Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Талоончулук иши: кармаш кызыды


Бакиевдердин өрттөлүп, таланып-тонолгон бир үйү. Бишкек, 8-апрель, 2010.
Бакиевдердин өрттөлүп, таланып-тонолгон бир үйү. Бишкек, 8-апрель, 2010.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 4 депутатынын кол тийбестигин алуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылып, сунушту 2010-жылдын 7-апрелдеги талап-тоноочулук менен негиздеди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди жалаа жаап атат деп, ал үчүн жоопко тартыларын эскертти.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев 2010-жылдагы Апрел ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулуктун жаңы жагдайлары боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 5 айдан ашык убакытка созулган тергөөнүн жүрүшүндө парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновдун талап-тоноочулукка катышы бар экени аныкталды:

- Бул депутаттардын талап-тоноочулукка тиешеси бар экени далилденди. Муну буга байланыштуу учурда түрмөдө отурган 4-5 адам тастыктады. Андан башка 6 адамга кошумча кылмыш иш козгоп, сотко жөнөттүк. Муну менен катар жаңы күбөлөрү чыгып, алар “бул адамдар бар болчу” деп көрсөтүп жатат. Бир катар далил буюмдар алынды, граната, мылтыктар алынды. Мунун баары депутаттардын бул ишке катышын далилдеди.

Рысалиев ошондой эле аталган депутаттар суракка келбей, тергөө иштерине тоскоол кылгандыктан Башкы прокуратурага кайрылып, бул төрт эл өкүлүнөн депутаттык кол тийбестикти алып салууну өтүнгөнүн билдирди:

- Биздин бүгүнкү тергөөнүн негизинде Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновдун кол тийбестигин алып бергиле деп Башкы прокуратурага кайрылуу жолдодук. Эми бул өтүнүчтү Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке жолдоп, алар кол тийбестикти ала турган болсо тергөө иштери уланып, жоопкерчиликке тартылат.

Зарылбек Рысалиев бул ишти аягына чыгарып, айыптуу делген депутаттарды жоопко тартууну убада кылууда. Анткен менен аты аталган депутаттар Рысалиевдин билдирүүсүн эч кандай далилсиз каралоо катары баалашууда.

Фракциянын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Рысалиев талап-тоноочулук боюнча иште "Ата Мекендин" депутаттарынын катышын далилдей албай, жоопкерчиликтен кутулуу үчүн акыркы аракетин ишке ашырууда:

- Зарылбектин айткандарынын баары жалган. Ал агонияга түшүп, жан далбастап жатат. Айла-амалы түгөнгөндө жалган айтып чыккан бет тырмаарлыгы катары мүнөздөйм. Эртең эле Рысалиевдин жалганы чыгып, ал сот алдында жооп берет. Ал кызматтан гана кетпестен, сот алдында жооп берет деп “Ата Мекендин” атынан убада берем.

Текебаев ошондой эле Рысалиевдин суракка келген жок деген дооматын жокко чыгарып, тергөө менен тыкыс байланышта болгонун билдирүүдө.

"Белги берилген"

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, депутаттын кайсы бир кылмышы аныкталса, Башкы прокуратура андан кол тийбестикти алууга макулдук сурап, Жогорку Кеңешке кайрыла алат.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Санжар Абжалиевдин айтымында, бүгүн түштөн кийин эки гана депутаттан кол тийбестикти ажыратуу боюнча кайрылуу түштү:

- Бүгүн Жаза аткаруу кызматынын төрагасынан депутаттар Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновдун үстүнөн мурда кыскартылган кылмыш иш боюнча токтомду бузуп берүүнү өтүнгөн кат түштү. Катка ылайык, аталган депутаттардын кол тийбестигин алуу өтүнүчү да келтирилген экен. Учурда Башкы прокуратуранын кылмыш-процессуалдык жана оперативдүү иштерди көзөмөлдөө башкармалыгы бул катты карап жатат.

Бакиевдин Тейиттеги үйү
Бакиевдин Тейиттеги үйү
Ал ортодо айрым талдоочулар Рысалиевдин “Ата Мекендин” лидери баш болгон депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу демилгеси менен чыгышын учурдагы саясий кармаштын кызышы менен байланыштырууда. Талдоочу Эмил Жураев бул ишти тергөө ашкере саясатташып кеткенин айтат:

- Эгерде Рысалиев чындыгында эле мындай кайрылуу менен чыкса, анда ага аткаруу бийлиги тарабынан жол ачык деген белги берилиши мүмкүн. Себеби акыркы учурда Текебаев менен президенттин мамилеси солгундай түштү. Парламенттик шайлоо жакындап калды. Бирок ошентсе да “Ата Мекендин” депутаттарынын күнөөсүн далилдөө кыйынга турат.

Былтыр август айында Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Абдулла Юсупов аттуу жаран апрел окуялары учурунда талап-тоноочулукка “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөлөрүнүн катышы бар деп айыптап чыккан. Мындан соң Башкы прокуратура 4 берененин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал иш беш ай тергелгенден кийин токтоп калган.

Быйыл май айында Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин президентке кайрылуусунан соң иш кайрадан жанданган болчу. Бул ишти иликтөө Жаза аткаруу кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана коопсуздук комитетинин кызматкерлеринен турган тергөө тобуна тапшырылган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG