Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

Кыргызстанда пасха майрамы кандай өттү?


Пасха дасторкону.
Пасха дасторкону.

2009-жылдын 12-апрель күнү Кыргызстанда дагы бир катар христиан дин агымдары пасха майрамын белгилешти.

Биз оболу пасха майрамын кандай белгилегендигин машаякчы
(евангелист) Кайырбек Маныбаевден сурадык:

- Бизде, машаякчыларда майрамдык чогулуш болду. Бири-бирибизди куттуктадык “Ыйса тирилди, чынында тирилди!” деп. Кайра тирилүү кандай сонун – эми экинчи өлбөйсүң деген үмүт да! Ар бир жыйын өзүнчө. “Ыйсанын чиркөөсү” деген жыйын бар го, ошолор кечке майрамдашат. Биз, машаякчылар менен протестанттар үйдө деле шаан-шөкөт жасабайбыз.

Кайырбек Маныбаев 12-апрелде өткөн пасха майрамынын өзгөчөлүктөрүнө да токтолду. Анын айтымында, пасханын түпкү мааниси – куткарылуу майрамы. Муса пайгамбардын убагында Мисирде чыккан бул майрам. Батыш 12-апрелде белгилеп келет.

Орус православдары ушул эле пасханы 19-апрелге коюшкан. Анткени, Ыйсанын туулган күнүн эки башка күндө белгилегендей, пасханы да эки башка календарь боюнча майрамдашат. Орус православдары жумуртка боёшот пасха күнү, ачыткыга көптүрүлүп жасалган нан бышырышат. Машаякчыларда, протестанттарда андай нерселер жок.

Католик дининдегилер кандай майрамдашарын маектешибиз билбейт экен. Алар менен аралашып көрбөптүр. Кыргызстандагы католиктер боюнча Дин штери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев кеп кылды:

- Бүгүн Кыргызстандагы католиктерде да пасха майрамы болуп жатат. Кыргызстанда алардын 4 чиркөөсү бар. Бирөө Жалал-Абатта. Үчөө Бишкекте. Жекшембилик табынууга келген 150дөй активдүү динчилери бар. Бизде так эсеби жок католиктердин. Болжол менен 500дөй адам деп жүрүшөт.

Каныбек Осмоналиев Ватикандын Кыргызстандагы жаңы элчиси Бунджия мырза менен жакында жолугушуу болгондугун да сөзгө кыстара кетти. Ал Президент Бакиевге ишеним грамотасын тапшыргандан кийин Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикте болуп кайткан. Жолугушууда католиктердин чиркөөсүн Кыргызстанда курууга ниет болуп жаткандыгын баса белгилеген.

Соңку 10 жыл ичинде Кыргызстандагы католиктердин саны кескин азайган. Ал немис улутундагылардын Германияга көчүп кетиши менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG