуу эле Кремлге көбүрөөк көз каранды, ал эми КСДП менен “Ата-Журтту” азыраак көз каранды партия катары сыпаттап жүрүшөт. Ал эми өлкөгө парламенттик башкарууну алып келүү идеясынын башкы мотору болгон “Ата Мекен” партиясы Москванын каарына калып, Кремлдин идеологиялык-пропагандалык машинасынын ур-токмогуна кабылды.

Айтмакчы, “Батышчыл” деген атка конуп калган “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги чынында Москвага караганда Европага, АКШга көбүрөөк катташат. Бул аптада да “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги Парижге барып, өзү мүчө болгон Социалисттик интернационал кеңешинин жыйынына катышып кайтышты.

Социал-демократтар коалиция түзө алабы?


Социал-демократтар баш мыйзам боюнча 15 жумушчу күндүн ичинде коалиция түзүүгө жетишүүсү керек. Эгер булар коалиция түзө албай калса, президент Роза Отунбаеванын чечими боюнча кийинки кезек “Ата Мекен” партиясына өтөт. Бирок Социал-демократтар түзө албаган коалицияны Орусиянын көрсөтмөлөрүнө баш ийгиси келбеген “Ата Мекен” фракциясы түзүшү абдан эле оор. Кокус “Ата Мекен” да коалиция түзө албай койсо, анда шайлоодо жеңишке жеткен партиялар өз алдынча коалиция түзүүгө аракет кылып көрүшөт. Эгерде ал аракет да майнапсыз аяктаса президент жаңы парламенттик шайлоо белгилеши керек.

Ошентсе да талдоочу Нурдин Дүйшөнбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, биринчи жолкусунда эле Социал-демократтар коалиция түзөт деген ишенимде экенин билдирди. Анын айтымында, КСДП, “Республика” жана “Ата Мекен” партияларынын позициялары жалпы жонунан окшош. КСДП менен “Республика” партиялары “Ар-Намыс” менен “Ата-Журт” партияларынан айырмаланып парламенттик системага каршы эмес. Парламентке келген партиялардын ичинен акыркы экөө гана күчтүү президенттик башкаруу болушу керектигин айтып келишет.

А.Атамбаев менен Ө.Бабанов буга чейин эле биригүү ниетин жарыялашкан. “Ата Мекен” партиясы болсо коалицияга кирүүдө өзүнүн шарттарын коюуда. Буга чейин Ө.Текебаев “Азаттыкка” жооп берип, “Ата Мекен” партиясы өлкөдөгү реформаларды жүргүзүүдө чечүүчү күчкө ээ болмоюн коалицияга макулдук бербей турганын айткан. Ал эми аталган партиядан шайланган депутат, парламент төрагасынын милетин аткаруучу Ташполот Балтабаев болсо Жогорку Кеңештин төрагалыгына Ө.Текебаев келиши керек деген шарт коюлуп атканын ырастады:

- “Ата Мекен” партиясы ушул парламенттик башкаруу системасынын башатында турган саясий күч катары, демилгечиси катары бир эле маселе коюп атабыз коалиция түзүүгө келгенде. Биздин партия лидери төрагалык орунду ээлеп, мындан ары реформанын жүргүзүлүшүнө жооп бериши керек деген логикалуу маселени коюп атабыз. Калган бийлик бутактарын, креслолорду бөлүштүрүүдө биздин эч кандай ашыкча деле табалыбыз жок. Башкаруунун камчысы деле бизге керек эмес. Биз бар болгону башталган реформаны аягына чыгаруу үчүн биздин мүмкүнчүлүгүбүз болушу керек деген гана маселе коюп атабыз.

Белгилүү саясатчы Эсенгул Өмүралиевдин ырасташынча, коалиция түзүүдө негизги талаш кызматтарды бөлүштүрүүдө эмес, өлкөнүн башкаруу системасынын келечегинде жатат. Парламентке келген партиялар арасында бирөөлөрү “парламенттик башкарууну ушуну менен токтотуп, күчтүү президенттик бийликти алып келебиз” дешсе, башкалары парламенттик башкаруу системасын бекемдегилери келет. Негизги тиреш ушул жерде жатканын айткан Э.Өмүралиев, парламентке келген партия лидерлери жеке амбицияларын таштай туруп, оор шартта турган өлкөнү кыйнай бербей тезирээк коалиция түзүүлөрү керектигин билдирди:

- Коалиция түзүп, ишти башташ керек. Себеби алдыда кыш турат. Экономикада, бюджетте абал абдан оор. Эгер ушул маселелерди азыр турукташтырып, тез арада бир багытка коюп алып кийинки жылга кирбесек, анда эмки жылы да кыйын болуп калат элге. Ошондуктан менин оюмча булар өздөрүн саясий элитабыз дешсе, анда жакын арада булар өз амбицияларын тыйышы керек. Себеби бир дагы партия 10 пайыздан ашык добуш алган жок. Андай болгондон кийин эч бир партиянын мындай бир өзүнүн кескин шарттарын койгонго акысы жок.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, Социал-демократтар, андан кийинки кезекте турган “Ата Мекен” партиялары да коалиция түзө албай калчудай. Бирок бийликтен четтеп калуу коркунучу үчүнчү жолку аракетте коалиция түзүлүшүнө себепчи болот:

- Биринчи, экинчи раундда оңою менен булар тил табыша алышпайт. Анткени мен айтып коёюн, ушу беш партиянын башында өздөрүнүн жеке амбициясы күчтүү адамдар турат жалаң. Ал эми үчүнчү раундга келгенде булар каалайбы, каалабайбы тил табышат. Анткени орустар айтып коюшат, “инстинкт самосохранения” деп. Бизче, кыргызча ачык айтканда өздөрүнүн бийлигин сактап калыш үчүн кандай болсо дагы сүйлөшүүлөргө барышат, кандай нерсе болсо да өз ара макул болушат. Мына ошол кезде өздөрү айтып аткандай кеңири коалиция дегенди түзүп кетүүлөрү толук мүмкүн.

Коалиция оюндары кандай бүтөт?

“Ата Мекен” партиясы өзү алып келген парламенттик башкарууну бузууга жол бербесин айтып, коалиция түзүүдө спикерлик баштаган орундарды сурап, өкмөттө сөзү өтүмдүү, таасирлүү күч болуп калуу аракетинде. “Республика” партиясы болсо узакка созулган соодалашуулардан кийин башкача оюн баштап, партия лидери “премьер-министрлик, спикерлик деле бизге зарыл жок, биз менен коалиция түзгүсү келгендер ал кызматтарды ала беришсин” дегендей айтып чыкты. Бирок бул партиянын талабы боюнча биригүүгө макул болгон башка партиялар “Республиканын” тышкы саясаты, экономикалык жана социалдык программалары менен макул болушу керек. 19-ноябрда фракция жыйынында Ө.Бабанов ушундай билдирүү жасап, келаткан жумада бардык беш партиянын жетекчилерин чогултууну пландап атканын, амбицияларды четке таштап ишке киришүүнү сунуштарын айтты.

Бирок Ө.Бабановдун бул сунушу оңойлук менен өтө койчулардан эмес. Анткени анын тышкы саясат боюнча көз карашына жок эле дегенде “Ата Мекен” партиясы макул болбойт. Андыктан Орусияга ыктаган саясат жүргүзөрүн жашырбаган Ө.Бабановдун мындай кадамын оюн, авантюра катары баалагандар да бар. Экономист Талант Кемеловдун айтымында, Ө.Бабановдун экономикалык саясатына деле башка партиялар макул боло коюшу кыйын. Анткени ал эптеп эле парламентке келиштин амалын кылып, шайлоо алдында азыркы шартта аткарылгыс убудаларды берип салгандай.

“Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” партиялары болсо берки үч партия сүйлөшүп аткан чакта оппозиция болууга деле даяр болуп калганын айтышкан. Ошентсе да “Ар-Намыс” партиясы кеңири коалиция түзүү сунушун көтөрүп, парламентке келген беш партиядан тышкары беш пайыздык чекке жетпей калган “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар” жана “Замандаш” партияларын да коалицияга кошууга чакырууда. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, коалиция ашып кетсе үч партиядан түзүлчүдөй. Мурдагыдай эле биринчи кезекте бул КСДП, “Республика” жана “Ата Мекен” партияларынан турган коалиция мүмкүнчүлүгү. Ал эми кеңири коалиция айла кеткенде гана түзүлүшү ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG