Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

К. Тезекбаев: Жер басып алуунун артында тургандар иликтенүүдө


Кушбак Тезекбаев, Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары.
Кушбак Тезекбаев, Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары.

Оштогу жер басып алуу аракеттерин токтотуу чаралары тууралуу облус губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев кеп салды.

- Кушбак мырза, 7-ноябрь күнү айрым адамдар тарабынан басылып алынган жер Кара-Суу районуна карайбы же Ош шаарынабы?

- Ал жерлер Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрүнө карайт.

- Бул айылда кайсы улуттун өкүлдөрү көбүрөөк жашайт?

- Ошол Ишкеван айылы жайгашкан Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жашаган элдин 60 пайызы өзбек улутундагылар. Аларга үлүшкө берилген жер Ош шаарынын карамагында эмес, Кара-Суу районуна карайт. Кадимки айдоо аянттары.

- Демек, ал жерди Ош шаарына чукул болгону үчүн “шаарга жакын, кирип-чыгуу оңой” деген максатта турак-жай тургузуу үчүн басып алып жатышабы?

- Бул жерде чындыгында Ош шаарынын Батыш кичирайонуна өткөн борбордук канализация бар, иче турган суусу жакшы. Ал жер турак-жай курууга ыңгайлашкан жер болгону менен, 1996-жылы дыйкандарга үлүш жер катары берилип, бекитилип калган экен. Биз ал жерлерди шаардын карамагына өткөрүп берүү боюнча бир нече жолу Ош шаарынын жетекчилери менен карап чыкканбыз. Бирок ал жерди шаарга берүү үчүн үлүш жер ээлеринин макулдугу керек, аларга башка жактан ошондой эле үлүш жер бөлүнүп берилүүсү зарыл, мындан тышкары өкмөттүн атайын токтому керек. Айтып кетүүчү нерсе – ошол эле Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн Сүрөө-Таш деген жерден шаарга 20 гектар жер турак-жай куруу үчүн бөлүнүп берилген. Бирок ал жакка суу маселеси, жол маселеси алысыраак деп эч ким барбай жатат. Эгер үй курам деген адамдар болсо, ошол 20 гектар жер турат.

-Кечээ жер басып алгандарга кечке жуук келип кошулган “Ош шейиттери” кыймылынын мүчөлөрү өкмөт тарабынан эч кандай жардам болгон жок, ошондуктан, буга барып жатабыз деп айтышты. Июнь окуясында курман болгон, дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө, жакындарына кандай жардамдар берилди, берилип атат?

- “Ош шейиттеринин” маселесин биздин губернатор Сооронбай Жээнбеков өзү көзөмөлдөп, ар кандай муктаждыктарын камсыздап жатабыз. Гуманитардык жардам болобу, акчалай болобу, келген жардамдарды берип, кол үзө элекпиз. Алардын айткандарын толугу менен аткарып келатабыз. “Ош шейиттери” кыймылынын мүчөлөрү ал жерде кечээ түштөн кийин пайда болду. Мен айтып койоюн, ушул тапта июнь окуясында жакындарын жоготкон үй-бүлөлөр кудайдан тынчтык тилеп, жакшылык сурап, тынч эле отурушат, ал жерде алардын атын жамынган адамдар жүрүшөт. Мына ошол Ош окуяларында шейит кеткендерди бетине жамынып алып, мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткан адамдар бар.

- Кечээ басылып алынган айдоо аянттарында али жыйнала элек пахта, жүгөрү, сабиз бар деп айтып атышат. Облустук бийлик дыйкандардын түшүм жыйноосу үзгүлтүккө учурабасы үчүн кандай чара көрүп жатасыздар?

- Биз ошол жерде тартип коргоочулар, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын, бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен чогуу барып, туруп жатабыз. Ал жерде коопсуздукту камсыздоо максатында гана эмес, дыйкандар жай саратан кыйналып эккен, өстүргөн эгиндеринин түшүмдөрүн жыйнап алуусуна облустук администрация көзөмөл кылып, мыйзамдуулукту элден талап кылып жатабыз.

- Бул иштин артында кимдер турушу мүмкүн?

-Эмне себептен ушундай окуя чыгып кетти, мунун артында ким турат? Муну укук коргоо органдары иштеп, аныктап жатышат. Бир эле күндө мынчалык адамды алып чыгып, мобилизация кылуу оңой эмес. Мындан да чоң саясий иш-чараларда көп киши чогултуу мүмкүн болбойт, күч, каражат, транспорт сарптаган күндө да. Биздин да күч органдары, айрыкча коопсуздук кызматы ошол Ишкеван айылына ушунча көп киши чогулуп, миңдеген адамдар барганга чейин бизге бир да билдирүү жасаган эмес.

- Кушбак мырза, рахмат маегиңизге.

- Сиздерге да элден кабар алып, чындыкты айтып жатканыңыздар үчүн ыраазыбыз!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG